Эки чычкан

Бурят жомогу Сүт куюлган чоң казан турган. Эки чычкан ошону айланып жүрдү. Жыты тим эле сонун. Бирок кантип жетүү керек? Бирөөсү айтат: — Досум, казанга жакын келип тур, мен сенин үстүңө чыгайын да, анан казанга тармышып эптеп ичине түшөйүн, сен болсо куйругумдан кармап тур. Ошентип мен сүткө тойгондон кийин ушундай эле кылып сени түшүрөбүз. Анан алар чын эле ошентишти. Чычкандан амал качып кутулбайт тура. Биринчи чычкан экинчисине куйругунан тиштетип койду. Куйругун тиштеп турган экинчиси ойлонот: «Карачы, митайымды, мага куйругун тиштетип […]

Атамбаевге алыскы Маскөөдөн кат

Буулуп турам түнөргөн булуттардай, Шатыратып бугумду төккүм келип. Ант ургур, ай, ант ургур, куруп кал, ай, Араң турам ашатып сөккүм келип! Өлгөндөрдүн үстүндө бейитинин, «Төшү түктүү Жер ур!» — деп ант бергенсиң. Татып даамын бийликтин «бейишинин» Антты унутуп, түлкүдөй жалт бергенсиң. «Кымбаттаткан адамды Кудай урат, — дедиң эле бакылдап, — электирди». Күбө болуп ал турат, бу да турат, Эми Кудай урушу керек кимди? Жерде башы бириккен алты адамдын, Адатыңыз өпкөлөп арызданмай. Келечегин күрөөгө Кыргызстандын Коркпой коюп тапканың — карыз алмай. […]

Салижан ЖИГИТОВ: Адабият жана адабий сын*

Көсөмдүн көмүлгүс ойлорунан Бизде аракеттеги сынчылар аз. Кийинчерээк адабият илимине илээшип жүргөндөрдүн баарын эле сынчы деп атап алдык. Адабияттан илимдин докторлору да бир топ, ал эмес кандидаттар өтөле көбөйүп кетти десе да болот. Бирок адабияттын аркасы менен өз ырыскысын таап жүргөндөрдүн көбү, б.а., илимпоздордун көбү сын жазганга шайы келбейт, бир тобунун таланты, бир тобунун темпераменти жок. Ошонун азабынан бизде сынчы катары аз эле киши аракет кылып жүрөт. Анын үстүнө динчилер динден кайткандай, мурдагы катуу чыккан сынчылар сындан кайтып жатат. Бул […]

Михаил БУЛГАКОВ: Карылыкка таза колдор менен жеткиле…

Эч качан жана эчтемке сурабагыла! Эч качан жана эч нерсе, айрыкча, сизден күчтүүлөрдөн сурабаңыз. Өздөрү сунуш кылып, өздөрү баарын беришет! * * * Ким сүйсө, сүйгөн адамынын жазмышын кошо бөлүшөт. * * * Бакыт ден соолук сыяктуу: анын барын бар экенинде байкабайсың. * * * Кайрадан жаңылануу – эмне деген былжырактык! Жаңылык, аруулук бирөө гана болот – ал биринчи жана акыркы. А эгерде балыктын эти кайрадан жаңыланса, бул анын бузулуп кеткенин билдирет! * * * Эч жакка шашпаган адам гана […]

Качкынбай ОСМОНАЛИЕВ: Акмагы ким?..

АҢГЕМЕ Почтобай! Окуучу, почтабай атаса эле республикабыздын эң алыскы айлындагы арык кер бышты минип, чоң сумкасын ээрдин кашына илип же жем төкчү шалчасына түрмөк газеталарды, толгон каттарды ороп-ороп бөктөрүнүп, быштысын желдирип, уй сарай кыдырып жүрчү Сатыбалды аке экен деп ойлобогула. Анын үстүнө биз тарапта Сатыбалды акени «төраганын почтальону» деп да коюшат. Маселен, эсеби, кат-кабар, гезит-мезит, койчу, облустанбы, райондон болобу телефон чалуу төрага акеге мурда жетет. Ал акебиз өзү издеп, кыз-келиндерден иргеп ишке алган эткээл, багалчактуу, көзү коюлуп, ууртунан күлкү кетпеген, […]

Герман ГЕССЕ: Жапониялык жаш калемдешке

Герман ГЕССЕ (1877–1962) — немис жазуучусу, философ, ойчул. Нобель жана Европанын бир катар сыйлыктарынын лауреаты. Дин ишмеринин үй-бүлөсүнөн. 1912-жылдан Швейцарияда жашап, ошол жерде каза болгон. 1923-жылы ашынган улутчулдукка каршылык катары герман жарандыгынан аткез берген. Чыгармачылыгын ыр жазуу менен баштап, «Романтика ырлары» (1899) аттуу жыйнак чыгарган. «Дөңгөлөк алдында» (1906), «Гертруда» (1910), «Чыгыш өлкөлөрүнө дербишчилик» (1932), «Бисер оюну» (1943) ж.б. ондогон повесть, романдардын автору. Өмүрүнүн акыркы жылдары рухий философиялык эсселерди жазуу менен алек болгон. Бул эссеси «Досторго кат» түрмөгүнөн алынды. Бул эмгекти […]