Жомок: Улан менен Санташ

Илгери өткөн заманда аскасы асман тиреген тоо арасындагы бир кичинекей айылда ай десе аркы, күн десе көркү жок Канышай аттуу сулуу кыз жашаган экен. Ал сулуу гана эмес акылы тунук, ата-энесине жароокер, жан-жаныбарларга боорукер жан болуптур. Көргөн адамдын көз жоосун алып Канышай солкулдап бойго жеткенде ага Жети-Өгүздүн сыртындагы Санташ менен Боом капчыгайынын этегинде жашаган Улан аттуу эки жигит ашык болуп калат. Алар Канышайга жагуунун аракетин кыла башташат. Жаа тартышса да, балбан күрөшкө түшүшсө да, эңишсе да алар эч кимден жеңилбейт. […]

Жазуучу Бейшебай Усубалиевдин чыгармачыл кечесине келиңиздер!

Белгилүү жазуучу жана окумуштуу, филология илимдеринин доктору, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин профессору Бейшебай Усубалиевдин адабий кечесине даярдыктар көрүлүп жаткан учур. Бул туурасында «РухЭш» сайтына жазуучу өзү билдирди. Кечеде жазуучунун карасөз жаатындагы чыгармачылык чеберчилиги, филология тармагы менен журналистикадагы ишмердүүлүгү туурасында кесиптештеринин атайы докладдары окулат жана талкуулар уланмакчы. Эскертсек: Б.Усубалиев – Эларалык Ч.Айтматов академиясынын академиги, тил теориясы, лексикология, грамматика, көркөм чыгарманын тили, стилистика, кеп маданияты жаатындагы адис. Жазуучунун чыгармачыл чыйыры 1971-72-жылдары Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде адабий кызматкер болуудан башталган. 1977-жылы […]

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Асанбек Стамов жол тандабаган танкка окшош болчу

Алакандай аңгемелерден * * * Стамов Зейненин (Ш.Дүйшеевдин жубайы – ред.) бир тууган таякеси болорун биз баш кошкон 1979-жылы эле уккам. Бирок жардам сурап кайрылган эмесмин. 1982-жылы китеп чыгарсамбы деп, ошол учурда Нарындан которулуп, «Кыргызстан» басмасынын деректири болуп иштеп жаткан Барктабас Абакировго келип кирдим. Жаман алымда кол алдында иштеп калдым эле, балким, жардамы тиер деп ойлоп жүрбөймбү. Абакиров салкын кабыл алып, муздак узатты. Басмадан супсунум сууп чыгып баратып оюма эмнегедир Стамов түштү. «Бишкекке эми дагы качан келеримди ким билет, биротоло […]

Улуу актёрдун өкүттүү тагдырынан учкай кеп

Башкалар текстти унуткан жерден кагазга үңүлүп, сценарийде эмне жазылса ошого байланып чебелектеп жүрсө, Советбек Жумадылов гана текстти унутуп калган жерден, «сценарий кайда» дебестен, сценарийдегилерди өз сөзү кылып айта берчү дешет. Анын башкалардан кескин айырмаланганы да мүмкүн ушундадыр… Бизде өзүнө өлбөс-өчпөс эстелик тургузуп кеткендер саналуу. Ошолордун бири – театр, кино корифейибиз, Кыргыз эл артисти Советбек Жумадылов. Бул залкар 1932-жылы 5-декабрда Ыссык-Көлдүн Тепке айлында туулган экен. 1953-жылы Ташкенттеги Островский атындагы көркөм-театралдык институтун аяктары менен сахнада жылдызы жанат. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркул […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Улуттук адабияттын деңгээлин көтөргөн Казат Акматов

АДАБИЙ ПОРТРЕТ Адатта, дүйнөлүк тажрыйбага кайрылып көргөндө, карасөз, анын ичинде роман жазгандар мамлекеттик же коомдук иштерге катышпай, үй оокаты менен убагерчилик чекпей, ашка-тойго, жыйын-сыйынга көп барбай, ээн үйдө отуруп алып эле өзү менен өзү болуп жаза берет. Ал эми биздин Казат Акматов андай болбоду, өмүр бою мамлекеттик жана коомдук иштерде иштеп, болгондо да андай иштердин кайнаган жеринде отуруп, бирок жазууга да, башкалардын жазганын окууга да убакыт таба алды. Ал 1941-жылдын 23-декабрында Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү бир жагында тоо, бир жагында көл турган […]

«Калкты материалдык жакырчылыкка түрткөн рухий жакырчылык апааты каптады»

«Жашында билим албагандардын башына азаптуу карылык келет». ЕКАТЕРИНА II Мен билген Жолдош Турдубаев убагында атагы ааламга кулач жайган алп жазуучу Чыңгыз Айтоматовдун назарына илинип калган жайы бар. Ал тарыйка мамындай: «Кто он, «родственник-современник?», «Айтматовская ересь», «Преодоление времени», «Художник против тоталитаризма или как остановил Айтматов поезд №17»), «Эзилген эл, эсил тил», ««Манас» эпосундагы «адам өлчөө», «Япон керемети жана уйкудагы Манас», «Два полюса антинационального», «Языковая ситуация и барьеры безъязыкости» жана башка публицистикалык-аналитикалык макалалары 1990-жылдарда коомчулукта чоң резонанстарды жараткан. Эгемендик шарданынан кийинки эмгектери […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Киченекей айнек ийдиш

АҢГЕМЕ Бул үй бүлө төрт адам. Кыз, уул, анан алардын ата-энеси. Улуусу эркек – Арман. Кызы – Үмүт. Эрди-катын бир нече жыл балалуу боло албай жүрүп, ушул уулу төрөлгөндө арманыбыз чыкты деп баланын ысмын Арман дешкен. Үмүтүбүз акталды, турмушубузда жакшылыктар боло берсин деп кызын Үмүт коюшкан. Атасы профессор. Тилчи. Тил боюнча окуу китептери бар. Ал ооруп калды. Оорусу өтүшүп кетиптир дешти. Төшөк тартып калгыча ишин таштаган жок. Бирок лекцияны мурдагыдай окуй албай, күйүгүп кетет. Оорусун студенттерге билгизбейин деп чымырканып жүрдү. […]

Сүйүн КУРМАНОВА: Бөөдө өмүр

АҢГЕМЕ Чачы тармал, мурду кырдач, арык кыз кыйылып, кысталып отуруп ырын окуду. Ыр окуганда баштан аяк өзгөрүп, мынчалык назик, алсыз болбой, алда канча бийиктегендей, алда канча кубаттуураактай көрүнчү. Башка убакта… баарын ичине батырган тартынчаак, ийменчээк, үлбүрөгөн жан эле. Күйөөсү дал ошол кишинин көзүн тике карай албаган мүнөзүнө «кызыгып» артынан калбай асылып жүрүп, акыры ала качып алган. Бою заңкайган, мурду кырдач, мүнөзү өткүр жигит аны дароо эле «багынтып» алган. Ансыз да өткүр жаны аны биринчи күндөн тарта эле башкарууга өткөн. Азыр […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: Чал жана деңиз

Жазуучунун «Чал жана деңиз» повести Пулицер (1953) жана Нобель (1954) сыйлыктарына татыктуу болгон. Жазуучу 1961-жылы 21-июнда Кетчумда өзүн өзү атып өлгөн. Которгон Марс ТОКТОМУШЕВ ПОВЕСТЬ Чал жалгыз өзү кайыгына түшүп, Гольфстримде балык уулап жүрдү. Ал деңизге сексен төрт күн такай чыкса да, бир да балык кармай албады. Алгачкы кырк күнү аны менен бирге бала болду. Бирок күн артынан күндөр өтүп, балык карматпаган соң, эне-атасы ал балага: «Чал эми анык Salao», башкача айтканда, «жолу болбогон эң эле бир шордуу неме экен», сен […]