Жети бир тууган

Алтай жомогу Эзелки-эзелки бир эсте калбаган убактарда Алтайда али адамдар байырлай элек кезде бул жерге биринчи болуп жети бир тууган келиптир. Алар түз өскөн, бийик, бышык жети карагайдай бой жетип, жети күрөң аюудай бакубат, жети көк карышкырдай ынтымак болуптур. Алардын бирөөсүн гана көтөрүп жүрө алчу ат бул жер үстүнөн табылчу эмес. Ошон үчүн алар бир жерден экинчи жерге жез түркүккө таянып басып барышчу. Булар басканда жер бетинде эң тез учкан куштар да жете алчу эмес, тоого чыкса, жеңил бут кабаргалар* […]

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ: Оторчулук саясаттын тарыхый аталыштарга таасири  

Орусия империясынын оторчулук саясатын ар тараптан ачып берүү тарыхчылардын башкы милдеттеринин бири. Ансыз эгемендүүлүктүн баркын аңдап билүү мүмкүн эмес. Оторчулук аракет – бул жаңыдан каратылган калктын үстүнөн бир тараптуу чечимдердин кабыл алынышы, укуктарынын болуп көрбөгөндөй чектелиши, алардын ой-пикири, каада салты, маданияты, дини, тарыхынын басмыртталышы, кыскасы, карамагындагы калкты кыңк эттирбей башкаруу. Кыргыз эли Орусия империясына баш ийдирилгенден соң оторчулук саясаттын туташ зомбулугуна кабылган. Алардын бири кыргыз элинин тарыхый эстутумуна каршы жасалган аракеттер. ХIХ кылымдын 2-жарымынан тарта Түркстан чөлкөмүн башкарган падышалык төбөлдөр, […]

Ашым ЖАКЫПБЕКОВ: Адабий тарыхка акыйкат кеп калсын

АДАБИЙ МУРАС Редакциядан: Котормочу А.Жакыпбековдун чыгармачылык өнөрканасына кошо турган бул интервьюну өз кезегинде Чолпон Жолдошева уюштурган экен. Ал өз мезгилинде өтө популярдуу гезит – «Кыргызстан маданиятына» жарыяланган (18-август, 1993-ж.) Арийне, адабият илиминде бул урунттуу жагдай айтматов изилдөө илимине чымындай үйүлгөн адабиятчылардын, илимпоздордун көңүл сыртында келатыр. Ошол олуттуу маселени окурман эсине салып коюуну эп көрдүк. (Алым Токтомушевдин жеке архивинен) А.Жакыпбеков кыргыз окурмандарына кадыресе таанымал жазуучу. Бирок Чыңгыз Айтматовдун бир топ чыгармаларын кыргызчалатканы көпчүлүккө анчалык дайын эместей. Сөз ошол тууралуу болсун. Алгачкы […]

Жунай МАВЛЯНОВ: Нан

АҢГЕМЕ Мындан үч-төрт күн илгери Жаныбек, жаңы таамил алма багынын бир четинде чычкан кулагындай бариктерин эртели-кеч жүргөн желге жалмалатып турчу жалгыз түп талдын көзүнө карабай, эки түз кадасын кыйган болучу. Кабыгын аарчып таштаганга тез кургаса керек, кечинде жакшылап чыңдалган эки кетменди аларга аштап кийгизди да, бүгүн күн али нурлуу жүзүн ааламга көрсөтө элек маалда, биринин артынан экинчисин удаа тамдын төбөсүнө ыргытты. Жан жыгачы күнгө күйүп, эскиси жеткен шатыга бут койгондо майланбаган арабанын күпчөгүндөй андан «кыйч-кыйч» эткен жагымсыз добуш чыгып турду. […]

Александр ПУШКИН: Ар кай жылдагы байкоолор, учкул ойлор жана үзүндүлөр

* * * Бизде адабият бар, бирок адабий сын али түптөлөлек. Вольтерди билбеген, франмосондор тууралуу түшүнүгү да жок кемпирлер куу чирендерди франмосон, волтерянчы деп тилдеген сыяктуу эле журналисттер жазуучуларды романтика менен тилдейт. * * * Француз сынчыларынын романтизм тууралуу өз түшүнүгү бар. Алар кырданып кыялданган же кайгырып ындыны өчкөн чыгармалардын баарын эле романтика деп коюшат. Атүгүл айрымдары жаңыраак сөздөр менен сабатсыз саптарды да романтизмге такайт. Ошентип байыркы салттарга байланган, грек ыр түзүлүшүн француз тилине жөндөп салалбаган акын андрей Шенье да […]

Олжобай ШАКИР: Ишенимдин саткындары

Ишеним – адам баласынын эң ыйык сезимдеринин бири. Ишенимден ажыроо саткынчылык болуп келгени туурасында карт тарыхта мисал көп. Айтсак, дүйнөнүн улуу жаагери Чынгызхан ишенимдин саткындарына аёсуз жаза колдонуп, аларга кечирим кылбаган. Өз катарындагылардан чыккан саткындарга кылычтын мизи менен гана жооп кайтарган үчүн улуу империяны түптөгөн эмеспи… Кыргызстанды кубаттуу өлкө катары дүйнөгө тааныта албай келатканыбыздын эң башкы себебин көбү экономикалык чабалдыгыбыздан көрүшөт. Жок! Кептин баары – эл ишенимин сууткан саясый элитанбыздын саткындыгы экенин эки жолку мамлекеттик төңкөрүш көрсөттү. Анысы да, мунусу […]