Ак-чечек – Ак гүл

Алтай жомогу Алыс-алыста, тогуз суунун куймасында, тогуз тоонун ашташында бир алп кедр ай-ааламдын баарын ээлеп өсүп турган. Анын шуудураган жибек жалбырактарынын астында аркайган бутактарын тирек кылып узак-узак жылдар бою жалгыз алачык тигилип турган. Алачыкта карылыктан сөөктөрү куурайдай куу, өңүнүн оту такыр өчкөн бир абышка жашачу экен. Карыянан биринен бири сулуу үч небереси бар эле. Бир жолу ошол абышка отунга келди. Токойлуу тоону өрдөп чыгып, бир карагайга көзү кадалды. — Бул карагайдын тамыры чирип бүтүптүр. Балта менен бир урсаң жыгылат, — […]

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору

Редакциядан: КР Президенти А.Ш.Атамбаевдин бийлик мөөнөтү аяктап бараткан жыл экендигин эске алып, белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун «Мен кыргызмын» аттуу 2016-жылы «Турар» басмасында жарык көргөн китебинин 2-бөлүмүн толугу менен жарыялоону эп көрдүк. Аталган китептин 1-бөлүгү «Бакиевдин доору» деп аталса, 2-бөлүгү «Атамбаевдин доору» деп аталат.  Китептин жооптуу редактору Анарбек Кайназаров болгондуктан «РухЭш» сайты тарабынан эч кандай алымча-кошумча болбогондугун эскертебиз. О.э. автордун стилдик жана грамматикалык мүчүлүштүктөрүнө да кол тийгизгенибиз жок. Окурмандар аны түшүнүү менен кабыл алат деген ойдобуз… Бирок эң маанилүүсү — аталган […]

Дилазык: Будда жана Лао Цзы

Будда Сиддхарта Гаутама Будда буддизмдин негиздөөчүсү (б.э.ч. 556-476ж.ж.). Непалдын аймагындагы анча чоң эмес мамлекетти башкарган хандын уулу болгон. Баладан көзү каткан энеси ал төрөлгөндөн кийин уулуна жомоктогудай шарт түзүп, каалаган нерсесинен кем кылбай, ага сырт дүйнөнү көрсөтпөй, көз тайгылткан байлыктын ордосунда багат. 29 жашына чейин ал жыргал менен кубанычты гана билип жашады. Бирок бир күнү анын дүйнөсү аңтарылды: Сиддхарта кокустан эле хандык дарбазадан сыртка чыгып, жөнөкөй элди, алардын кембагал жашоосун, кир, оор турмушун көрдү. Жалпы элдин жашоосун көргөндө жүрөгү ооруду. […]

Табылды МУКАНОВдун тандалма ырларынан

* * * Сен сулуу, таксидейсиң: бир көргөн адамыңа шарт ачып кучагыңды «Айда!» дейсиң. «Кайда?» «Каалаган жайга!» дейсиң. Тилегим тилегиңе бир да коошпойт: таксиге кимдер түшпөйт, таксини кимдер тоспойт… ЧОК Сен дегенде ичтен кайнап самоордой жүрөм сыздап… калп эле элге жаркырап… Өзөгүмө салган чокту утуру үйлөй берип тутандырдың менде өчүң барчылап. «Кайнап өл» деп, «Күйүп өл!» деп каргадыңбы ичиңден, ал чок эми шыркыраган ак жалынга айланып, жылдызымды куйкалоодо. Кичиргем. Өзөгүмө түшүп жатат дагы эле чок тутанып сенин ар бир сөзүңөн, […]

Убакыттан өткөн кеменгер жок

Фрэнсис БЭКОН (1561-1626), англис философу Китеп – мезгил агымындагы толкундардын үстүндө калкып, муундан муунга асыл ойлорду ташып жүргөн жүгү бар кеме сыяктуу. * * * Китепти сен бир нерсени жокко чыгарып, же бирөөнө каршы сүйлөө үчүн, же окуганыңдан ишеним таап, башкалар менен масилеттешүүдө сөзгө кыстара кетер нерселерди издеш үчүн эмес, өз алдыңча ой калчап, талдоого алууну үйрөнүш үчүн оку. * * * Китеп окуу адамды билерман кылса, маектешүү – баамчыл кылат, а окуган, уккандарыңды жазуу – тактыкка үйрөтөт. * * […]

Ахмедхан АБУ-БАКАР: Тоолуктардын эрмегинен

КЕЛИНИМ УШУНДАЙ БОЛСО… Отузунчу жылдары Дагстандын келин-кыздары эркиндиктин жолунда теңдиктин туу чокусун карай жаңыдан гана кадам таштай баштаган кез эле. Ырас, өздүк көркөм чыгармачылыктын оюндарына келе башташкан, бирок сахнага чыгып, ырдап-бийлөө деген, астахпырулла, андай шермендечиликке эч ким бара элек болчу; пьесаларда аялдардын ролун ал кезде жаш жигиттер аткарышар эле. Күндөрдүн биринде, ал кезде али боз улан, азыр биздин белгилүү акыныбыз Шах-Эмир кыздын ролун ойноп чыгат. Ойногондо да ушунча жакшы ойноптур, оюнду карап олтурган энеси ушунчалык берилгендиктен бышактап ыйлап, жанындагы олтурган […]

Адеп аңгемелери: Тарыхка, мурастарга мамиле

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Абдыкерим МУРАТОВ Мурда өткөндөрдүн өмүр кечирмелерин, турмуш жолун, калтырган мурастарын үйрөнүү, ошолордон үлгү алуу, алардын насаттарын пайдалануу – кийинки муундар үчүн өтө зарыл нерсе. Алдыга кетип аткан жолуңда сөзсүз артка бир кылчайып карап алуу зарыл, ошондо түз же кыйшык кетип баратканыңды сезип-туясың. Мындан туура бир кылым мурда Осмонаалы Сыдык уулу жазган: «өткөн калктардын алын билет. Кайсы коом кайсы уруктан, эмне өнөрү бар, эмне кесип менен оокат, тиричилик кылгандарынан, кандай дөөлөт (мамлекет) кандай балакеттерге кириптер […]