Аңкоо

Монгол жомогу Качандыр бир заманда бир бурадар кудукка суу алганы барыптыр. Барганы курусун: суунун бетине чагылышкан айды көрүп, кыйкырып жибериптир: – Кудукка ай кулап калыптыр, кудая тово! Анан ал кендирдин учуна илгич байлап, айды сузуп чыкмай болот. Бирок илгичи кудуктун түбүндөгү ташка илинип калып, үзүлүп кетиптир. Аңкоо аласалып артына кулайт. Караса, ай шаңкайган көктө. – Ой шайым бекерге кеткен эмес турбайбы, ай кайра өз ордуна келип калыптыр! – деп пешенесиндеги терин артынып коёт дейт. Карашау булагы Карачай жомогу Алашаунун уулу […]

Мурза ГАПАРОВ: Нооруз – ажайып майрам

«Амал айы – шамал айы» деп коёт элибиз. Жерге амал кирген маал – жаз айы да, бүтүн жаратылыш да, адамдар да делебеси козголуп, жаңылануунун деми келет. Жерге амал кирген мезгилде шамал болуп туруп калат. Нооруз майрамы жерге амал кирген маалда келет. Европалык календарь боюнча 21-22-мартка туш болот. Негизинен 21-март, мындайча айтканда, арапа сыяктуу же европалык календардын 31-декабрындай, 22-март европалыктардын 1-январындай. Бирок биз 21-мартта майрамдап коюп атабыз. Расмий түрдө аны жаңы жыл майрамы деп эсептеп алдык. А биздин пикирибизде, 22-март жаңы […]

Текебаев – кыргыз абийиринин барометриби?

Быйылкы кыш катаал болду. Карапайым эл үчүн, албетте. Кыргызстан деген мамлекетти чейрек кылымдан бери башкарымыш болуп келаткан арам акчага туйтунган бир ууч бийлик башындагылар үчүн сыртта жадыраган жазбы, кычыраган кышпы, баары бир эмеспи. Аларың кааласа кышты жазга айлантып коёр кудурет-күчкө ээ. Буга мисал — күн сайын күргүштөп акча түшүп турчу бажы кызматында иштегендердин жаңы жыл майрамын чет мамлекетте майрамдап келгендери. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов айтып чыкты. Ага ылайык жаңы жылды утурлай 230дан ашык бажы […]

Мидин АЛЫБАЕВ: Атталбай калган ок

АҢГЕМЕ Акбермет, Акбермет болуп атанып чыккан себеби, ал күйөөсүн өтө сүйүп, сыйлап, ага чеги жок ак болгондугунан аталып чыккан экен. Акберметтин күйөөсү да «Аялдардын баары менин Акберметимдей болсо, кандай болор эле. Аны менен баш кошконума азыр 15 жылдан ашты. Бирок ал ушунча болуп менден жаңылган жок жана ал жөнүндө эч кандай ушактар да уга элекмин», – деп мактануучу экен. Эл дагы, аял-эркек дебей: «Ай, дүнүйө ай, Акберметтей аял болор бекен. Аял-эркектин ортосундагы законду бузбоо жагынан мунун алдына эч ким чыга […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Жомок

АҢГЕМЕ «Көк көйнөк кийип булактап, Көчөгө чыксам кылактап. Көчөнү кең салдырган, Ысталинге ыракмат». (Эл оозунан) Атам сексен эки жашында дүйнө салып, жерге жаңы эле берип келгенбиз. Тажияга келген элдин аягы үзүлө элек болчу. Мен боз үйдүн жанында тургам. Кайдан-жайдан келгенин билбейм, бир кезде эле Калыйча апа жаныма пайда боло калды да: – Жүрүчү… – деди жеңден тарта. Мен ээрчий бастым. Элден бир аз четтегенден кийин: – А айланайын Шекебайым (атамды айтып жатканы), – деди үнү каргылдана, – Шекебайымдай эстүү жан […]

Персональная выставка Адылбека Байтерекова «Дневник кочевника»

Адылбек Байтереков — известный кыргызстанский художник. Творчество мастера отличается своей индивидуальностью и самобытностью, тонким и чутким проникновением в тематику различных жанровых направлений. Адылбек Байтереков является номинантом фестиваля-конкурса «Этно Арт Фест» 2016 (Россия-Великобритания). Художник достойно представляет Кыргызстан на международной арене, активно принимая участие в выставках в ближнем и дальнем зарубежье. Его можно причислить к числу активнейших популяризаторов кыргызского изобразительного искусства. Многие его произведения находятся в государственных и частных коллекциях и музеях.

Султан ЖУМАГУЛОВ: Асмандан акча жааган күнү

(Кыргызча терим-жыйым бормуласы) Таң атпайчы, бүт Кыргызстан боюнча күпүлдөтө акча жаап таштаптыр. Элден мурда ким көргөнүн бир кудай билет, иши кылса, уйкусу түгөнгөн чал-кемпирлер үйдөгүлөрдүн баарын бачым ордунан коптуруп, мурду менен тынып, буту менен баскандар жамырай ачкарын акча терүүгө чыгышты. Жумушка баскан бир жан жок дегин, эңкейип-тоңкоюп каптарына акча шилегенле киши. Койчулар коюна карабай, жылкычылар жылкысын түгөл агытып таштап, тоо-ташты тегиз баскан кызгылт, жашыл, көк акчаларды четинен оюп баратат дейт. Арыда койлор кошулуп, үйүр бээлердин айгырлары байтал талашып тиштешүүдө. «Мал […]

«Атанын керээзи» түрткөн ойлор: өзбүзбү, өгөйбүзбү? Биз кандай «жемишпиз?»

2016-жыл, 22-декабрда Кыргызстандын атынан режиссерлор Дастан Жапар уулу менен Бакыт Мукулдун «Атанын керээзи» аттуу тасмасы Оскарга көрсөтүлдү. Фильмдин синопсиси жана абройлуу сыйлыктардын саны картинага карата кызыгууумду абыдан арттырды. Съемка учурундагы түйшүктөр, күмөнсүүлөр жана араңдан зорго тил табышуулар туурасындагы режиссерлордун маектери менен таанышкан соң, жаратмандардын өздөрүнө болгон ишенимдери, кайратмандыктары үчүн аларга чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирер элем! Көкүрөктөрүндө кармана албаган чыгармачылык идеяларын жарыкка чыгаргандары үчүн рахмат! «Атанын керээзин» көрүү мени АКШнын Лос Анжелес шаарындагы Дүйнөлүк Азия кинофестивалына алып барды. Картина жанымды жанбүдөгө […]