Арстан күчүгүн асыраган мышык

Кыргыз жомогу Бир мышык каңгып жүрүп өлүп жаткан арстанга жолугат да, анын жетим калган күчүгүн бооруна кысып, эмизип асырап алат. Арстандын күчүгү өсүп албарс азуулуу чоң арстан болот. Өз тамагын өзү таап жей баштайт. Бир күнү карды ачкан арстан өзүн асыраган мышыкты жемек болот. Мышык анын бул оюн сезип, андан-мындан бир тийип талдын башына чыгып кетет. Ошондо Арстан Мышыкка: — Ой, ак сүтүн эмизип асырап баккан энем, тууган энемден да ысыксың. Бар акылыңды үйрөтүп бакканда эмне үчүн тал башына атып […]

Эйваз ЗЕЙНАЛОВ: Жарык

1950-жылы Азербайжан Республикасынын Агдам шаарында туулган. 1973-жылы Азербайжан пединститутун бүтүрүп, мугалим болуп иштеген. Кийин, Россия, Украинада жашап, 1993-жылы армяндар Агдам шаарын басып алганда Бакуга көчүп, туруктуу жашап калган. Алгачкы аңгемеси 9-класста окуп жүргөнүндө эле жарык көрүп, 1990-жылы «Бесцветный сон» («Түзсүз түш») аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. Чыгармалары орус, түрк, грузин, поляк тилдерине которулган. 2007-жылы Европалык ФНД басма үйү Э.Зейналовго «Карабах аңгемелери» китеби үчүн мыкты мекенчил жазуучу катары Эл аралык Алтын сыйлыгын ыйгарган. 2008-жылы «Махмуд Кашгари – 1000» жылдыгына арналган түрк […]

Анатай ӨМҮРКАНОВ: Залкарлардын залкары

ЭСТУТУМ Сүйлөсө сөз, олтурса төр жарашкан, адабияттын гана эмес атпай журттун атасы сыяктуу болуп калган Түкөмдү биринчи жолу Дзержинский гүлбагынан көргөнүмдө ооз ачып салам айтканга дарманым келбей элейип, эсим ооп калган. Башына күн кондуруп алгандай, апаппак чачы чачыраган күн нуруна окшогон, бармактай кезден сүрөтү китеп, гезиттен тааныш бул карыя, мага куду Кыдыр сыяктуу көрүнүп кетти. Пил ээрчиген күчүктөй артынан көпкө акмалай басып, үйүнө кирип кеткиче «аңдып» жүргөнүм эсимде. Жалаң китебинен билип, сүрөтүнөн таанып жүргөн тирүү жазуучуну, болгондо да жазуучунун алпын […]

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ: Биринчи байлык – ажоолук!

САТИРА – Урр-е-е! Талапкерлер такка чуркамай да күн келип жетти, эми кызык башталат! – Кимди колдойбуз, ыя? – Албетте, Атантөөйевди колдойбуз, анын ара-шансы жогору деп атышпайбы! – Жок ай, ал болбойт ко. Андан көрө Оозуңаташиевди же Башыңатаажиевди колдойлу! Экөөнүн бирөө точну өтөт экен деген такталбаган маалымат бар! Эртең менен таңга маал кыгыбыдан сүйлөштү деп базардагылар бадыраң сатып отурушат. – Аның апасный го, өткөндө Кыкынбынын эки баласын кармап алып, үйүнө киргизип, кыйнап аш жедирип, түгөтмөйүнчө кетпейсиңер деп курсакка ургулаптыр. Үч күн […]

Төлөндү АКМАТОВ: Күн болбой куруп кал

АҢГЕМЕ I Бороон улуйт. Тунарган терезеге буюккан кар тозоңу демеп-демеп урунат. Мешке көң жагылган, үй ичи мейрим төгүп жылуу. – Апа, бүгүн барбачы, сөздү угуп, эшик тигинтип турса кантип жетесиз деги, – келин карылыгы жеткен кайненесине карап, бөлмөнүн ортосунда турду. – Кой, балам, убара болбо. – Анда мен да барам, апа. – Сен кетсең үйдө ким калат? – Анан кантип жүрөсүң деги ушу бороондо, – келинчек чын дилинен кайненесин аяп турду. – Карачы эшикти. – Мени Кудай албайт, балакетиңди алайын, […]