Коркок коён

Бурят жомогу Башында коён баарынан коркчу экен. Асманда учуп бараткан канаттуулардан да, жер бетинде кыбырап жүргөн жандардан да, а түгүл кибиреген чычкан көрсө да селт этип алчу тура. Ошол коркоктугуна арданыппы, уялыппы же жаратканга нараазы болуппу, айтор бир күнү ыйлап кириптир: — Жер жүзүндө менден өткөн коркок жан жок. Ушундан көрө азыр шар аккан сууга боюмду таштап өлөм же отко күйөм! Коён өлүмгө баратты. Чуркап баратты. Өлгөнү баратты. Баратып эле токтоп калды. Ал корккуча болбой эле башка бир нерсе андан […]

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ: Ырадыядан сүйлөйбүз!

– Кытай диетасы деген эмне? – Эки чыбык менен бир баканын сорпосун ичмей. * * * – Индиян пил менен африкан пилдин айырмасы? – Африкан пилдин капкара «кожу» курткасы, индиян пилдин как чекесинде кызыл нокоту болот. * * * – Буйтка жолдон күнүгө тоскон ГАИшникти сууга ыргытып жиберсе эмне болот? – Ал үчүн айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн деген статья менен ыштарап төлөйсүң. * * * – Нака кыргыздар эмнеге биринчи ыстыкандан кийин закүскө тиштебейт? – Накалар ырыскыны жөн эле чача бербейт. […]

Монголдордун купуя тарыхы (ЭКИНЧИ БАП)

БИРИНЧИ БАП ушул шилтемеде Алкыйса, Меңлик Йесүгей Батурдун осуяты боюнча Дей Сечендин үйүнө келип: – Йесүгей абам Темүрчинди сагынып, тынчсызданып жатат. Ошон үчүн аны алып келүүгө мени жиберди,– деди Меңлик. – Йесүгей кудам баласын сагынган болсо, сени менен барып учурашып келсин. Бирок учурашкандан кийин эле дароо кайра келе турган болсун, – деди Дэй Сечен. Ошентип, Меңлик Темүрчинди алып келди. Ошол жылы көктөмдө, Амбагайдын Хатуну Өрбай менен Сокатай экөө ата-бабаларынын мүрзөсүнө барып назирдик тамак-аш бышырышты. Өлүн Ужин кечигип калды. Алар аны […]

Олжобай ШАКИР: Эски тегирмендин орду

АҢГЕМЕ (Сүрөтчү Эмил Токталиевге арнайм) Шаардан келип түштү. Бир башкача кусалык менен келди. Бул жер айылдын башы, көчөнүн да башы, ааламдын да башы. Алдынан мотураңдаган балдар чыгып салам берди эле, эстей албады. Жок, эстей албады эмес, окшоштура албады. Бул балдарды кимге окшоштурарды билбеди. «Кимдердин балдары» деди ичинен. Балдар жакты карады, балдар да аны тиктеп туруп калышты. Умсунгансып, бир нерсе үмүт эткенсип, шаардан бизге эмне апкелдиң дегенсип. Өзү ошондой болчу. Тээ бала кезинде айылдын балдары тууган, тууган эмесине, тааныш, тааныш эмесине […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Боорукер чакам

АҢГЕМЕ Алты кабат ак сарайдын жертөлөсүндө имараттын электр линияларын, газ түтүктөрүн, дагы башка техникалык жактарын тейлеген жумушчулардын иш бөлмөлөрү бар. Алардын катарындагы чакан, жупуну бир бөлмө мага тиешелүү. Иштеген жерим. Биринчи класста окуган бир азамат: -Үй-бүлөбүздө атам, агам, иним жана мен эркекпиз, бир эле кыз бар, ал — апам, – деп дил баян жазган экен. Иштеген жерим жертөлөдө да, коңшуларым бүт эле эркектер, “кыз” — мен элемин. Өткөн дүйшөнбү күнү имаратты жана анын айлана тегерегин көзөмөлдөгөн жетекчибиз жумушчулар үчүн салтанаттуу […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Ырчы (шедевр)

АҢГЕМЕ Бу корто кишини ырчы экен деп ким ойлоптур. Кудай акы, эч убакта менин оюма келмек эмес. Атургай адеп укканымда ишенгеним жок. Аны ырчы дештин өзү шылдыңдай сезилди. Айыл дүрбөп калды ырчы келиптир деп. Кечинде ырдайт экен. Эсепчи Жумабайдыкына токтоптур. Алыс, алыс туугандары имиш аялынын. Бул чакан айылдын жалгыз дүкөнүн бири кетсе, бири келип, беш-алты киши сагаалап турганы турган. Булардын бүгүнкү чоң жаңылыгы ошо ырчы болду. — Көрдүм, корто неме экен көзгө жугуму жок. — Жыргаган киши ырчы болмок беле. […]