Халед ХОССЕЙНИ: Жана тоолор жаңырды

Халед ХОССЕЙНИ – теги ооганстандык АКШ жазуучусу. Биз анын «Жана тоолор жаңырды» романынан үзүндү жарыялайбыз. Бул үзүндү өзүнчө икея болгондуктан, бүтүндөй бир чыгарма катары да кабыл алсак болот. Себеби маани-маңызы терең көркөм мазмундуу икеянын артында адам насилине күчтүү таасир этер философиялык өзөк камтылган. «Жамандык жана жакшылык жөнүндө билимдин ар жак четинде талаа бар. Сени ошо талаада күтөм». Жалалиддин РУМИ, (XIII кылым). Биринчи бап 1952-жылдын күзү Мейли. Аңгеме укканды кааласаңар, бирди айтып берейин. Бирди гана. Дагы сурабагыла. Кеч болуп калды. Сен, […]

Эсенбай НУРУШЕВ: Жаңы жанрдын жаралышы

Сын жана библиография Айтылуу акын Акбар Рыскулдун «Атакенин Акболот» үчилтиги биздеги «Көк асаба» жана «Сынган кылыч» сыяктуу көрөсөн (шедевр) саналган тарыхый романдардын көрөңгөсүн толуктап, алардын уңгусун уланткан, жанары ачык чыгарма болуптур. Мындай деп айтканыбыз – өйдөкү эки классикадай эле акындын романы да биздин элдин тарыхындагы кыйын-кысталаң мезгилдердин бирине арналган. Атап айтканда, үчилтикте калмактардын жапырыгынан качып кыргыздар Ысар, Гөлөпкө, алды Индустанга чейин кирип барган ала сапырык замандын – XVIII кылымдын коомдук коогалаңдары, саясый капсалаңдары сүрөттөлөт. Окуялардын баары талашсыз таржымалы, кыргызга кылган […]

Расул ГАМЗАТОВ: Менин Дагстаным

Р.Гамзатов (1923–2003) Дагстандын Хунзах районундагы Цада айылында Эл акынынын үйүндө туулган. Мугалим, журн а л и с т б о л у п и ш т е п , Москвадагы Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Көптөгөн эл аралык коомдук иштерди аркалаган. Социалисттик эмгектин баатыры (1974), Лениндик сыйлыктын лауреаты (1963). 1952-жылы Сталиндик сыйлык ыйгарылган. Көптөгөн дүйнөлүк сыйлыктардын ээси. Бу китептин формасы. Китептин кандайча жазылары жөнүндө… Дайым кында жата берсе, канжарды дат басат. Дайым уктай берсе, жигитти май басат. Канжардагы жазуу Сапталчу […]

Зульфира АСЫЛБЕКОВА: Көпүрө

АҢГЕМЕ Уулубуз Дастандын биринчи класска барып, окуганына бир айдай болуп калды. Окуусу жакшы. Былтыркы жүлүнүнөн жасалган оор операциядан, ошондогу чоң наркоздон кийин, ден соолугуна забын болуп окуусуна тоскоол болобу деп корктум эле. Кудайга шүгүр, эптеп басып жүрөт. Эртең менен атасы жумушка кетип баратып, аны окуусуна жеткизип кетет. Сабагы бүткөндө бир жарым жашар уулум Жоодар экөөбүз, аны тосуп келебиз. Жолдо улам тыныгып, араң келет. Сабактан кийин бүгүн Дастандын классташ бир баласы биз менен чогуу үйүбүзгө келип калды. Тамактанышып алып, экөө бөлмөсүндө […]

Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА: Бир кеч тууралуу ыр

Бир кеч тууралуу ыр Сөздөр болуп туулган күнгө айтылган, Ыр окулган кечте тамак жеп атып: «Таза, жапжаш, көрүнөсүң бир башка, Биз да сендей болдук беле?» – деди Акын. «Болгонбуз», – деп жооп беришти олтурган Үстөлдөгү башка аялдар баш ийкеп. Ырга гана кол шилтебес тагдырга, Мезгил, турмуш – үч нерсеге баш ийген. Үнүн уктум, келген жарык төр жактан Күңүрт тиет. Көр тирликтен кол бошоп. Жакшы отурдук, кээде шарап ачканга Эркек жогу билингени болбосо. Конушу көп койнуң кенен кут калаа, Эртең башка […]

Мухтар АУЭЗОВ: Көк жал

Казак классикасынан ПОВЕСТЬ  Кара-Адырга жакынкы чоң жар элсиз, ээн, бирок бул жар ошол айылдын чет жакасында жашаган ар бир койчуга аттын кашкасындай белгилүү боло турган. Анткени ал жар көп кайгылуу кырсыктарга себепкер болчу. Кара-Адыр бүт жапырап өскөн караган-шактарга жана тобулгуга чүмкөнүп тургандыктан, баалуу аң терисинен жасалган тебетейге окшоп кетчү. Караган-шактардын уч жагы саргайыңкы тартып, назик көктөп, анан бүр ача турган. Жардын айланасына бүт бойдон ит мурун өсчү. Ошол үстү жагы сеңселген тикендүү караган-шак карышкырдын ийнин көрсөтпөй жаап кала турган. Жар […]

Алым Токтомушев таап чыккан мурастардан

Жарды, жалындуу, бактылуу, таланттуу жаштар эле. Көбү кетип, азы калды. Азы көч арасында жүрү, көбү жер алдында чиренип уктап жатыры. Ошондой тура, бири кетип, бири калат экен. Үрккөн таранчыдай «пыр-р» этип учуп, «дүр-р» этип ушул жерге конуп калгандай жандар эле. Ушул жер дегенибиз – азыркы Орто-Сай базарынын күн батыш ыптасы. Азыр тогуз кабат үйлөр турбайбы, ташказанын салаңдатып. Ошолордун ордуна бир кезде, алаңгар 60-жылдын акыр ченинде ийреңдеген-мийреңдеген көчө түшкөн. Бири-биринен кыйынсып, кырданып моюн созгон үй жок, топурактан салынып, толь менен жабылган, […]