Балдарга «баш катырма»

Амал менен окусаң, жыл мезгилин табасың Кардан тонду жамынып, Ызгаар жортуп жорголойт. Шыргалаң суу чорголойт. Жадырап тийип күн нуру, Ала шалбырт кез келет. Заматта бүрдөйт тал-терек. Жалбырттаган жалынсыз, Аптабы кактайт өрттөбөй. Йемен деген өлкөдөй. Кырманга кызыл дан толуп, Үйүлөт саман-топону. Зор береке ошобу? Айдаганда дейт экен Мышыкты – мыш, Итти – чык, Карганы – кыш, Төөнү – оч, Уйду – өш, Эчкини – чек, Эшекти – хы, Жылкыны – чу, Койду – кош, Тоокту – ток. Сөздүк ыр Байыркы мезгил […]

Монголдордун купуя тарыхы (ҮЧҮНЧҮ БАП)

(1-БАП) жана (2-БАП) ушул шилтемелерде Кытай тилинен которгон Аман САСПАЕВ Алкыйса, Темүрчин Бурхан Халдун тоосуна сыйынып болгондон кийин Касар, Белгүтейлер менен акылдашып, Тула (Тугла) дарыясынын боюндагы Каратүн деген жерде олтурушкан Керейлердин Ваң Ханы Тогрулду издеп келишти да ага: – Үч меркит кокусунан басып кирип катын, бала-чакамды олжолоп кетишти! Хан ата, сизден бала-чакамды куткарып беришиңизди суранып келдим,– деди. – Былтыр сага айткандарым эсиңдеби?– деди Ваң Хан Тогрул Темүрчиндин сөзүнөн кийин. Сен: «Атам тирүү кезинде сиз менен антташкан дос болуп өткөн экен. Ошол […]

Сүйүнчү: Биздин китеп дүкөндө…

Сиз үчүн заманыбыздын залкар таланты, белгилүү композитор, жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Түгөлбай Казаковдун «Эсимде» аттуу китеби жарыкка чыкты! Аталган китеп беш бөлүктөн турат. Сиз андан Т.Казаковдун эскерүү, ыр-баян, аңгеме жана котормолорун окуй аласыз. О.э. обондуу ырлары нотасы менен жарыкка чыкты. Агер сатып алууну кааласаңыздар,  0559 166 525 номуруна чалыңыздар! О.э. «РуЭш» сайтынын атайы китеп дүкөнүнө чалсаңыздар — 0700 532 585 Бишкек шаары боюнча так дарек менен жеткирип берүү да каралган. Китептин наркы 250 сомдон.

Сынакка: Мени компьютердик программалоо кызыктырат

№8 Ким болгум келет? Мен Сексенова Бегайым Бейшалиевна Ысык-Көл областынын Каракол шаарынын тургунумун. Азыркы убакытта №3 гимназия мектебинде 9 “Г” классында окуйм. Мектепти буткөндөн кийин биз өзүбүздүн жашообуздагы эң маанилүү кадам жасайбыз. Айрымдары турмуш куруп, өз бактыларын үй бүлө күтүү менен түзгүлөрү келсе, айрымдары каалаган же каалабаган окуу жайларга тапшырып студенттик жашоого кадам ташташат. Ошондуктан мен азыртадан эле ойлоно баштадым. Негизинен келечектеги кесибибиз акча табуу үчүн гана эмес, өзүбүздүн көңүлүбүзгө да жагуусу эсепке алынышы б.а., кызыктуу болушу шарт. Мен өзүм […]

Бугулар адамдарга аңчылык кылганы жөнүндө индейстердин уламышы (Саук уруусу)

Индейс жомогу Те качанкы заманда токой жаныбарларынын көбү адамдарга аңчылык кылчу экен. Висакё бир курдай сапарга чыгып, Бугуга кабылат. Висакё: – Кайда жол тарттың, тууганым? – дейт Бугудан. – Аны сен сураба, мен айтпайын, – дейт Бугу үшкүрүнүп, – адамдарга аңчылыкка чыктым. Андан көрө жакын аралыктан адам баласына кезиккениң жокпу? – Бир чакырымдай жерден кезиктирдим, – деп жооп берет Висакё. Бугу адам издеп жүгүрүп кетет. Висакё болсо мүшөгүнө жапайы алмаларды терип, таанылып калбаш үчүн өз өңүнө ылай шыбайт да, мүшөктү […]

Түгөлбай КАЗАКОВ: Жалгыз кайык

АҢГЕМЕ «Күйгөн эмне экенин күйүп бүткөн күлдөн сура». Таңга маал түш көрдү: «Кайдагы бир бийик жар. Төмөн жагы капкара болуп тумандап жатат. Кырында үйбүлөсү. Алыстан көрөт. Өзү ылдыйда, тигилер бийикте. Негедир алдындагы туңгуюкка секиргени жатышат». «Секирбегиле! Артка кайткыла! « – деп кыйкырайын дейт, үну чыкпайт. Чуркайын десе, буттары жылбайт. Анан эле аялы, артынан балдары чогуу аңга бой таштады. Эң артында көкүрөк күчүгү – жаны бир кызы эки колун атасына сунган бойдон кулады. Эч кимиси кайра чыккан жок. Тамагы буулуп, көкүрөгү […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Эне кудурети

АҢГЕМЕ …Көрдүңүздөрбү, тигине, адатынча бүгүн да өрөөнгө кеткен жалгыз аяк жол менен Батма кыштакты көздөй келе жатат. Ат үстүндө сөөктөй катып, үн-сөздөн калган чүкөдөй кемпир… Ботом, чын эле эмне болгон Батмага? Өмүрүндө кабагын чытыбаган Батманы карагылачы! Демейде Батма башкача эле го!.. Жол боюндагы саздын жээги оттуу боло турган. Аты дайыма өзү эле жолдон кайрылып чөптөн аймап кирчү. Батма «мейли байкуш» деп, атынын чалганына маашыр ала, шамал ыргаган чиелердин жапырылышын кунт коё карап, бир азга ойлончу. Шар суунун тынчыбаган шоокуму дайым […]

Бир сүрөттүн тарыхы

(Сүрөтчү Жоомарт Кыдыралиевдин бейнесине сүртүмдөр) «Чекишип – бекишүү» Мен Жоомарттын чоң атасы Мааламбердини да, өз атасы Асаналыны да көрүп калдым. Бул өткөн 80-жылдардын экинчи жарымы эле. Мааламберди карыя тээ отузунчу, контурдун каардуу жылдарында «тройка» тарабынан атууга өкүм кылынып, анан кош солдаттын айдоосунда баратып, ажалдын ач оозунан амал менен качып кутулуптур. Ал мындайча болуптур. Ээндетип барып атмакчы болушкан сары ооз балапан солдаттарга кайрылып, муңайым айтыптыр: — Эми балдар силерде не жазык, ишиңерди так аткаргыла. Мен да өлүм алдында бир ишимди аткарып […]

Кубанычбек МАЛИКОВ: Бүркүт баяны

(Болгон иштин жомогу) Токмоктун түштүк-чыгыш жагында кыргыз тоолорунун кыркасына кирген Талды-Булак деген Чолок капчыгай бар. Ырчы Ысмайыл экөөбүз кийинки жылдарда Бурана, Шамшы жактагы бир катар айылдарга бирге барып жүрүп, мына бүгүн, сөздөн сөз чыгып олтуруп ушул капчыгайдын баш жагына жеттик. Күздүн мээримдүү ачык күндөрүнүн бири болгондуктан машинабызды суунун жээгине, жашаңдап турган тегиз жерге токтотуп, Ысмайылдын каалоосу боюнча суунун баш жагын көздөй, бир кезде калың айылга конуш болгон жерлерди тике аралай бастык. Асман көпкөк, жер жылуу, анын үстүнө адырлардын, капталдардын саргыч […]

АЛИАББАС: Керооз кемпир

Алиаббас — 1957-жылы Нахичеван автономиялык областында туулган. Азербайжан мамлекеттик университетинин филологиялык факультетин бүтүргөн. Прозаик. Б и р н е ч е к и т е п т и н автору. «Йазы» адабий журналында иштейт. АҢГЕМЕ Байкуш кемпирдин бул ишемби күнү толук чычканды кармоо машакаты менен өттү десе болот. Кечке жуук көңүлү чөгүп, амалсыздыгы менен алсыздыгына көпкө кейип-кепчип жүрдү. Таң эртеде күндүн кулагы чыгар замат дароо керебеттин алдындагы тешикке капканын орнотуп, өзү шыпыргысын колго алды да чычканды жалпайта чабууга камданып турду. […]

Илбирс жана ноопаз

Бурят жомогу Качандар бир замандарда, кайсыдыр бир жерлерде чаар тери илбирс жашаптыр. Бир жолу ал ууга жөнөптүр да, токой четинен бир уйду көрүп аңдып калат. Мына даяр оокат, азыр ага бир ыргыйт да, ичин жарат, анан ушунча көп этке маарыйт. Ушинтип камынып турса эле бадал арасынан бир торпок тана чыга келди. Анан ал ноопаз уйга жакындап жалооруп мөөрөй баштады. Илбирстин ноопазга боору ооруду, ага минтип кайрылды: — Менин сага ырайымым келип атат, жүр мени менен чогуу кет. Буерде жалгыз калсаң […]

Такеши КИТАНО: Кикудзиро менен Саки

Дүйнөгө белгилүү жапон кинорежиссеру, актер, сүрөтчү Такеши Китано – бир нече повесттери менен өзүн чебер жазуучу катары да көрсөтө алды. Такеши Китано – 1947-жылы 18-январда Токиодо жарыкка келген. Кино ышкыбоздору анын “Сонатина”, “Фейерверк”, “Кикудзиро”, “Затойчи”, “Банзай, режиссер!”, “Ахиллес жана ташбака” сыяктуу тасмаларына жогору бааларын берип келишет. Кинематографияга зор салым кошкон Такеши Китанонун “Кикудзиро менен Саки” повести окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдо «РухЭш» сайтына жарыялоону туура көрдүк. ПОВЕСТЬ Которгон Фарида ИСАНОВА САКИ “Сени апам кераяк! – деп тилдеп жатат”. Эжем телефон […]

Мырзаян Төлөмүшевдин «Деген экени»…

Микрофон менен рюмканын жакындыгы Акын Омор Султанов менен Биримкул Алыбаевди телеге чакырышат. «Биримкул агай, микрофонду жакын кармаңыз» — деп редактор кыз безилдесе деле болбойт, сөзү угулбайт. Ошондо Султанов чыдабай кетип: «Ай, Биримкул, сен алдагы микрофонду рюмка кармагандай оозуңа жакындатсаң», – дегенден кийин, иш оңуна түшкөн экен… Чаткалдын мааниси Илгери жазуучулар Чаткалга барып, эл менен жолугушуу өтөт. Акын-жазуучулар аңгеме куруп бүткөн соң отургандардын бири олуттуу суроо коёт: – Өзүбүз жашап жүрүп маанисин билбейт экенбиз, бу Чаткал деген сөз эмне маани билдирет? […]

Назым Хикметтин тандалма ырлары

(1902–1963) Түрк акыны, коомдук ишмер. Түрк ак сөөгүнүн үйбүлөсүнөн. Ырлары 1917-жылдан жарыялана баштаган. 1921-жылы СССРге келип, чыгыш элдеринин коммунисттик университетинде (КУТВ) окуган. 1924-жылы Түркияга кайтып, революциячыл гезит-журналдарда иштей баштаган. Тунгуч ырлар жыйнагы Бакудан жарык көргөн. Революциячыл чыгармалары үчүн көп жолу түрмөгө түшүп, 1938-жылы 28 жылга кесилген. Өмүрүнүн 17 жылын түрмөдө өткөргөн. Дүйнө элинин кысымы менен 1950-жылы камактан бошотулуп, бир жылдан кийин кайра камалар болгондо СССРге качып, өмүрүнүн акырына чейин Москвада жашаган. Назым Хикмет түрк поэзиясынын мазмуну менен формасын түп тамырынан […]