Картаң малчы мактанчаакты кантип жазалады?

 Бурят жомогу Жаш жигит биринчи жолу ууга чыкты. Жыш тайгада элеңдеп ары-бери каранып коркуп барат. Тайга жымжырт. Бир убакта дарактардын шуудурун жана таштардын бири бирине кагышканын угуп калат. Коркуп кеткен мергенчи бийик өскөн ак кайыңга чыга качат. Караса чын эле эки токой алпы – аюу менен каман кармашып атыптыр. Аюу каманга карап алдындагы таштарды шилеп ыргытат, а каман болсо аны тоотуп да койбой, алдыга жылат. Каман эптеп аюуга жетти да орсойгон курч маңдай тиши менен аны челип ыргытып, анан ичин […]

Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ: Биз, эне тилибизди абдан начар билебиз

Кыргыз кыргыз болуп жаралганы бу дүйнөдөн канчалаган залкар, асыл адамдар өттү. Биринин кеби кыргызды даңктаса, биринин сүрү кыргызды сактап келгени тарыхта айтылат, жазылат. Арийне, биз таберик тутар улуттук дөөлөт ошолордун артында калган чыгармалары, асыл кептери эмеспи. Эмесе өтөлгөлүү өмүр сүргөн улуулардын кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталган маектеринин бирин жарыяламакчыбыз. Ал – залкар жазуучубуз Т.Сыдыкбеков менен Т.Орокчиев агабыздын төмөндөгү маеги… О.Тенти: Кыргызда Мекен деген сөз бар. Ушул сөздүн тегерегинде адам баласы эс тарткандан бери далай ойлорун ортого салып келүүдө. Ал туурасында […]

Раджниш ОШО: Журналистика – шумпай шумдукка айланат…

ДИЛАЗЫК Ал өз заманынан жүздөгөн жылдар алдыда жүргөндүгүн жакшы түшүнгөн. Жана кандай гана гений болбосун, өзүнө төп келген замандаштары менен эч качан жолуга албасын да баса белгилеген. Даанышман Кришнамурти өлгөн кезде Ошо: «Мен эми бул ааламда жападан жалгыз калдым» деп айтканы бар. Ошо – өзүнүн артынан көөхар таштан да кымбат, наркы теңдешсиз, бүткүл ааламды кучагына камтыган асыл ойлорун мураска калтыруу менен бирге жер шарындагы жүз миңдеген адамдарга аруулуктун үрөнүн сээп, Ички Духтун бекемдиги жана ойдун тунуктугу үчүн күрөшүп жүрүп өттү… […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Колхоз

«РухЭш» сайтынын туруктуу авторлорунун бири, таланттуу жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын «Кызыл өрүк» (колхозчу) аттуу аңгемелерден жана эсселерден турган китеби басмага даярдалууда. Аталган китеп негизинен большевиктик бийлик орноткон колхоздоштуруу доорун чагылдырган аңгемелер циклинен турат. Сөз учугун автор өзү төмөндө билдирет… Автордон Бишкек — Баткен жолунан биздин айылга бурула берген жерде узунунан кеткен чоң өрүк бак бар. Бул бак бир мезгилде “Москва”колхозунуку болгон. Колхоз өз аймагында өрүкзарларды көбөйтүү планын аткаруу үчүн суу жеткен жердин баарына өрүк көчөттөрүн тегиз отургуза баштаган эле. Анан калса […]

Ибрагим ЖУСУПОВ: Эстен чыкпас эки түн

БООРДОШ ЭЛ АДАБИЯТЫНАН Каракалпак элинин атактуу жазуучусу, драматургу жана акын. Өзбекстандын эл акыны Ибрагим Юсупов 1929-жылы Каракалпакстандын Чимбай районундагы, Тагжап айылында жарык дүйнөгө келген. Аңгемелерден куралган “Карыган тыттагы күз” (Ғарры туттағы гүз) жана “Бакыт лирикасы”, “Жети ашуу” ж.б. ыр жыйнактардын автору. О.э. “Актрисанын тагдыры”, “Тамашакөй Өмүрбек”, “Кырк кыз” пьесаларын жазган. А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтов, Т.Г.Шевченко, Абай, Г.Тукай, Шекспирдин чыгармаларын каракалпак тилине которгон. 2008-жылы көз жумган. Каракалпак тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу АҢГЕМЕ I Аннабай ага мындан жарым кылым мурда “Кара көлдүн” күн […]