Эки дос жана алардын аялдары

Уйгур жомогу Бир шаарда эки дос жашаптыр. Биринин аты – Юсуф, экинчисики – Якуб. Экөө тең үйлөнгөн, өз аялдарын жакшы көрүшчү экен. Бир жолу Юсуф Якубга жолугуп калып, өз аялын мактап, шаардагы аялдардын эң жакшысы, мыктысы дейт. Якуб досунун сөзүн угуп олтуруп мындай дейт: – Кимдин аялы мыкты экенин турмуштан текшерип көрөлү. Өзүнө өзү ишенген Юсуф дароо эле макул болот. – Азыр өз үйүңө баргын да, ооруп келдим деп өз төшөгүңө жатып кал, анан оорулуу кишидей чабалактап, онтой башта. Кудайлап […]

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май айындагы окуялар

Башын береги шилтемелерден табасыз: Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору жана Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Өткөөл мезгилдин бийлиги II БӨЛҮК Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р.Отунбаеванын сырткы күчтөрдүн таасири астында берген уруксаты менен 2010-жылдын 15-апрелинде үй-бүлөсү менен сыртка чыгып кеткен К.Бакиев Белоруссиядан башпаанек тапканы менен, Жалал-Абадда калган Жаныш Бакиев баш болгон инилери жаны бийликке болгон каршылык күрөшүн Жалал-Абад, Ош областында жашыруун жүрүп улантып жатты. Бакиевдердин колдоочулары ачык түрдө Убактылуу Өкмөткө каршылык көрсөтпөгөндөй эле, Бакиевден да ачык түрдө биротоло кол үзүшкөн жок. Ар кайсы региондордо, Россияда, Казахстанда качып жүрүшкөн Бакиевдердин […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: Чарчоо керек, бөтөнчө сүйүктүү аялыңдын лаззатынан

Акыл тегерете алгандардын баары – атеисттер. * * * Байлар – кунарсыз журт… бардыгы окшош да. * * * Айрым адамдардын кемтиги күлүк аттын сымбатындай эле сыртынан даана көрүнүп турат. * * * Шайыр адамдар адатта курч келишет да, согушта биринчилерден курман болушат. * * * Жансыз жазгандардын айланасында кагазы көп. * * * Өткөн мезгилде мекен үчүн өлүүнүн таттылыгы жана кереметтиги туурасында көп жазышчу. Азыркы согуштун эч кандай таттысы да, керемети да жок. Ит сыңары эч себепсиз эле өлүп […]

Чыңгыз Айтматовдун орошон ойлорунан

МУРАС * * * Элдин өмүрү анын тилинде, элдин тили – бул феномен, бул жалпыга маанилүү кымбат нерсе. Ар бир тил – жалпы адамзат генийинин кенчи. Кайсы элге тиешелүү болгонуна, өнүгүүсүнүн кандай деңгээлде экенине карабастан, ар кандай тилди теңсинтпей, аны менен эсептешпей коюуга акыбыз жок. * * * Эпос качан болбосун элдин көңүл-көөнүндөгү аздектеген сөзү, эл тагдыры жөнүндө анын уламыш санжырасы болуп келген. Биздин мезгилде, индивидуалдуу чыгармачылыктын мезгилинде ал дал ушул маанисинен таялек. * * * … адам турмушунун ар […]

Олжобай ШАКИР: Сууга жуулган из

АҢГЕМЕ I Атам ыраматылык мени дайыма туягым деп эркелетчү. Муну уккан атамдын агасы Закир абам бир күнү: – Кыз баланы ата-бабабыз эч качан туягым деп айтпаган, – дегенин угуп атам өзүнүкүн бергиси келбеди. – Туягым дебесе дебесин, мен кызымды туягым эле дейм… Кыз баланы туягым деп эркелеткени орунсуз кеп экенин атам деле абамдан башкалардын оозунан көп укту. Бирок жарыктык өлөр өлгөнчө мени туягым деп жүрүп өттү. Бечаранын менден башка туягым деп эркелетер уулу болбосо кантсин. Мага чейинки Кемел төрт жашка […]

Фатих Амирхан: Tатар кызы

АҢГЕМЕ Тирүүлөй көмүлүүнү каалабаган чыгыштын мусулман кыздарына багыштайм. Автордон 1 Төрөлдү… Төрөлгөндө ал адам эле; бут-колдорун, мойнун өзү каалаганча кыймылдатууга ыктыярдуу, көздөрү менен каалаган жерине кароосуна эч ким жолтоо боло албачу. Кээ бир учурларда кол-буттарын орой таңып, аны кыймылдабоого мажбур кылышат… Бирок ал буга каршы турууга кудуреттүү. Ыйлай алат, кыйкыра алат, өз эркиндигине кысым көрсөткөндөрдүн көзүнө тике карап үндөй алат. Төрөлгөндө ал адам эле; жылмайып, көз алдында азыр гана пайда болгон турмуштан, дүнүйөдөн шаттанып, ырахаттанганын билдире алат, өзүндө “каалоо”, “каалабоо” […]

Сынакка: Ата-бабалардан калган Ак-Дөбө

Менин айылым «Асманда жылдыз, жерде кыргыз болсун» демекчи, мен кыргыз болуп калганыма сыймыктанам жана даңктанам. Ошол бейиши жыттанган, аскасы асман тиреген, чер токойлуу, мөлтүр булактуу, кенге бай мекеним Кыргызстандын Жалал-Абад областынын аттын кашкасындай таанымал Аксы районунун Кербен шаарынан үч чакырым аралыкта жайгашкан Ак-Дөбө айылы менин киндик каным тамган ыйык туулган айылым. «Тарыхы болбой эл болбойт» деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени жети атаңдын жашаган жеринин тарыхын билбесең Ч.Айтматов атабыз жазгандай маңкурттан айырмаң жок болсо керек. Ата-бабаларыбыз айтуусу боюнча Ак-Дөбө айылынын тарыхы […]