Королдун туткундары

Италиян жомогу Качандыр бир заманда Италияда шаар жок болсо деле королдук, королдук болбосо деле король сөөлөтү болуптур. Ошондой шаардын биринде картаң король көз жумат да, анын таажысы уулуна кийгизилет. Жаш король ишти адегенде эле өз ээлигиндегинин баарынын эсеп-кысабын алуудан баштайт. Аны биринчи министр менен башкы кеңешчи коштоп, ак куласын алчыңдата теминип өлкөсүн кыдырса, кыйратчу деле дөөлөтү жок экен. Жарым күн кыдырды. Күн уясына оогонго жетпей эле сепилине[1] кайтты. Жаш король анан тагына отуруп, собол узатты: – Баарын кыдырып бүтүп койдукпу? […]

Казак ичине сиңип кеткен кыргыздардын таржымалы

XVIII кылымдын 60–70-жылдарында Казакстандын түштүк чек арасына тийиштүү маселелерди чечүүгө Абылайхан (1771–1780-ж.ж. хандык кылган) белсене киришкен. Анткени ушул мезгилдерде кыргыздар менен казактардын ортосунда чек ара маселеси өтө курч мүнөзгө айланган эле. Бирок бул маселелер узак убакыттан бери казакстандык изилдөөчүлөрдүн назарынан сырт калып келди. Анын башкы себептеринин бири — бул маселелер тек гана фольклордук даректерде айтылып келгендиктен, алар марксизм-ленинизм теориясына жатпагандыгына байланыштуу көз жумду мамиле жасоого аргасыз кылынган. Булар өзгөчө Кеңеш дооруна байланыштуу болгон. Жуңгар хандыгы жоюлары менен бир кездеги бул […]

Нуралы КАПАРОВ: Мен билген Салижан Жигитов

ЭСТУТУМ Кыргыз жазуучуларынын жазган чыгармаларынын көпчүлүгү Салижан аганын көңүлүнө төп келе берчү эмес. «Ай, ушу биздин жазуучулар!» – деп кээде калдыркан жука шапкесин үстөлдүн кырына бир чаап, бугун чыгарып сүйлөөр эле. «Айланайын адам баласынын алмадай башына бир күндө миң ой келип, миң ой кетет. Ошонун баарын эле чыгарма деп жаза бергендердин былжырак чыгармасын окуй берип күйбөгөн жериң күл болот. Жазаардан мурун ойлонуш керек да, эмнени жазам, эмнени айтам деп… Башынан аягына чейин эле көзүнө көрүнгөндүн баарын калжырап чүргөй бергенден кимге […]

Сүйүн КУРМАНОВА: Шорго малынган махабат

АҢГЕМЕ Орустарда жакшы макал бар: «Кайда барып түшөрүмдү билсем, алдыма саман төшөбөйт белем» деген. Анын сыңары өйдө-төмөн калчаган турмуш кай жакка кайыктырып барып не дүйнөнү башка салат, билбейсиң. Анүстүнө жаштыктын алдыда бир жомоктогудай керемет күтүп тургандан бетер аңды-дөңдү карабай баш оогон жакка кетмей адаты бар. Ольга а кезде Ыраакы Чыгыштагы порт шаардын четинде жашачу. Тегерете аскер бөлүктөрү, түрмөчүлөрдүн мөөнөт өтөөчү жайлары болчу. Элбир-делбир ээликкен жаш кыздардын солдаттар менен таанышмай, жылдызы келишсе андан ары достошмой адаттары бар эле. Кокус бирди-жарымы ошондой […]

Юлий ХУДЯКОВ: Түрк жана монгол элдеринин сөөк көмүү салтындагы курал-жарактар

XIX–XX кылымдардын башындагы изилдөөчүлөр тарабынан белгиленгендей,Теңир-Тоодогу (Тянь-Шандагы) кыргыздарда жана казактардын Каспий боюндагы аймактарында мүрзө үстүндөгү курулуштарды кооздоп жасоодо кошумча каражат катары колдонулгандардын арасында найзанын учу менен шыргыйлар, мамылар, туулар, бунчуктар, жаа-жебелер жана күмбөздөрдөгү курал-жарактардын сүрөттөрү бар. Кыргыздардагы сөөк көмүү салтын дагы найзаларды колдонуу усулу жөнүндөгү маалыматтар XVIII кылымдын аягына туура келет. Белгилүү этнограф С.М.Абрамзондун, кыргыз изилдөөчү Абдыкалык Чоробаевдин маалыматына караганда, ошол заманда азыркы Ак-Талаа районундагы Ак-Терек жергесинде өз убагында бири-бири менен касташкан эки баатырдын (Кемпир бала жана Чомой баатыр) сөөгү […]

Нурзат КАЗАКОВА: Чындык жана чыгарма

Сын жана библиография Эгемендикке ээ болгону кыргыз адабиятынын абалы кубанта да, күйүнтө да турган жагдайда. Бул туурасында адабиятчы К.Асаналиев «Постсоветтик доор. Адабий тагдыр» аттуу макалалар топтомунда сандык жактан өскөнү менен сапаты сакталбай калган кыргыз адабиятын сөзгө алгандыгын белгилеп өтүшүбүз керек. Азыркы кыргыз адабияты (К.Асаналиев эгемендүүлүктөн кийинки кыргыз адабиятына «постсоветтик» десе, М.Жумаев «өткөөл мезгилдин адабияты» деген аныктама берет) эркин өнүгүп, учурунда бийликтин укуругунан коркуп, көркөм изилденбей, жазылбай калган тарыхый доорлордун жана инсандардын сүрөтү «түркүн түсү» менен тартылып, бөксөбүз толуп, кемтигибиз толукталып, […]