Жабагинин айылды сактоо аракети

Кабардин жомогу Айылда Жабаги аттуу бала болуптур. Атасы да, энеси да жок экен. Жабагинин бул айылга кайдан, кантип келип калганын жан адам билчү эмес дешет. Анын зээндүү, адептүүлүгүн баары жакшы көрүп, колунан келген жардамдарын беришчү экен. Кээси бир сындырым чүрөк[1], кээси көйнөк-көчөгүн берчү дешет. Жабаги боз улан болгон кезде, ага эчки кайтартчу болушат. Жабаги эчкилерди тоолордун чокусуна чейин жайып барчу болот, а жакасында айыл конушу экен. Бир күнү таң эрте эчкилерди жайып чыккан Жабаги тоонун кырында жарака пайда болгонун байкайт. […]

Нуриза ӨМҮРБАЕВА: Аялдамадагы кездешүү

АҢГЕМЕ Мен ал аялдамада көпкө турдум. Балким, бир саат, балким андан да узак болушу мүмкүн. Бирок эмнеге турганым эсимде жок. Автобус күтүппү? Жок. Биз жакка кетчү автобустар биринин артынан бири өтүп жатты. Бирөөсүнө да колумду көтөрүп токтотууга даабадым. Эки колумду чөнтөгүмө салып, бет алдымды тиктеп нестейген калыбымдан жазбай тура бердим. Жумуштан беш жарымда чыккан элем. Мезгил али күз болсо да, сыртта лапылдата кар жаап жаткан экен. Сүйүнүп кеттим. Капалуу чыккан жаным карды көрүп, кадимкидей сүйүндүм, кабагым жарк дей түштү. Жакын […]

Уламыш: Акылдуу бала

Бир карыя келатса козу кайтарып жүргөн кичинекей бала жолугат. — Балам, кайсы айылдансың, кимдин уулусуң, бул кимдин малы? – деп сурайт карыя. — Өзүм сырты бүтүн, ичи түтүн айылданмын, тууган энемдин өгөй баласымын, баккан малым жоонуку, — дейт бала. — Жообуңа түшүнбөдүм, уулум. Жакшылап айтчы, — дейт карыя. — Айлымдын сырты бүтүн, ичи түтүн дегеним, биздин айылдагылар сырт көзгө ынтымактуу болуп көрүнгөнү менен ич ара түтүндөй быкшып, өз ара кырды-бычак болуп жашайт. Тууган энемдин өгөй баласымын дегеним, энем мени төрөгөнү […]

Чычалаба: өлүмдүү жерде молдо семирет же аш көп жерде, каада көп

Биздин элдин менталитетин аныктаган саптарды «Манас» ж.б. эпосторубуздан арбын жолуктурабыз. «Күндүзү кымыз,түндө кыз-күжүлдөгөн эр кыргыз», «Отуз күн оюн, кырк күн тоюн берип», «калайыкты чогултуп, кан тою кылып бергенде» деген саптар сереп. Ал эми тойдун эле уул той, кыз той, келин тою, зор той, кетте той, пата той сыяктуу бир нече түрү бар. Мунун баары «Кедейдин бир тойгону орто байыганы» дегендей эле шылтоого шына таап, кара курсактын камы менен чыгарылгандыгы шек санатпайт. Арийне, элибизде «Аш көп болсо, каада көп» деп айтылат. […]

Жеке архивден: Ашыке кандай киши эле?

Залкардын 90 жылдыгына карата Агынан жарылган жан эле. Ал аксакалды ошонүчүн жакшы көрчүмүн. Гезит үчүн маек курсаң да, өзүң үчүн аркы-беркини кобурашсаң да, шар ооз эле. Насыбайын түкүргөндөй эле, болгонун болгондой айтып салчу. Насыбайдан ачуу чындыкты айтчу. Өз заманындагы эл шайырлары жөнүндө эскерип берүүсүн сурансаң, алардын кимиси жинди, кимиси куу-шумдуктуу ит экенин, а кимиси чыныгы адам сыягында жашап өткөнүн кобурап отурчу. Көпчүлүк сыяктуу эле (биз — эркектер) аялзатына келгенде напсисин тизгиндей албагандардын бири экенин да жашырчу эмес. Анысын маашырланып айтчу. […]

Батырбек САПАРКУЛОВ: Самса

АӉГЕМЕ  Кудайга шүгүр, азыр заман жакшы… Союз ыдырагандан кийин беш-алты жыл аралыгында эл тегиз жүдөй түшпөдүбү. Эл жумушсуз, дүкөндөр бош, тамак-аш тартыш, эт дегенди бир айда бир же эки жолу көргөн бүлөлөр да саналуу, а кийим кече дегенди издесеӊ да таппайсыӊ. Азырчы?.. Кудайга шугур, азыр заман жакшы… Бизде эмне көп – самса саткан самсакана көп. Түрү менен жайнайт тим эле. Оштуку, Ноокаттыкы, Лейлектики, кыргыздыкы, өзбектики, ачуу, таттуу, койдуку, уйдуку деп, дегеле санап түгөтө албайсыӊ. Биздин дос да жумуштар менен ары-бери […]