Эс эңгиреткен чөп

Итальян жомогу Караңгы кирип, жолдо сандалган соодагер жакын жердеги айылдын тратториясына[1] бурулат. Соодагер товар ташыган сандыгын бурчка коюп, кожейкесине тамак ырастоону буюрат. Кожейке чочконун майына жумуртканы куурумак болуп кухняга жөнөйт. Очокко от тамызат. Ой-санаасы удургуйт: «Мунун сандыгынын ичинде не балээ бар?» Жумурткалар чырылдап куурулуп атат, куураган кожейке болсо өзүнчө күбүрөнөт: «Соодагер сандыгын бурчка койгондо – пол титиреди го, чиркин. Ичинде тири укмуштар толо окшойт». Бышкан жумуртканы соодагердин алдына жылдырат да, көздөрү сандыктан өтөт. «Бу сандыктын ичи толо береке окшойт! Бири […]

Өз айыбын алты жыл жашырган АША бийлиги (1-макала)

«Эң коркунучтуу душман эски достордон чыгат». Бальтасар ГРАСИАН Бийликтин калпы үстүгө калкып чыккан сайын анын күндөн күнгө өктөмдүгү артып, алты жыл артта калган өздөрүнүн көшөгө артындагы кыл жип менен буулган кылгылыктарын жашыруунун аргасын издеп турган кезең. Учурда Өмүрбек Текебаевдин абакта отурганы так ошого барып такалат. Башка себеби жок. Эл эсинен кетпеген өлкөдөгү чуулу окуяларга көңүл буруп көрөлү адегенде? Маселен, А.Батукаевдин түрмөдөн бошотулуп, «Манас» аэропортуна чейин бийлик өкүлдөрүнүн карегиндей корголуп узатылышы эле бул ишке президент А.Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү бардай таасир калтырганын […]

Армения акындарынын ырлары

Мхитар ГОШ Он экинчи кылымдарда жашаган Окуп чыктым армян жазган жомокту. Кара сөзүн ырга салдым, болсун деп Элпегирээк, кызыктуу да, омоктуу. Өз жагымдан кошумчалап, көрктөйм деп Ашыкча да колдонбодум боёкту. Бардык иште тактык гана жарашат, Бурмалаган – сыйлабастык конокту. Түш жоругуч (Тамсил-жомок) Булут жаанды нөшөрлөнтүп төккөндөй, Сөз нөшөрүн акын минтип төгүптүр: «Тээ илгери, бир падыша түшүндө Көктөн түшкөн түлкүлөрдү көрүптүр. Түшүн эч ким жоруй албай койгон соң, Капа болуп, ой көлүнө чөгүптүр. Акырында, жоруганга берем деп Казынадан миң алтынды бөлүптүр. […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: План

АҢГЕМЕ Ошол жылы да мурунку көп жылдардай “Москва” колхозунун эт планы толбой калды. Колхоз жетекчиси партиянын райондук комитетинин бюросунда малчылар менен жакшы иш жүргүзө албагын үчүн сөгүш алды. Бюронун чечими менен планды колхозчулардын эсебинен толтурууга ага бир апта убакыт беришти. Район борборунан жүзүндө кан-сөлү жок бозоруп чыккан раис үйүнө барбай түз эле конторуна келди. Ар бир айылды башкарган бригаттарын жыйнады. Бюродо өзү кандай тил укса, бригаттарын да дал ошондой тилдеди: — Сөгүш, жолдош Кадырбек, сизге сөгүш, эӊ төмөнкү көрсөткүч сиздин […]

Жарк эткен өмүр же 36 жашты кыйган «олуя»

Мындан жыйырма жылдай илгери Түркиянын айтылуу Анталия шаарында жүрүп менин Кыргызстандан келгенимди уккан Москвалык турист өз кесиби боюнча укук коргоочу болуп иштээрин, Болот Шамшиевдин «Бөрү зындан» картинасы укук коргоо тармагындагы Союз маалында жаралган мыкты кинолордун бири деп айтканы алигүнчө эсимде. «Бөрү зындан» тасмасынын көрүүчүлөрү учурунда 21 миллионго жеткендиги азыр да айтыла калып жүрөт. Фильмде башкы каарман Саматтын образын ачкан өзүбүздүн мекендешибиз, өмүрдөн эрте көчкөн актер Талгат Нигматулин туурасында жана анын жеке тагдыры менен сценарийдин өтө шайкеш келип калгандыгына негедир кызыгуум […]

Ибрагим ЖУСУПОВ: Нөкисте жаз

Каракалпак тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу ЮМОР Султан ага куюндай учуп кеңсеге кирди да, столунун үстүнө булгары портфелин ыргытып жиберип, энтиккен бойдон трубкага асылды… Кире бериш бөлмөдө машинка басып отурган секретарь кыз буга таң калган жок, анткени бүгүн Султан аганын аялы төрөтканага жеткирилгенин эрте менен эле шоопур жигит Мишкадан уккан. “Азыр жеңенин акыбалын билүү үчүн чалган атат ко, төрөдү бекен, мен дагы билейинчи” деп ойлогон кыз машинка басууcун тып токтотту. “Жеңе төрөсө, бир жумадан кийин мен да өзүмдүн Мишам менен […]

«Монголдордун купуя тарыхы» жөнүндө кыскача маалымат

XXIII кылымдын орто ченинде жазылган бул китептин өз аты «Monggol–Un ni ueha tobchiyan» экен. Китеп жазылаардан мурдагы жана Монгол империясын негиздеген Чынгыс хан династиясы менен андан кийинки такка отурган император Үгөдей хандын династиясын камтыган китеп, Чынгыс хандын түпкү аталарынын чежиресин кошкондо болжол менен 4–5 кылымды камтыйт. Ушул аралыктагы Азиянын чыгыш-түндүгүндөгү майда уруулардын жана уруулар бирикмелеринин саясый, экономикалык, башкаруу, коомдук салт-санаалары жөнүндө маалымат бергендиктен жакынкы кылымдардан бери дүйнөлүк Чыгышты изилдөөчү аалымдардын бүйүрүн кызыткан баалуу булакка айланган. Орто кылымдан мурдагы караңгы чыгыштын […]