Канаттуулардын төрөсү

Лит жомогу Качандыр бир заманда канаттуулар жайык аңызга жыйналыш уюштуруп, куш төрөнү шайламай болушат. Чогулгандардын арасында: шумкар, кунас, чыйырчык, жылкычы чымчык, ак куу, торгой, карга, ал эмес кибиреген кенедей бир куу чымчык да бар экен. Канаттуулардын ар бири эле төрө болуп шайлангысы келиптир. Бирок алдыга чыгып эч кимисинин «мен» дегенге ооздору барбайт. Баары чуру-чуу, күрү-гүү. Бир убакта калдайган канатына ишенип, алдын ала ой жоруп турган кунас мындай дейт: – Кимде ким баарынан бийик уча алса, төрөбүз ошол болсун. Анын айтканын […]

СЮН-ЦЗЫ: Билимди өмүр бою алып, аны акыркы дем үзүлгөнгө чейин ула!

ДИЛАЗЫК Тоонун туу чокусуна чыкмайын, асмандын чексиз бийиктигин түшүнбөйсүң. Капчыгайдын уч-кыйрына көз чаптырганда гана кара жер кабат-кабат калың экенин аңдайсың. Ата-бабанын осуятын билмейин, илим-билимдин жолу оор экенин баалабайсың. * * * Иймеңдеген сөөлжандын курч тырмагы, курч тиши жок. Боюнда булчуң эт же бир сөөгү болсочу. Ошондо да ал жер үстүнөн азыгын таап жеп, жер астындагы сууну ичет. Себеби ал дайыма соймоңдогон кыймыл аракетте! Бөйөн болсо кыпчуурдай эки колдуу, сегиз буттуу. Сөөлжанга караганда бөйөндүн жөлөп-таянчу буттары, колу бар үчүн тынчы жок. […]

Самсак СТАНАЛИЕВ: Тыныстановду НКВД эмес эле өзүм кыйнап, мен атып салгандай боло берем

Самсак Станалиевди адабий коомчулук жазма адабиятыбыздын жаралыш, калыптаныш мезгилине байланышкан архивдик документтер менен алышкан абыгер үчүн өзгөчө баалайт. Мындай адабий түйшүккө ар ким эле чыгармачыл өмүрүн сарптай бербесе керек. Өзгөчө бизде. Бу киши соңку жылдары “Чагылгандын көз жашы” (Касым Тыныстанов боюнча тарыхый роман) жана “Залкарлар сүйгөн сулуулар”, “Жылдын эң узак күнү” аттуу олчойгон эмгектеринен сырткары да С.Карачев, Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбеков, Т.Сыдыкбеков ж.б. инсандардын өмүр жолун, чыгармачылыгын изилдеген адабий, илимий негиздеги материалдарды жыйнап жүрүп тар чөйрөдө “кемпирчи” деген атка конгон чебер жазуучу. […]

Ильгиз ТАЛИП: Өктөлүү кеп

АҢГЕМЕ Жай саратанда айыл ичи үп болуп, куяш тарабынан оорлошкон аба адамды думуктуруп, жан-жаныбар көлөкө качырып калат. Эмгек талаасындагылар мындайда шыйпаңга чогулуп, тамактанган соң арык боюндагы көрүнгөн талтеректин түбүндө солуп жатышат. Ушу маалда жан-жаныбар, паренделер да тынып, жымжырттык өкүм сүрөт. Коларага жарап калган бизге окшогон мадырабаштардын да өз түйшүгү бар. Бирин-экин кой-эчкини жайытка чыгарып, уй менен музоону аңыз четине аркандап келебиз. Бала деген бала да – ара-чолодо оюнга алаксып, кайтарган малыбыз эгинге кирип кетсе, корукчудан балак жеген күндөрүбүз да болгон… […]

Абдинаби ДААБЕКОВ: Тон жыты

АҢГЕМЕ Күзгү кечтин дагы бир кези келди. Кадыресе күн суутуп, арык суусу ичиркентет да, ага кол салууда этияттан-этият. Күн эчак уясына түнөп, ире-шире шам айылды кучактап келатты. Ички-тышкы бөлмө, далис жана төркү үй. Анча-мынча жууркан-төшөк, бурчта жыгач үкөкчө, негедир андан жагымдуу жыт келет, ача салсаң катырылган нан менен пөпөк канттын жыты «бур-р» этет. Кечки чайда, эртең мененки нануштада үкөкчө ачылат да, бир ууч кант, катырылган нан дасторконго ташталып, далис, төркү үй жытка жык… Азыр да ошондой болду, жамаачылуу чапан кийген […]

Олжобай ШАКИР: Пикассо

АҢГЕМЕ (Жаныбек Райга арнайм) Эң мурда мен анын сүрөт көрсөтмөсүнөн катуу таасир алдым. Чынында сүрөт өнөрүнө жыргатып түшүнчү эмесмин. Ошол кезде Айтматовдун баскан-турган изинен өйдө кызыгып жүргөн кезим. Анан гезит беттеринин биринен «Кыргыз Пикассосунун сүрөт көрсөтмөсүнө биздин ааламга белгилүү улуу жазуучубуз да катышат» деген кабарды окуган үчүн сүрөт көрсөтмө уюшулган жерге келгем. Мен мурда-кийин мындай көрсөтмөлөргө катышпагандыктан чоң залда илинген сүрөттөрдүн салтанаттуу ачылышын күтпөстөн көрсөтмөнүн эң төрүнө өтүп алыптырмын. Аңгыча ошол жердеги бир чети жыгач устадай, бир чети кароолчудай көрүнгөн […]