Лео ЛИОННИ: Бул меники!

Жазуучу, художник, скульптор, балдар китебинин иллюстратору Лео Лионни (1910-1999) Амстердамда туулган. Кошмо Штаттарда жашаган 20 жылды эсепке албаганда, бүт өмүрү Италияда өткөн. Балдар үчүн жазган төрт китеби АКШнын библиотекарлар ассоциациясынын Калдекотт медалына татыктуу болгон. Англис тилинен которгон Амирбек УСМАНОВ (АЗАМ уулу) “Күн чубак” авизинин ортосунда талпактай аралча бар эле. Жапжашыл папоротниктер менен уй тилиндей жалбырактары сеңселген куурайлар өскөн арал жээгине корголдой майда шагылды табият өзү тасмадай төшөп койгон. Бул аралда Мильтон, Руперт жана Лидия деген үч ажаан бака жашайт. Бакалар […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Муштум

ЖОМОК Күндөрдүн биринде эне Бармак төрт баласына: Сөөмөй, Ортон, Атыжок жана Чыпалакка кеңеш салды. — Балдарым, бак тикпейлиби? – деди балдарына суроолуу карап. — Макул, энеке, тээтигил жерге тигели, — деп Сөөмөй ээн жаткан талааны көрсөттү. — Опий, ал жердин баарын кантип айдайбыз, белибиз ооруйт ко, — деп Ортон моюн толгоду. — Кантип айдамак элек, чанайбыз деле бак тигип коебуз, — деди Атыжок Ортонду анча жактыра бербей. — Айдаса айдайлы, — деп Чыпалак чебеленип жиберди. Балдарын байкап турган Бармак мындай […]

Чыңгыз Айтматов Сыдыкбеков жөнүндө

Тоо бөксөрбөйт Баштагы Караколдо (азыркы Пржевальскиде) эскиден калган үй бар, ал азыр да турат. Кабыргасы ката элек каргадай чагында Түгөлбай Сыдыкбеков ошол үйдө жалданып иштеген. Андан бери «тээ илгери» дегендей деле убакыт өтө элек, бул жыйырманчы жылдардын капортосунда болгон иш. Үйдүн өрү кетсе да, өзү калып дегендей, бир топ эле эскирди, ал эми ошондогу жалчы жүргөн баланын ооматы келип, зоболосу өргө кетти. Ал узак, бирок байсал жол басты, батырактан академиктин даражасына жетти. Фольклордук салттардан көп пландуу социалдык романдын аскар белине […]

Эйваз ЗЕЙНАЛОВ: Кымбат шоколаддын кутусу

АҢГЕМЕ Урматтууларым, силерге шоколаддын бир кутусу тууралуу кызык окуяны айтып берейин деп турамын. Ал, кондитердик фабрикада жасалган кооз, кымбат шоколаддын кутуларынын бири болучу. Аны дүкөндөн атайын сатып алып кичинекей, татына кыздын туулган күнүнө белек кылышкан эле… Меймандар али таркай элек болучу. Туулган күнү белгиленип жаткан кичинекей, татына кыз бир кезде белектер киргизилген бөлмөгө билинбей кирип кетти. Ар түркүн жайнаган шоколаддын, момпосуйдун кутуларынын арасынан анын көңүлүн сөз болуп жаткан кымбат шоколаддын кутусу өзгөчө буруп калды. Кыз аны дароо ачып, шоколаддын бирин […]

Өзүбек АБДЫКАЛЫКОВ: Тамаша

АҢГЕМЕ Анда союз мезгили Бекташ менен Сапарбек бир ферманын зоотехниктери. Бири субай малдын, бири бодо малдыкы. Совхоздун малы өз жайлоолорунда, алыскы төрлөрдө бөлөк-бөлөк. Ишке жараша бул эки теңтуш жайлоого бирге аттанып малчыларды кыдырат. Чабандардын жашоо тиричилиги, малынын ал абалы, эмне кем-карчтарынын бар-жогу менен таанышышат. Кээ күндөрү жайлоолорду кыдырып, иштери бүтпөй калган учурларда, өз көңүлдөрүнө туура келген чабандардын бириникине конуп калмайлары да бар. Экөө тең айрым адамдардай төгүлүп-чачылып, ала качып бакылдап жибермейлери жок токтоо курдаштар. Толугунан келип, ээрге килейлеп койгонсуп бекем […]

Текебаев менен Шер-Нияздындын диалогу

– Өмүке, бу саясаттын өзү эмне деги?! – Э-ээ Саке, эмнени сурайсың… Саясат бул чечен айтыш эмес, төкмө акындардын да айтышы эмес. – Түшүнөм, түшүнөм… – Эх… сен али көп нерсени түшүнбөйсүң. – Үшкүрүнбөңүз анча. – Саясат өзү үшкүрүк. Далайы менен достошосуң, кайра тез эле коштошосуң. Далай ишенген кишилериң сатып кетет. Далайлар далыңан таптайт, бирок ошол таптаган колдордун көбү далыңа бычак сайып кетерин эч унутпа! – Бирок Өмүке, бир нерсени сиз да унутпаңыз: акын же чечен сөзгө жыгылса басып кетет. […]

Теңдик АСКАРОВ: Поэзиянын күнү бүттүбү?

Учур адабияты Философия илиминин доктору, профессор, адабиятчы жана сынчы. 1937-жылы Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Советтик, партиялык жооптуу кызматтарда иштеген. 1971–1986-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун 1-катчысы болуп эмгектенген. 1986-жылдан Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын философия жана укук институтунун бөлүм башчысы. Т. Аскаров 300дөн ашык эмгектердин, 10 монографиянын, 4 жыйнактын, 9 китепченин автору. Эмгектери немец, англис, француз, испан жана башка тилдерге которулган. Кийинки кездердеги көркөм сөздүн баркы бир далай кете түшкөн учурунда, окурман менен образдуу ойдун устаттарынын […]