Акылдуу карыя жана үч биртууган

Албан жомогу Кең жаздын боюнда жайгашкан үйдө үч бир тууган жана алардын атасы жашаган экен. Сазга жакын жашоо жыргал турмуш эместигин баарыңар билет чыгарсыңар. Балдардын атасы өлөр мезгил да келет, ал анан үч уулун чакырып, деп турганы: – Уккула, балдарым! Силер бул жерден көчүшүңөр керек. Бизден оору менен жамандык кетпегени – кең сазда жашаганыбызда. Үй кургула, бирок аны тоо бооруна курсаңар, турмушуңар ошондо оңолот. Арийне, адегенде ишке билек түрөрдөн мурда токойдо жашаган акылдуу карыя менен кеңеш кургула. Күндөр өтүп, атанын […]

Биздин энбелгибиз жагабы сизге, окурман?

Энбелгинин (логотип) автору — Бакыт АСАНГАЗИЕВ. Бул таланттуу художнигибиз өзү абыдан акжолтой жигит. Акжолтой дегенибиздин себеби, биз билгенден эле  «Айтыш» фонд, кийин «Дастанчы» жана «Устат» академиясынын логотиптери да Бакыттын колунан чыккан. Кыргызда «Жандоочу кийик аттырат» демекчи, эн белгинин артында кабат-кабат көп ой жатканында эмеспи… Кумурскалар Баарынан тың кылыш үчүн тирилик, кумурскалар жашайт экен биригип. Дүйнөдө жок мындай майда жаныбар, өзүнөн оор жүк ташынар алы бар. Жоон сан менен ичке бели түйүлө: жемин тапса, тоголотот үйүнө. «Колдоп алар жүргөн үчүн бир-бирин – кор болушпай […]

Манас КАЗАКБАЕВ: Түшүнүк

АҢГЕМЕ Биздин турган колхоз колотко отурукташкан беш-алты айылды бириктирип турат. Орто аралыгында дүкөнү бар. Атам ошондо иштейт. Үйүбүз андан алыс болгондуктан, таң ата жумушуна жол тарта турган. Кээде мен да кошо ойгоном. Айылдын башына чейин бирге учкашып барып, узатып келчүмүн. Ушинткенимди жактыра турган. – Салпактатып эмне кыласың муну?» – деп апам түшүнбөй айтып калганда: – Тим кой баланы, сергек болсун, – дечү атам. – Таза аба көңүлүн сергитет… Бөлөгүн айтпаганда да, менин таза абаны жутушума чейин кам көргөн атамы абдан […]

Эрнест Хемингуэйдин чыгармачылыгы жөнүндө

Э.Хемингуэй өмүрүнүн акыркы жылдарда өнөрканасы, чыгармачылык чеберчилиги тууралуу бир кыйла маектерди жарыялаган. Бул макала Франциянын «Ар» жумалыгынын суроолоруна берген жоопторунун (март-апрель, 1958, июль, 1959) негизинде даярдалды. Алым Токтомушевдин архивинен Романдарымды же аңгемелеримди таң азандан баштап жазганды жактырам. Бул маалда эч ким жолтоо болбойт, күн салкын, атүгүл суук, иш кызыганда кандай ысыганыңды да билбей кетесиң. Мурда жазылгандарды кайталап окуйм, андан ары эмне болорун негизинен билем, токтогон жерден улантам. Эртеси отурар замат окуя оңутуна аралашып кетүү үчүн жазып атканымды эргүү жаналекте токтотом. […]

Азиз НЕСИН: Кайсы партия жеңет?

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу АҢГЕМЕ — Мурат Ага бардык нерсени билет, — дешти. Шаарчага келгенимде бир канча күн Мурат Аганын үйүндө конок болгон элем. Бул жолу Мурат Агага чайканадан жолуктум. — Мурат Ага, сен билет экенсиң, — ушундай дешти. — Айтынызчы, шайлоодо кайсы партия жеңип чыгат? Мурат Ага: — Алдын ала айтуу кыйын, — деди. — Кайсы партия күчтүү болсо, ошонусу жеңе албайбы? — Жок. Андай эмес. Ак кой, кара кой шайлоодон кийин билинет. Бул шаарчадагылардын ар бирөөнөн сурап […]

Казак акыны Ауыт МҮКИБЕК: Текебаев – мандатсыз президент

Кыргыз-казак ортосунда эзелтен эле «бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун сөөгү зыркырайт» орток сезими болуп келген эмеспи. Кандай болбосун кыргыз менен казактын ортосунда боор деген боор экен: Интернет аркылуу Текебаевдин адилетсиз жерден айыпталып келатканын окуган казак акыны Ауыт Мүкибек «Текебаев– мандатсыз президент» аттуу поэмасын жаратып, анысы бүгүнкү күндө Интернет айдыңында абыдан жайылып кеткен чыгарма болду. Биз аны кыргызчага оодарып жарыялоону эп көрдүк. Ауыт Мүкибек өзү Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин саясый курсун колдоп келаткан интеллигенция өкүлдөрүнүн бири. Казакстан Жазуучулар уюмунун Астана […]

«Өчпөс сабактар» китебинен: Каниет

ДИЛАЗЫК Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) айтты: «Сен дүйнөдө (туулган жеринен алыста калган) бир карып же жолдон өткөн жолоочу сыяктуу бол» Нух пайгамбардын убагында адамдар 800-1000 жылдап өмүр сүрүшчү экен. Ошол доордо эл ичинен бир аялдын уулу каза болот. Эне байкуш күйүтүнө чыдабай зарлап ыйлайт. Аңгыча анын жанына бир акылман келип: – Сабыр кыл, каралдым. Алланын тагдыры ушундай болсо арга канча, – деп көңүл айтат. Анда эне ого бетер шолоктоп отуруп: – Мен тагдырга нааразы болгонуман ыйлаганым жок. Мен байкуш […]

Амирбек АЗАМ уулу: Кумурскадай эмгекчил Абдыкерим

ЗАМАНДАШТЫН БЕЙНЕСИ Кээ бир тоо алыстан далдайып көрүнгөнү менен бир үзүк булуттай да көлөкөсү болбойт. Кээ бирөөлөр эл үчүн, мекен үчүн жанын үрөп эмгек кылганын дембе-дем какшап, аты-жөнүнө илимий даражасын, алган сыйлыктары менен наамдарын чиркеп жазганы менен, атайын десең оозго алар иши жана окуйун десең жалчытарлык эмгеги табылбайт.  Педагог, адабиятчы, жазуучу, котормочу, публицист, коомдук ишмер, илимдин доктору, профессор Абдыкерим Муратов андай илдеттен алыс. Ал кумурска сыңары үн чыгарбай жана жаны тынбай эмгектенет. Буга анын кыргыз адабиятын мектептерде окутуу, адабият сабагын […]