Күкүк

Ненец жомогу Жашоодо бир бечара эне болуптур. Анын кум кулак төрт баласы бар экен. Эртеден-кечке оюндан омурткалары сынганча кар менен ойногонун коюшпайт. Жашагандары алачык. Ошол алачыкка келгенде кийимдерине касабала кар жабыштырып келишкеничи. Сырттан кирген карды эне кургур тазалап, балдарынын кийимдерин кургаткан түйшүгүн тартканы канча. Кургур далай көргүлүктү көрөт. Жай келип, суудан балык кармап алган энесинин оор түйшүгүн бөлүшүүгө төрт баласынын бири да жардам кылбайт. Ошондой оор турмуш, оор түйшүктөн эне ооруп жыгылат. Алачыкта кыңкыстап жатып, балдарын чакырып жалдырайт: – Суу […]

КАРДАНО

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Итальян математиги Жероламо Кардано 1501-жылы 24-сентябрда туулган. 16 жашында Павия университетине өткөн. Абдан жакшы окуп, студент кезинде эле студенттерге лекция окуган. Университетти бүтөрү менен ага ректор болуп дайындалган. Ал орунда көпкө иштебестен провинцияга кетип, ал жерде мыкты дарыгер катары белгилүү болгон. Өтө кедейчиликте жашагандыктан ар кандай окуу китептерин, кийин трактаттарын жаза баштаган. Трактаттары абдан кызыктуу жазылгандыктан, Карданону ойчул, математик, ойлоп чыгаруучу катары баалай башташат. Ал математикага да, астрологияга да кызыккан. Астрологияга кызыгып, гороскоп түзгөндүгү үчүн түрмөгө да […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Сөз жөнүндө дастан (2-этюд)

Сөз — элдик педагогиканын феномени Элибиз сөзгө өзгөчө маани берип, ага зирек мамиле жасашкан, сөздүн маанисин, ролун көтөрүп, урпактарды элдик сөздүн күчү менен тарбиялоону көздөшкөн. Cөз элдин абийири, ар-намысы, ал тургай, өмүрү менен тең бааланган. Сөзгө жыгылып, сөзү менен көгөргөн, сөзү менен элге кошулуп, сөзү менен элден чыккан. Сөзү менен элге таанылган, эл бийлеген акимден, сөз билген чеченди бийик санашкан. Ошон үчүн элибизде, учурашкандан кийин алгачкы сөзүн: «И-и, элде эмне кеп бар? Кеп сал. Кеп сала отур, кеп ур», — […]

Алик АКИМАЛИЕВ: Кыргыз өзүн-өзү таанып, ынтымак, биримдикке келгиче далай кыйналат

ЭССЕ АЛТЫН Алтынды (байлыкты ) көргөн чакта Аялдын жүрөгү эргийт жана «аттиң, меники болсочу» деп кейийт. Ал эми сулууну (аялды) көргөн чакта Эркектин жаны эрийт жана «атаганат, жалжалым болуп калсаңчы» деп жүрөгү өйүйт. Андыктан эркек күйүп-түтөп жеткен максатка, сулуулар күлүп туруп жетет. Алтындай адам сейрек, башка элементтеги кишилерди көп эле жолуктурууга болот. АДАМ Дүйнөдө эч бир, эч кандай жаман адам жок. Анын жакшы же жаман болушу — сенин өзүңдүн жасаган мамилеңе байланыштуу. Аял чүпүрөк-чапырактын күңү, эркек кагаздын (акчанын), майдачылыктын кулу […]

Олжобай ШАКИР: Атам мени эмне үчүн урчу эле…

АҢГЕМЕ I Мектеп босогосун аттай элек кезим. Бейбаштыгымды көтөралбаган атам какыс-кукус кыла койгондо апам кургур «балаң эс тартканда өзүле токтолот» деп чырылдап жиберчү. Мен бул сөзгө чындап ишенчүмүн, атам ишенчү беле, жокпу, билбейм, бирок апамдын кебине кулак салбагансыганы менен бираз ачуусу тарап, шалдайып калчу. Атам туруп-туруп эле бир күнү мени катуу сабады. «Өпкөңдү үзөм!» деп күрс эттире урганда күпчүйүп жыгылдым. Чын эле өпкөм үзүлүп кеткендей өзөрүп куладым. «Ик-ик-ик…» деп үнүм чыкпай калды. Түпкүчтөй түйүлүп жатканымды көргөн атам: «Экинчи сени урсам, […]