Семиз Замай жана мангатхай

Бурят жомогу Байыркы заманда кызыктай бир жаныбар болуптур. Ал киши жегич-мангатхай аталат экен. Ошондой мангатхайлардын бири, чамасы абдан эле сугалагы болсо керек, кайсыл бир чөлкөмдө Замай-тарган деген ашкере эткээл киши жашайт деп эшитип калат. Мангатхай ошону издеп, таап, жегиси келет. Көп жүрөт, издөөдөн тажабайт, акыры ошентип семиз киши Замайга да кезигет. Анан не максатта келгенин дароо эле айтып салат: — Мен сени жеймин, Замай! – дейт. Замай куу киши эле, ал корккон да жок, кебелип да койбоду. Кайра мынтип атпайбы: […]

Антон Чеховдун каттардан тандалган саптары

Улуу жазуучунун көпчүлүк чыгармалары кыргыз тилине которулган. Бирок кыргыз окурмандары анын жашоо турмушу, жеке кулк-мүнөзү, адабиятка, жазуучулук өнөргө мамилеси тууралуу анчалык кабардар эмес. Ал кенемтени аздыр-көптүр толуктоого аракет катары айрым каттарынан үзүндү которуп жарыялайбыз. Антон Павлович каттарында да таамай тамаша, жеңил юмор менен омоктуу ойлорду ортого салганын байкоо кыйын эмес. * * * … Эгер мени кандайдыр бир талант даарыса, мен аны сыйлоого, урматтоого милдеткер болсом, Сиздин ак дилиңиздин алдында моюнга алам, мен эч качан сыйлаган да, урматтаган да эмесмин. […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Түшүнүк кат

АҢГЕМЕ Кайсы кара теке сүзүп, бала чактагы парталашым менен сеп этип койгом, билбейм. Айтору ойгонсом, терезеден найзадай тийген күндүн нуру көзүмдү уялтып ийди. Бөлмөдө менден бөлөк жан калбаптыр. Түшүнүктүү, тартип деген бардык жерде үстөмдүк кылып, оожалган чак; декретке чыгар кош бойлуу зайыбым жаңы баскан баламды колуна көтөрүп, эки жашка чыккан уулумду жетелеп бакчасына жеткирип, өзү андан ары жумушуна, кол арага жарап калган чүрпөлөрүм мектебине кетсе керек. Өзөк жалгоо жадымда жок, бети-башты чала-була жууп, шапа-шупа кийиндим да, ишканага шашылдым. Машинамды жүргүзгөнчө […]

Марк ТВЕН: Тамекини таштагандан жеңил нерсе жок, мен аны отуз жолу таштадым

Марк ТВЕН (1835-1910), америкалык жазуучу Көпөстөр өздөрүнөн башкага кам көрбөйт. Жардылар гана жардыны түшүнүп, биринен-бири жардамын аябайт. * * * Кудайга сыйынгандан көрө ашатып-ашатып сөгүп алсаң жеңилдей түшөсүң. * * * Жападан жалгыз бир христианин болсо, адамдар аны да жыгачка керип өлтүргөн. * * * Баардык саясый партиялар акыр аягы өздөрүнүн калпына өздөрү көмүлүп тынат. * * * Бир жыл мурда изги жан элем: нью-йорктуктардын ыйманы менен камыр-жумур аралашкандан баштап миллионерлерден өткөн уят-сыйытсыз адамга айландым. * * * Келгиле, ынтымакта […]

Ыйман ноктосу үзүлгөн бийлик

Ыйман ноктосу үзүлгөн жерде кандай коом жаралаары туурасында улуу жазуучубуз Ч.Айтматов публицистикалык эмгектеринде айтып кеткен көрүнүштүн дем-күчү артып барат. Дал бүгүн. Болгондо да бийликтин эң жогорку эшелонунунда. Анын коридорунда эс калчаган бирөө-жарым жоктой. Баары эле заарын бүрккөн өктөмдүккө таянып саясат жүргүзгөн үчүн адеп, ыймандын нокто-чылбыры үзүлүп, кара күч менен каршылаштарынан өчмөндүү кегин алуу саясаты күүсүнө келди. Бийликке сын-сыпат айткандарды сындыруу четинен уланууда. Ачык да, көмүскө да. Президент заарын ичине каталбай калганын анын арбир жолку эл алдында айткан-дегендери айгинелеп отурат. Оозунан […]

Мидин АЛЫБАЕВ: Төлгөчүнүн сыры

АҢГЕМЕ Канчанчы жылы экени эсимде жок, айтор, кийинки согуш жылдарынын бири. Жайдын күнү болучу. Шилбили дегенди өрдөй Соң-Көлгө жалгыз бара жаттым эле. Жанымда жолдош жок эригип, эриккенден барып уйкум келип, талыкшып бара жатам. Зооканын түбүндөгү көлөкө менен өткөн жолго жаңы түшкөнүмдө алдымдан бир жөө чыкты. Саламдашып, алик алыша баштагандан кийин эле: – Ээ, иним, маңдайың жарык, ырыска шерик, жолуң ачык, адамга жамандыгың жок, ак пейил жигит экенсиң. Төлгө ачтыра кет, – деп алаканын жайды. – Төлгөчүсүңбү? – Ооба, иним. Кудай […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Ал сулуулукка чакырат

ЖАЗУУЧУНУН БЕЙНЕСИ Түштүктүн жазы Ата Журттун башка аймагына караганда кыйла эле эрте келет. Жашыл тоолордун этегиндеги алча, гилас, алма шагы аппак, мала кызыл, саргыч, көгүш гүлгө оронуп, чымчык менен аарысы бакка батпай ызы-чууга түшүп, теребелди ого бетер шаңга бөлөйт. Торгой безенген талаага соко түшүп, жер коңторуп, буу чыгып, алыстан караганда кишиге жашыл түзөңдү кимдир бирөө кара боек менен чийип кеткенсийт. Чар тараптан жаздын илеби буруксуйт, гүлдүн жытыбы, чөптүкүбү, айтор адамдын көңүлүн ээленткен ырайымдуу табияттын кереметтүү күчүн ошондо бир сезесиң. Кантип […]