Еврейдин аян түшү

Еврей жомогу Бир еврей үч жолу катары менен түш көрүптүр, түшүндө аны көпүрөдөн күткөн дөөлөт бар экен. Тынчы кетет. Күнүгө темселеп көпүрөгө барат. Чоң олжодон үмүт этет, бирок эч балээ таппайт. Тигиндей өтөт, мындай өтөт. Жок. Көпүрөнү кайтарган кароолчу сурайт андан: – Каршы-терши каттап калдың, не жоготтуң эле мында? Биздин еврей көргөн түшүн айтып берет. Кароолчунун күлкүсү келет ага. Дейт экен анан: – Хе… Саа бышырып коюппу аян түштү. Мен деле бүгүн күркөмдө тук эте калсам, түшүмдө сенин үйүңдөгү меште […]

Чоюн ӨМҮРАЛЫ: Тарыхтын философиясын аңдоо зарыл

1. «Желтоксон» күрөшү тууралуу буга дейре көп эле айтылды. Бүгүн алардан артылып анын алдыга сабагы же дегеле тарыхый окуялар жана алардын тастыкталышы жайында айтышка туура келет. Бүгүн ушул багытта ой толгогум бар. Анткени, «Желтоксон» күрөшү да тарыхка качандыр бир «казак кайың сааганда, кыргыз Ысар киргенде» дегендей, же «актаман чубурунду», болбосо «Ормонбет бий өлгөндө он сан ногой бүлгүндө», же дагы «калмак кырган» деген сыяктуу эле тарых барагына түбөлүккө басылып калган орток, өчпөс тамга. Кайриет, ал кылымдар бою азаттыкка умтулган улуу көчмөндүн […]

Шайлообек Дүйшеевдин оозеки аңгемелерине күлүп алгыла

  Атасы «өлгөндө» Аксынын Караванында гастролдоп жүрүшкөн кыл кыякчы Толтой Мураталиев Асанкул экөө Жалал-Абадга тезинен чакырылып, аэропорту жок Кербенден учалбай, Намангандан учмак болушат. Кассада болсо белет жок, ошондо Асанкул: — Толтош, азыр аэропорттун начальнигине киребиз. Кирериң менен эле сен буркурап ыйлап жибер, атам өлүп калыптыр деп айт, — дейт. Бирдеме сеп этмейин ыйлай албасын айткан Толтойго 150 грамм ичирип, начальникке жетелеп кирет, тиги болсо босогодон эле буркурап-боздоп кое берет. Кепти уккан начальник: — Аксакал, сабыр кылың, өмүр жашын сизгеям берсин, […]

Ажалды күттүргөн апыз Абдул Гани Хан (аудио)

Хан Абдул Гани Хан пуштун тилинде жазган акын, жазуучу, бедизчи, художник, ойчул, саясатчы, гуманист. Индостанды диний негизде бөлүүгө британ оторчулугуна каршы куралсыз күрөшүүнүн лидери болгон атасы экөө каршы чыккан. Элинин диний караңгылыктан бошонуп, билим алуусу үчүн күрөшкөн бул көй кашка инсандын ырлары менен өмүрү тууралуу баян. Амирбек Азам уулу, «Азаттык», 13.02.2017-ж.  

Худайберди ХАЛЛЫ: Карышкыр

Боордош эл адабиятынан Түркмөнстандагы катаал саясый режимден улам Европада бозгунда жүргөн түркмөн жазуучусу Худайберди ХАЛЛЫ туурасында буга дейре «РухЭш» сайтында анын маегин жарыялап (Саясый куугунга кабылган түркмөн жазуучусунун тагдыры), чыгармалары менен кыргыз окурмандарын тааныштырууну убада кылган элек. Убадабыз боюнча таланттуу жаш котормочуларыбыздын бири, түрколог Урматбек Нурсейит уулунун эмгеги менен түпнускадан кыргызчаланган боордош жазуучубуздун «Карышкыр» аттуу аңгемесин сунуштайбыз… АҢГЕМЕ Жер бетине жарык түшкөндөн бери ал коркунучтуу кездешүүнү күтүп жатты. Күн уясынан чыгып, жерден көлөкө көтөрүлгөндө күрүлдөгөн жагымсыз үн угулду. Күрүлдөгөн үн […]

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ: Мен добровольный нищиймин

Жазуучунун Бишкекке келгенин угуп, үйүнө бардык. Төрт киши чубалып ээрчишип алганбыз – Азиз Дүйшөбаев, Нургазы Мусаев, Максат Жумабаев жана мен – Олжобай Шакир. – Э келгиле, өткүлө жолуң болгурлар. Бутуңарды чечкиле… – Алдыбыздан каршы алган шыргый бойлуу Кубат аке менен баарыбыз бирден кол кысышып, береги сүрөттөгү үстөлдү тегеректей жайгашып отурдук. Саамга ооз ачышпай отура бердик. Сөз өзүнөн чыгабы дедик окшойбуз баарыбыз, жок, кыргыздын наркын карманган карыя жазуучубуз үн чыгарар эмес. Улагасын аттаган кишинин не келгенин кыргыз сурабайт эмеспи, Кубат акебиз […]