Жан-жаныбарларды адам кантип жеңгени

Кабардин жомогу Жер үстүндө жаныбарлар менен адам пайда болгон те илгери экен бу. Жан-жаныбарлардын ар бири өз ордун билиши керек болот. – Сен, Балык, суу түбүндө жашайсың. – Сен, Жөргөмүш, күнү да, түнү да желе токуйсуң. – Сен, Карышкыр, жаныбарларды коркутуп токойдо жашайсың. – Сен Арстан, баарынан күчтүүсүң, андыктан жаныбарлардын паашасы болосуң. Акыл менен куулуктуу кай жаныбарга беришти баары ойлонуп калышат. Акыл менен куулукту Адамга бериш керек, – дейт Арстан. – Анткени күч мага берилген соң, Адамды башкаруу колуман келбей […]

Телегей жолго кайрылуу зарыл

Ушинтип аабалкы — Жан жана Ден, физика жана философия катышы тууралуу маселеге келебиз. Келбей коё албайбыз. XX кылымдын теориялык физикасынын кризиси, ал, физиканын эле эмес, дүйнөтаанымдын да кризиси экендигине ушундайча тике байланышып чыгат. Бул жакта суроо чытырман, жыш. Мисалы: Ленин «физикалык идеализм» деп атаган кубулуштун алыскы теги, чын себеби кайда жатат? XX кылымдын башында теориялык физика эмне үчүн дүйнө түбүн түшүнүш үчүн чыгыш мистицизмине урунду? Андан алган сабагы кандай болду? Эмне тапты, не жоготту? Аны менен ашкере шугулдануунун аягы акыры […]

Муратбай НЫЗАНОВ: «Жакында кызык болот»

Боордош эл адабиятынан Каракалпак элинин таланттуу жазуучусу, сатирик жана сценарист Муратбай Нызанов 1951-жылы жарык дүйнөгө келген. “Ашык болбогон ким бар” (роман, 2013), “Аба кемесиндеги экөө” (повесть, 2014), юмор, интермедия, аңгеме, сатира, пьесалардан куралган “Мага күлкүлүү” (1987), “Сага болбойт” (1990), “Башка өлкөдөгү жети күн” (1992), “Жакында кызык болот” (1999) китептеринин автору. 2012-жылы жарык көргөн “Маргия” ж.б. фильмдердин сценарийин жазган. “Бердак” атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Учурда “Каракалпакфильм” студиясынын деректири. Каракалпак тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу САТИРА Адам баласы акыл-эстүү жан болгон соң […]

Чоюн ӨМҮРАЛЫ: Кыргыз миссиясы тууралуу тыянак кеп

«Адам мезгилди тандабайт, мезгил Адамды тандайт», деген бир кеңири тараган кеп бар. Калетсиз угулат. Ооба, калетсиз, бирок бир караганда… Абай баксак, Адам да мезгилди тандайт экен, т.а. тандашы милдет, зарыл да экен. Бирок бул тууралуу сөз анан. Оболу, мезгилдин адамды тандаары жайында азыраак кеп. Ооба, биздин өмүр – элибиз миңдеген жылдар бою эңсеген, зарылган-сабылган, бул үчүн канча бир өмүрлөр кыйылган, Ыйык Эркиндиктин нурзаманына туш келди. Эркин кыргыз мамлекетинин элкин уулдары биз болдук. Мезгил – бизди тандады. Буга миң шүгүрлүк!.. Ооба, […]

Мирзохалим КАРИМОВ: Менин началнигим ким?

АҢГЕМЕ Туура он жылдан кийин жүк ташуучу автобазадан чыгып, бөтөн жайга орношууга туура келди. Ар дайым үйдөн оолактап, алыс сапарга шашылып жүргөн жаным, эми айына 300 сомдон маяна таап бере турган көк кашка «ЗИЛим» менен коштошууга аргасыз болдум. Сөздүн ток этер жерин айтканда, туугандар, аялым күн сайын сүйлөнө берип, жүрөгүмдүн үшүн алды. «Элге окшоп бир начальниктин эле жеңил машинасында иштесең болот ко?» деп кулак-мээмди жеп, тынчымды алды. Акырында «ач кулактан тынч кулак» жүрөйүнчү деген бүтүмгө келип, автобазадан бошодум. Кадрлар бөлүмүнөн […]

Салижан ЖИГИТОВ: Эл байыса, турмуш оңолсо, адабият да оңолушу мүмкүн

Атыңдан айланайын айтылуу «Кыргызстан маданияты» гезити чыкпай калып, кийин ишин кайра улаган. Арийне, кайреле каражат каатчылыгынан токтоп калган. Анда ыраматылык Сакебиз башка авторлорго караганда редакциябызга байма-бай каттап, чер жазылганча сүйлөшүп, боор эзилгиче күлдүрүп кетчү. Гезитибиз үзгүлтүксүз жарыкка чыгышына колкабыш кылып, активдүү катышып, күндө бир идеянын башын чубап, кудуреттүү сөздүн күчү менен күч-кубат, дем берип турар эле. Ошондой күндөрдүн биринде редакторубуз – Нуралы Капаровдун кабинетинде адабият, маданият тууралуу кеп кылып отуруп төмөнкү маекти курган элек. Кийин ал эстен чыгып кетиптир. Бир […]

Шайлообек Дүйшеевдин алакандай аңгемелери

РЕДАКТОР МУСАЕВ Табият ыроологон шыгы менен басма сөздө иштеп, жүрө-жүрө агездеги баш гезит болгон «Советтик Кыргызстандын» Нарын обулусу боюнча өз кабарчылыгына жетип, Тянь-Шандын түтүнүн түрө кыдырып, элдин да, жердин да шартына каныгып, жөө турмушка жедеп бышып алган неме кайран ЦКнын «кан-жин» агызып кирип турган маалында анын көздөй гезитинин сүрсөөлөтүнө таянып, таянганда да мыктап таянып, колхоз башкармасынан тартып райкомдун катчысына чейин түгүн чыгара үшүн алып, мезгил каякка жалт берсе жалт берген жагына жабышып, тоголонсо кошо тоголонуп, таскактаса кошо таскактап, уруп-согуп фельетон […]