Нурлан КАЛЫБЕКОВ: Автопортрет

ЖАН Бар бололу түгөнбөйлү курдаштар, Узак, узак, узак болсун бул сапар. Жашоо бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар. Алыкул Качандыр бир жаралам деп ойлоном, Бул чеги жок табияттын колунан. Аалам кезип айланыштуу жол менен, Кайра баштан бул жашоого жолугам. Жолон * * *  Телмирет ажал кашымда, Тагдырдын теспе ташында, Айланып эле келатам, Айланып бүттү башым да. Жоголсом кокус быяктан, Табылам сырлуу тыяктан. Жан экем тынып, тынчыбас, Жалын от чыгат туяктан. Ободон кетсем куулуп, Жаралам кайра туулуп. […]

Кереметтүү үч белек

Пакистан жомогу Эки биртууган жашаптыр. Улуусунун үч уулу, кичүүсүнүн жалгыз кызы болот. Улуусу бир күнү көз жумат экен. Анан анын үч уулу авасыныкына келип, минтип айтышат: – Аваке, кызыңызга үйлөнөлү деп, биз анын колун сурап келдик. – Менин кызым жалгыз болсо, а силер үчөөңсүңөр, – дейт кыздын атасы. – Жалгыз карагымды үчөөңөрдүн кимиңерге бермек элем? Мегиле, колуңарга үч жүз рупий[1] берейин, муну өз ара бөлүшүп, соода ишин кылгыла. Кимиңердин итиңер чөп жесе, кызымды ошонуңар аласыңар. Тиги үчөө акчаны алып, буюм […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Аялдар эмне деп атты экен?

АҢГЕМЕ — Сени начальник болот экен деп атышат! – деди бир күнү аялым. — Ким айтты? — Аялдар айтып атышат. — Өзүм билбегенди алар каяктан билиптир. Сенин аялдарыңдын көздөрү ачылып бараткан го!? – дедим тамашалай. Ал сөзгө анча деле маани берген жокмун. Аялдардын айтканы келдиби, айтор ким билсин, арадан көп өтпөй эле бакыйган начальник болуп калсам болобу. Ай айга, жыл жылга тогошту. — Деги ишиңден сагыраак болчу. Сени камалат экен деп атышат аялдар, — деди бир күнү аялым. — Аялдарың […]

Сүйүн КУРМАНОВА: Ашмалтай

АҢГЕМЕ – Мына сага милиция, мына сага, жүзү кара, мен өзүм сага милициямын, чык үйдөн шерменде, арам тамак бетпак! Энең экөөң тең жогол көзүмө көрүнбөй, өлтүрүп сала электе жоголгула! Тепкинин запкысынан эмес, ызадан ууккан кыз жылаңаяк, жылаңбаш көчөгө чуркап чыкты. Боздогон бойдон апасы артынан жөнөдү. Кардуу бороондо карааны көзгө илээшпей «кызым, кызым!» деген энесинин үзүл-кесил үнү ээликкен кыздын демин зорго басты. Экөө машинелер токтогон жайдан жолугушту: – Апа, мен үйгө барбайм, сен бара бер, – деди кызынын тиши тишине тийбей, […]

Табылды ЭГЕМБЕРДИЕВ: Мен сыйлаган үч залкар

Улуттун тагдырына, келечегине байланышкан көп маселелердин тегерегинде маалымат каражаттарында эле эмес, беш кыргыздын башы бириккен жерде деле талаш-тартыш башталган заманда жашап жүрөбүз. Кээде ошондой талаш-тартышта, мен да катышып калган учурларда, өз көз карашымды бекемдеш үчүн, сөзсүз түрдө Салижан Жигитовдун авторитетин калкан кылып коргонууга аракет кылам. Ал адатымды Салижан агамдын тирүү кезинде эле жазылган менин айрым макалаларымды окугандар билишсе керек. Бирок бизде Салижанга окшоп илим-билим издеп, күнү-түнү китеп окуп, акылын асырап, түшүнүк түптөгөн кыргыздар азыраак, бирок анчалык окубай-чокубай эле, өзүлөрүн гений […]

КЕПЛЕР

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Немис илимпозу, астроном жана математик Иоганн Кеплер 1571-жылы 27-декабрда Вюртембергде туулган. Бала кезинде чабал жана оорукчан болгон. Кийин ата-энеси окутуп, поп болууга даярдалып жатканда Кеплер Жер Күндүн айланасында айланаары жөнүндөгү Н.Коперниктин окуусу жөнүндө билип калат. Бул анын өмүрүндөгү бурулуш учур болот. Протестант мектебин, 1589-жылы Тюбинген академиясынын диний семинариясын, 1593-жылы академияны бүткөн. Австриянын Грац шаарындагы гимназияда математика мугалими болуп иштеген. 1596-жылы “Аалам сырлары” деген алгачкы эмгегин жазган. Ошондон кийин Н.Коперниктин ишин улантуучу катары аны чиркөө кызматкерлери куугунтукка алышкан. […]

Жаныбек РАЙ: Авангард

АҢГЕМЕ I Омош Чонтоев Жанаалы таздын үйүнө жакындаганда, ал адетинче үйүнө чуркап кирип, кире бериштеги күзгүдөн желкесиндеги колго илинген суюк чачын астына тарай жасанып чыга калды. Омош планшетин ачып, Жанаалы таздын күнгө чагылышкан жалтырак башын алеки мүнөттө кашкайта, кудум өзүнө окшоштуруп тарта койду.   Баятан бери дубалдын көлөкөсүндө кобурашып-жобурашып, шок курагы, чок курагынан кеп кылыша, оозуна толгон насыбай аралаш шилекейин борпоң топуракка болп эткизе түкүрө, таягы менен көөмп коюп отурушкан карыялардын этек-жеңдери козголо: – О-уу, мына, мына, Жанаалынын башын музейге […]

Лев ТОЛСТОЙ: Акула

АҢГЕМЕ Биздин якорлуу кемебиз Африка жээгине токтогон. Күн мемиреп, деңиз толкуткан таза шамал бар эле, бирок күүгүм киргенде аба ырайы өзгөрдү: Сахара чөлүнүн ысык аптабы каптап, жадатма үп пайда болду. Күн батаарга жакын капитан палубага чыгып кыйкырды: “Сууга түшө берсеңер болот!” Матростор сууга дароо секирип, парусту сууга түшүрүп байлашты да, парус үстүнөн сууга секирүүнү уюштура коюшту. Кемеде биз менен бирге эки жаш бала бар эле. Биринчилерден болуп сууга балдар секирген, бирок парустун ичи тыгылыш болгондуктан, алар ачык деңизде жарышып сүзүүнү […]