Биримдик

Тажик жомогу Илгери өткөн заманда бир киши жана анын үч баласы бар экен. Алар үй-бүлөсү менен бактылуу жана ынтымакта жашаптыр. Бир жолу Бакыт ал кишиге минтип айтыптыр: – Мен бүгүндөн баштап сенин үйүңдөн кетем! Эмне болгонун түшүнбөй, ал киши улуу баласын чакырып алып мындай дейт: – Бакыт биздин үйдөн кетем деп атат. Буга эмне дейсиң, эмне кылабыз? – Кетсе, кете берсин! Бизге Бакыттын кереги жок, биздин достугубуз кетпесе болду дейт, – улуу баласы. Атасы бул жөнүндө ортончу баласынан эмне кылабыз? […]

Лао Шэ: Карасөз каражаттары

Анык аты – Шу Цинчунь . Кытайдын көрүнүктүү жазуучусу, драматург, улут адабиятынын эң мыкты устаты. Ал 1899-жылы Пекинде жакыр адамдын үй-бүлөсүндө туулган. 1917-жылы педагогдук кесипке ээ болуп, мектепте директор, Нанькай университетинин жалпы билим берүү окуу жайында окутуучу болуп иштеген. 1919-жылы Пекиндеги Яньцзин университетине кирип, «4-май кыймылы» аттуу алгачкы аңгемесин ошондо жазган. Андан бери көптөгөн роман, повесть, пьесалардын автору болуп, Лондон, Париж, Сингапур, Сан-Франциско өңдүү дүйнөнүн көптөгөн шаарларында кытай тилинен сабак берген. Лао  Шэнин өлүгү 1966-жылдын 24-августунда Тайпинху көлүнөн табылган. Өзүн өзү […]

Батыш менен Чыгыштын руханий көпүрөсү Жалалиддин Руми

Абдыкерим МУРАТОВ Дүйнөлүк адабияттын классиктери аталып жүргөн Абдурахман Жами, Алишер Навои сыяктуу улуу устаттар өз устаты катары Жалалиддин Руминин атын аташкан. Анын чыгармачылыгына дүйнөлүк илимий жана көркөм ойдун бийиктигинде турган немис аалымдары жана акындары Гегель, Гёте да жогору баа берген. Орус «тамсилинин атасы» наамын алган И.А.Крылов бир топ чыгармаларына негиз кылып Руминин жазгандарына кайрылган. Жалалиддин (Жалал-ад-Дин) Руми 1207-жылы азыркы бөлүштүрүү боюнча Ооганстан аймагындагы Балх шаарында туулган. Ал эми Тажикстандын президенти Э.Рахмонов 2006-жылы 20-январда Конья шаарында өткөн Мавляна Жалалиддин Румиге арналган […]

Худайберды ХАЛЛЫ: Хан, бутуңдагы чарыгыңды карачы!

Которгон Амирбек АЗАМ уулу Боордош эл адабиятынан ИКАЯ Жолго чыкканымда арты жемирилип, кадам шилтеген сайын бутуман суурулган кавишим[1] көңүлүмдү өйүп турду. Бирок мен бут кийим сатып алганы баратам. Шого көөдөнүм көөп, кавиштин азабы оюмдан тез эле учуп кетти. Бул менин көбүнесе апкыты жыртылып, таманы тешилген эски кавиш кийип жүргөнүмдөн го… Мен бир да кавишти жыртылып бүткөндөн мурда таштап салган эмесмин. Өспүрүм кезимде эртеден кечке алдыңкы колхоздо иштеп жүргөнүмдө тумшугу тешилген, кокус таш басып алсам,  таманымды мык киргендей сыздатып ооруткан кавишимди […]

Батукаевдин түрмөдөн аздектеп бошотулушу туурасында анализ

Ташка тамга баскандай бул анализди убагында маркум журналист, публицист Алым ТОКТОМУШЕВ «Жаңы Агым» гезитине (жума, 28/02/14) кемелине келиштире жазган. Детектив чыгармаң биякта калат. Кыргыз журналистикасында «анализ жанрынын атасы»  делген Алыкебиз саясат, экономика темасындагы талуу маселеге келгенде, А.Акаев менен К.Бакиев бийлигинин айласын кетирчү… А.Атамбаевдин бийлиги оң-тетири кете баштаган учурда да сиздер азыр окуй турган береги макаладагы логикасы парламант трибунасында жулкунгандардын жүйөөсүнөн алда канча салмактуу чыккан. Бирок коомчулук ошол кезде бул анализге анчейин көңүл бурбады көрүнөт, эми кайра көңүл буруп көрсөңүздөр – […]

Дооронбек Садырбаевден калган адабий мурас: Аппассионата

АҢГЕМЕ Августтун аягы. Салкын кеч. Обон дарак баштарын термелтип, аларга кошуп, менин жүрөгүмдү делбирете шыңгырап жатты. Ооба, Азиз Акылбергеновичтин үйүнөн… Мектепте окуп жүргөнүмдө эч ким карабай чаң басып турган пианинону тарсылдатып жүрүп, анча-мынча обон окшогон бирдемелерди ойногонду үйрөнүп алган элем. Ошону көргөн балдар тургай мугалимдер да тыңшай калышчу. Назик күү, сөз менен айтып бере алгыс назиктик, сылыктык… Кандайдыр каныңа куюлуп түшкөндөй болот, делебе козгоп көңүлдү эргитет… Кимдин ойноп жатканын көрөйүн дедим… Азиз Акылбергенович эки-үч жолу ээрчитип кирген болучу. Бир жолу […]