Карышкыр

Бурят жомогу Карышкыр дарыя боюна келип, баткакка тыгылган кулунду көрдү. Шилекейин чууртуп даяр оокатты жегиси келди. Кулун жалбарды: — Сен адегенде мени тартып чыгар, анан деле жегенге үлгүрөсүң. Бөрү айтканга көндү. Кулунду тыгылган жерден тартып чыкты. Анан аны жемекчи болду эле кулун минте салды: — Коё тур, кашабаң, анан дале сен жейсиң да. Мен адегенде курганайын, жуунуп-тазаланайын. Болбосо ушул баткак менен кантип даап оозуңа саласың. Кулун курганды, жүнү жылтырап тазаланды. Карышкыр тишин кайрап, ичин жара тартууга камынды. — Коё тур, […]

Олжобай КАРАТАЕВ: Кыргыз тектүү хотондор

Тарых илимдеринин доктору, профессор. ЖалалАбад облусундагы Сузак районуна караштуу ОртоАзия айылында 1963-жылы туулган. Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Кыргыз Улуттук илимдер академиясында жана Ж.Баласагын атындагы КУУда тарых факультетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти, профессору, кафедра башчысы, биринчи проректору болуп иштеген. У ч у р д а « М а н а с » Кыргыз-Түрк университетинин профессору. Тарыхтын өчпөс издери … Алар (хотондор) боз үйдү пайдаланышат, өздөрүн мусулмандарбыз … кыргыз тегиненбиз деп билишет. Б.Владимирцов Бүгүнкү […]

Мидин АЛЫБАЕВ: Бул менин бутумбу, сенин бутуңбу?

ФЕЛЬЕТОН Аңгемени адегенде түшүндүрүп отурбай, туура эле чокусунан түшүү керек. Ошондой болсо да, аз-аздан алдын-ала сүйлөгөн жакшы. Фрунзеден Ысык-Көл жакка, Тянь-Шань жакка баруу үчүн поезд же автомобилге түшөсүң. Поезд болсо, Рыбачыга чейин гана алып барат. Ал эми автомобилге, акча маселеси жайында болсо шофёрлорду чекеге чертип туруп түшөсүң. Кээ бирөөлөр машинага түшкөндү, кээ бирөөлөр поезддин ичинде чай ичип термелип барганды жакшы көрүшөт. Мен көбүнчө чөнтөк жагым менен кеңешем. Маселен, мындай деп ойлоном: «Кош… машина болсо Рыбачыга чейин 70ти алат. Таза машина […]

Расул Гамзатовдун поэзиясы Таштанбек Чакиевдин котормосунда

ТООЛУК КАРЫЯЛАР Жашайт тоодо карылар, Намыска бек, шертке бек. Сөзү өлсө, өмүрү Өлүм менен шерттелет. Жаза басуу, жаңылуу Түк кездешпейт аларда. Баасын берет бир карап Адал менен арамга. Көзү ачыктай айтышат Кимдин эмне болорун. Жоодон өлүп ким эртең Кимге дөөлөт конорун. Калп айтканга тетири Келет бата беришип. Адилдикти кулаган Атка кетет эңишип. Тилге жүйрүк береги Ак сакалчан карыя, Айткан сөзү кынаптап Мүлдө адамга жарыя. Кагылайын карылар, Журт эгеси өзүңсүң. Караңгыда жол тапкан Калктын кара көзүсүң. Чабандестин айылга Не келгенин билесиң. […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Бар болгула, чабалекейлер…

ЗАМАНДАШТЫН БЕЙНЕСИ (Абдыкерим Муратовдун 60 жылдык мааракесин куттуктап) Айылда төрөлүп чоӊойдум, бой таркандан баштап борбор шаарга келгениме кырк жылдан ашса да шаардык жашоонун ыӊгай-шартын кабыл ала албай, баари бир токойду эӊсеген карышкырдай болуп айылымдын ак таӊдары көздөн учуп, ушул күнгө чейин ошол жакка баргым келе берет. Айылдаштарымдын мүнөзү, жашоо эрежелери, кылык жоруктары эси-көөнүмдөн чыкпай, мен аларды бүгүн чыгармаларымдын каармандарына айлантып алгам. Белгилүү жазуучу, публицист Абдыкерим Муратовдун каармандары да дээрлик айылдыктар. Ошон үчүн бул жазуучунун чыгармалары менин жүрөгүмө жакын. Анын айыл […]