Малайдын амалы кожоюндукунан ашат

Лит жомогу Өлгөндөй бир сараң дыйкан болуптур, жадесе өз малайларынан да ашын аячу экен. Тамак ичээр маал келгенде эле малайларына элде жок шылтоолорун айтып, күңкүлдөп-мыңкылдап баштачу экен: «Уйду торпогу эмип алыптыр, нан күйүп кетиптир». Кошуналары түштөнүүгө отурар маалда малайына айтканычы: – Кел, Йонас, эл тамак ичип аткан маалда биз да эс алалы. Алар да бизди түштөнүүгө отурду деп ойлошсун. Күнүгөле ушул экен. Карды ачкан Йонас анан сараң дыйкандын бул адатын кантип калтырышты ойлонот. Бир күнү коңшулар түштөнүүгө отурушту, эс алмай […]

Манас КАЗАКБАЕВ: Борбаш

АҢГЕМЕ Күлгө дымдалган коломтонун оттору шамалдын эпкини алдында жылтылдаган учкундарды тараткан сыяктуу, бүркүтчү Карабайдын аңгемелери Ормотойдун сезимине жаңы ой, жаңы тилек учкундарын пайда кылды. Кандай айла кылып болсо да канаты бар бир кушту тирүүлөй кармап алып, үйрөткүсү келди. «Бүркүттүн балапанын тапсам» дегенде «эки көзү төрт болду». Бирок бүркүт дегениң, тээ тоодогу зоодо болот эмеспи. Ал жакка атасы менен энеси балээни жибереби, бөөдө жем болосуң деп коркоор. Чын эле балапанына кол салсаң бүркүт карап турбас, курч тырмактарын сапсайган башына матырып алып: […]

Сүйөркул ТУРГУНБАЕВ: Аалыке, Сталин, Черчилль, Айтматов

Жазуучунун жандептеринен Сексенинчи жылдарда «Кыргызстан маданияты» гезитинде сын бөлүмүн башкарчумун. Кийин, он жылдан кийин Ч.Айтматовдун кеңешчиси (сын боюнча) болуп үч жыл иштедим. 1982-жылдын жайы катуу ысыганы эсимде. Кумурскалар да куйкаланып кетти, чөптөр да, жан-жаныбарлар да акактап ыйлап турат, жараткан Теңирим жамгыр берегөр деп, жер үстүндөгү кыбырагандардын атынан Теңирге жалынып, ыр да жазып жибергем. Ошондо июль айынын баш чени эле. Түшкө жакын редакторум Исабек Исаков: «Сүйөркул, сени Аалы Токомбаев саат 3кө чакырып жатат, бир иш бар окшойт, барып кел» – деди. […]

Бектур ИЛИЯС уулу: Бакыт көчөсү

1983-жылы Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районуна караштуу Иле казак автоном аймагындагы Текес ооданынын Көк-Терек кыргыз айылында төрөлгөн. 1999-жылы «Шинжаң кыргыз адабияты» журналында « Д а с т о р к о н үстүндө» аттуу тушоо кесер аңгемеси жарык көргөн. Көптөгөн чыгармалары Кытайдагы жана Кыргызстандагы гезит—журналдарда, интернет баракчаларында жарыяланып келет. «Шинжаң кыргыз адабияты» журналынын «Салым кошуучу» сыйлыгынын ээси. Шинжаң уйгур автоном райондук Жазуучулар коомунун мүчөсү. АҢГЕМЕ Аз киши билип, көп киши укпаган бир жогорку окуу жайынын студенти болуп калдым. Толук ортону […]

Максим ГОРЬКИЙ: Эрмек үчүн

АҢГЕМЕ …Коюу, боз түтүнүн буркуратып, жүргүнчүлөр поезди ыраакы талаадан, деңиздей көйкөлтүп саргарган эгиндин арасынан, килейген ажыдаарча сойлоп, көрүнбөй калат. Жапжалгыздыгы менен адамдын ичин бышырган кичинекей темир жол станциясы бар ээн, кең талаанын көңүл кош жымжырттыгын бир нече минутага бузуп, поезддин шарактаганы ымшыгын ысык абада анын түтүнү менен кошо жок болуп кетет. Поезддин күрүлдөгөн, бирок тиричиликке байланыштуу табышы тарап, чайыттай ачык асмандын астында тынып калганда, станциянын айланасы кайта дагы жымжырт болуп, адамды бук кылат. Талаа – алтындай сары, асман – көпкөк. […]

Болот ШЕРден кайрылуу: Эй, вы там, наверху!

Кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы А.Сегизбаевге Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Жолдубаевага Бүгүн Кыргызстанда бийликтин саясый оппоненттерине зомбулук көрсөтүү үчүн жалганчылык, жалаа жана репрессиялар негизги курал болуп баратат. Дал ушул курал президент жана анын айланасындагы адамдар үчүн ыңгайсыз суроолорду берүүгө, жагымсыз фактыларды жарандарга маалымдоого батына алган жалгыз саясатчы, оппозициялык парламенттик партиянын лидери Өмүрбек Текебаевге каршы колдонулду. Жакында эле анын адвокаттары Ө.Текебаевдин күнөөсүздүгүн ишенимдүү далилдегенине карабастан, аларга укук коргоо органдары ачык эле көңүл коштук кылып […]