Оозу тыйылбаган чымчык

Тай жомогу  Өзү кенедей, үнү алыска жаңырган чымчык болуптур. Аны баары «Бул меники» деп чакырышчу дейт. Себеби ал көзүнө көрүнгөндүн баарын эле «Бул меники, бул меники!» деп чаркырай берчү экен. Бир күнү ал мөмөсү мөлтүрөп бышып, төгүлүп жаткан даракты көрүп калат. Жемиши жайнайт, бир жыл бою жесе да түгөбөй тургандай мол экен. Дарактын айланасында бир да канаттуу куш көрүнбөйт. Кудай берип салган берекеге кабылганына көзү жайнаган чымчык даракка конот. Бутактан бутакка секеңдеп секирип, тияктан чокулап, бияктан чокулап, тез эле тоюнат. […]

Замирбек УСЕНОВ: Нөшөрлүү түн

АҢГЕМЕ Катуулап мизин салса тагдыр сүрөп, Таалай үчүн күрөшөт ар бир жүрөк. Түн көөлөгөндөй капкараңгы. Асманда булуттар салаңдайт. Сыртта жамгыр долуланып, жин ургандай катуулап кирди. Жамгыр аралаш шамал бирде терезеге чаба дыбыраса, бирде чарчагандай жай себелеп калат. Ушул учурда Гүлжамал төрт жашар кызын уктатып коюп, Кантемирди күтүп олтурган. Утуру жогорку кабаттарга кимдир бирөөлөр көтөрүлсө, демин ичине тартып, эшик тарапка кулак түрөт. «Бүгүн келсе баарын айтам, ыймандай сырын бүт айттырам!» – деди ичинен, эрдин кесе тиштеп. Аны мындай адам деп түк […]

Гүлзада ТУРДАЛИЕВА: Төрт сары

АҢГЕМЕ Сары кыз Ажардын турмушундагы сары жоогазындарды эсине түшүрдү. Оор күндөрүнүн күбөсү. Кош бойлуу кезинде үйүндө жүрүп окучу. Ошол кезде сары кыздуу болду. Ал төрөлгөндө окуусун бүтүп кетти. Сары жоогазындарды сары жигит сары кызын  төрөп оорукананын төрөт бөлүмүндө жатканында алып барган. Сары кыз университетти бүтүп, коштошуп кетип баратып, беш килограмм ун сатып келип, калтырып кеткени эсинен кетпейт. Ал беш килограмм ун Ажар жумушка чыгып, айлык алып баштаганча чоң огожо болгон. Эстеген сайын ыраазы боло берет. Сары кызы чоңойуп калды, эми […]

Душманыңдын ачуу кеби – кемчилигиңди түзөйт

Аврелий АВГУСТИН (354-430), христиан теологу Чоңдор өз тамашасын иш деп ойлойт, а балдардын тамаша курганын иш деп санашпайт. Аларды тилдеп, жазалашат. Ортодо чоңдорду да, балдарды да аяган эчким жок. * * * Эмнеге жакшы көргөн буюмубузду дайыма колдонуп жүргөндө эмес, аны жоготуп ийип, кайра таап алганда чындап сүйүнөбүз? * * * Адам чыныгы жокчулукту, ачарчылыкты көрмөйүн жеген аш, ичкен суусуна топук кылганды үйрөнбөйт. * * * Сени досторуң, кошоматчыларың бузат. А душманыңдын ачуу кеби – кемчилигиңди түзөйт. * * * […]

А.БЕКНАЗАРОВ: Тарыхта мен сыйлаган адамдар жана менин саясаттагы үзөнгүлөштөрүм

Башын береги шилтемелерден табасыз: (1-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору, (2-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Өткөөл мезгилдин бийлиги, (3-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май айындагы окуялар, (4-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларын иликтөө жана анын тыянактары, (5-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин президенттик доору IV БӨЛҮК (Урматтуу окурман, төмөндө аты аталган тарыхый инсандардын, үзөнгүлөштөрдүн баарын эле сыйлап-урматтайм деп айта албайм, бирок алар мага замандаш, үзөнгүлөш болушту. Эч кимди каралагым жок, бирок чындык дайым ачуу. Кантсе да, алар өз заманынын чыгаандары. Ушуну так ажыратып карап, окууну суранам) 1. Канат Ыбыке уулу (Канат хан) […]

Мигрант акындан бийликке дубай салам

АПРЕЛДЕ ОККО УЧКАН ДОСУМА КАТ Шейит дешти, оозуң келбей келмеге окко учтуң же ичээр сууң кем беле? Көрдө жатып сен өзүңдөн сураарсың: «Өзгөрбөптүр… Өлдүм эле эмнеге?» Ооба, досум, ба-а-ягыдай жашообуз, Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз. Баса, сага эсим барда айтайын, Бакиевден башка азыр ажобуз. Свет кымбат, бензин баасы асманда, Азыр бийлик элге жаман кастан да. «Камбар-Ата-2» калган курулбай, Байлап кеткен «Бакиевдер» качканда. Жайнап чыккан жык партия күнөстөн, Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн. Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт, Депутаттар «Ак жол» менен бир […]

Касымалы БЕКТЕНОВ: Эки «Жигит»

(«Райкандын күлкүсү» китебинен) Калем жолунда жүргөн киши башы ооган жакка каңгып кете берет эмеспи. Жазууга керектүү материал эл арасынан табылып калар бекен деген илгери үмүт менен көл боорун кыдырып жүрүп, күнгөй багытындагы айтылуу комузчу, ырчы, жомокчу Чалагыз Ыйманкуловдукуна барып калдым. Чакем туулуп-өскөн жери – Кессеңирге эс алууга барган экен. Чакеңдин залкар күүлөрүнөн угуп көшүлүп олтурсак, балдар желкесинен мыкчый кармаган сары мышык көздөнгөн жээрде сакал коңкойгон сары киши үйгө кирди: – Чалагыз, сен келгенден бери коноктордон өксү болбодук, дагы бирөө келди, […]