Улуттун байтак дөөлөтүн жаратар дагы бир жаңы ысым жаралды!

Борбор калаабызда «Устат» академиясы деген бар. Улагасын аттагандар ал жерди жаңы бир маданий очок санап, байырлагандар күндөн күнгө көбөйгөнү кубандырат. Бул жерди негиздегендер – жаштар. Баары эле көроокат издеп калган заманда ал жерге рухий азык издеп барууну саамалыкка айлантуу аракетин көргөн бирди-жарым адам чыгыш керек эле, чыкты. Ал жигиттин мындай аракеттеринин алгачкысы «Жаңы ысымдар, жаңы мүмкүнчүлүктөр» деген демилге болчу. Ошол демилгеси «Калемгер» адабий клубу уюштурган өткөн жылкы аңгемелер сынагы менен эле чектелип калбастан, эми минтип чыгармачыл коомчулук арасында «Устат» академиясы […]

Үч мерген

Бурят жомогу Качандыр бир кезде бир улуста үч балык уучу жашаптыр. Жайында алар Анкарадан налим балык уулоочу да, кышында Анкаранын өйдөкү агымындагы карагайларга белги коюшчу экен. Бир жолу алардын бири экинчисине айтат: — Жүр, тайгага барып аюуларга аңчылык кылабыз, ошондо бизге киреше көп кирет, аябай байып кайтабыз. Анан тим эле байлыкка тунуп, кудайды да тааныбай кутурабыз! — Ырас эле. Ошентсе ошентели. Жакшы ойлопсуң. – Экөө аны колдоду. Анан алар тайгага жол алды. Кеч күз болчу. Айлананы аппак кар басып турган. […]

Эрди-катын үчүн бактылуулуктун сыры эмнеге?

ДИЛАЗЫК  Акыр аягы кашкайган чындыкка жеткен бир адам миң адамга да моюн бербейт. * * * Динди негиздеген адамдардын баары азилге түшүнбөгөн жандар болгон. Роберт ИНГЕРСОЛЛ (1833-1899), америка жазуучусу жана юрист Улуу адамдын улуулугу майда-чүйдө адамдарга жасаган мамилесинен билинет. * * * Жаңы пикирлерди жараткан ой – азчылык чөйрөдө жүргөн бир адамдын эле оозунан чыгат. * * * Тажрыйбадан өткөн мугалим жок, болгону ага төлөнчү акы кымбат. * * * Талаш-тартыш учурунда ачууга алдырдың дегиче бүттү. Сен анда чыркыраган чындыкты […]

Ковалевская – дүйнөдө аялдар арасынан чыккан биринчи математика профессору

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Орус математиги Софья Васильевна Ковалевская 1850-жылы 15-январда Москвада артиллерия полковнигинин үй-бүлөсүндө туулган. Ал мезгилде кыздар билим алууга укуксуз болгондуктан, алгачкы билимди үйүнөн алган. Софья 8 жашында ата-энеси үйүн ремонттоп, ал жашаган бөлмөнүн бетине обой жетпей калып, анын ордуна М.В.Остроградскийдин китебинин барактарын чапташкан. Ошентип, анын математика менен таанышуусу башталган. 15 жашынан тартып жогорку математиканы үйрөнгөн. 1868-жылы ошол кездеги жаш илимпоз-палеонтолог жана геолог В.О.Ковалевскийге (1842-1883) турмушка чыккан. 1869-жылы күйөөсү менен Германияга келген. Берлинде Вейерштрасстын (1815-1897) жетекчилиги менен 4 жыл […]

Мамат САБЫРОВ: Кытай келгенде

АҢГЕМЕ Тамеки талаада, сарайларда кытай басып келет экен деген сөздөр жүрчү. Андай убаймалуу ушактар улам күчөп отуруп, бир күн эле бүгүн келет имиш деп калышты. — Бүгүн кытай келет деп атышат, — деди апасы алар төшөккө жатарда. — Эгери бомба түшсө биринчи мага түшсүн, силердин апа деп кыйкырганыңарды көрбөсөм экен. Ошондой кыжалат күндөрдө Жали аттуу киши таң азан сыртка чыга калса, күн батыш жактан адагенде гүрүлдөп-шарылдаган добуш угулуп, анан жылт-жылт эткен жарыктар көрүнөт. Саресеп салып караса, кадимки эле танка экен. […]

Жовани ВЕРГА: Байлык

Которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу Италиялык реалист жазуучу. Сицилиянын жашоосун чагылдырган көлөмдүү романдардын автору. “Талаа ортосундагы өмүр” (Vita dei Campi) аттуу аңгемелерден куралган жыйнагы бар. АҢГЕМЕ Жансыз деңиздин бир бөлүгү сыяктуу чалкыган Бивиеро ди Лентинини, Катания өрөөнүнүн күнгө күйгөн аңыз талааларын, Франкофортенин жашыл апельсин бакчаларын, Ресконенин козукарын бактарын бойлоп жол жүргөн жолоочу, уч-кыйырсыз жайыктарда ат арабанын аянычтуу кыйчылдак үнү менен качырлардын жал куйруктарынын кыймылы тажатып, уктап калбоо үчүн арабачы аргасыз күңкүлдөп ырдай баштаган маалда, ысыктан коюланып, көк асмандын астында чийиндей чиймеленген […]

Бийликтин ич өткөгү

Даанышман кеби бар «каардуу чечим ишке ашпайт, ал дайыма дөшүгө «каңк» этип тийип, кайра тарткан балкадай». Балка да, дөшү да бирине-бири катуу тиери турган иш. Арийне, балканы кимиси биринчи «каңк» эткизди, баарыбыз көрдүк. Эл жерге түкүрүндү ошондо эле. «Эң коркунучтуу душмандар эски достордон чыгат» болуп, эски достордун кырчылдашынын аягы дагы эмне менен бүтөт, болжоп болбойт. Ыштанына чычкан киши колун аябабагдай эле; бийлик эми колун аяна турган эмес. Жүзүн да аянбайт өңдүү. Булганган колу менен өз жүзүн да шыбап алды. Жууса […]

Дэниэл КИЗ: Элжернонго арналган гүлдөр

АҢГЕМЕ Которгон Азат ЖАПАРБЕК (Flowers for Algernon) – Дэниел Кизге таандык илимий-фантастикалык чыгарма. Алгач 1959-жылы “Fantasy & Science Fiction”(Фэнтези жана илимий-фантастика) журналынын апрель айындагы басылмасында жарык көргөн. 1960-жылы эң мыкты илимий- фантастикалык аңгеме болуп табылып, “Хьюго” сыйлыгына татыган. Кийинчерээк Дэниел Киз аңгемени ошол эле аталыш менен роман түрүндө жарыялап, эң мыкты роман катарында 1966-жылы “Небьюла” сыйлыгын алган. Аңгеме акылы кем, жашы кырктарга таяп калган Чарли Гордондун жашоо-турмушун, туш болгон тагдырын сүрөттөйт. Ошондой эле чыгарманын кээ бир бөлүмдөрү атайын орфографиялык каталар […]