Төө жана чычкан

Бурят жомогу Төө менен чычкан мелдеше кетти. — Мен күндү сенден мурда көрөм, – деди төө. — Жок, мени биринчи көрөм, – деди чычкан. — Сен деген менин кирпигиме да тең эмессиң. Мен деген сага – тоомун! Дагы мелдешет имиш! Түн бою төө уктабай, талаанын чок ортосуна туруп алып чыгыш жактан таң сүрүлүшүн, анан күндүн чыгышын күтүп атты. Чычкан болсо төөнүн өркөчүнө чыгып алып, батыш жакты карап таң атырды. Чычкан куулук кылып, таң сүрүлүп, күн чыга баштаганда адегенде батыш жактагы […]

ЛОМОНОСОВ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Михаил Васильевич Ломоносов 1711-жылы 8-ноябрда Архангельск губерниясынын Денисовка кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Өтө эле кичинекей кезинде окуганды үйрөнгөн. Аны окутуш үчүн атасы уулу менен тоңдурулган балык ташыгандарга кошулуп 1730-жылы Москвага жөө келген. 1731-жылы славян-грек-латын академиясына кирген. Аны ал жерде өтө жөндөмдүү окуучу катары билишкен. Алты жылдан кийин Михаил тоо-кен ишин жана химияны үйрөнүү үчүн Германияга жиберилген. 1745-жылы ал химия боюнча биринчи орус академиги болгон. Илим жолунда тырышып эмгектенгендигинин натыйжасында Ломоносов ири илимпоздордун катарына кошулган. Ал эң эле […]

Анатоль ФРАНС: Кедейлер гана карызын шак санап берет, себеби…

Анатоль ФРАНС (1844-1924), француз жазуучусу  Журналистика коомдун заманбап динине айланса, бул – прогресс. Бирок ага мал артынан жүргөндөр менен динчилдер коому ишенбеши керек. * * * Көңүлүңдү шылдыңдан башка эчнерсе чөгөралбайт. * * * Илим жаңылбайт, илимпоздор жаңылат. * * * Бирөөгө китеп карматпа, кайта келбейт. Себеби китепканамда өзүмдүн эмес, жалаң бирөөлөрдөн сурап келген китептер турат. * * * Кедейлер гана карызын шак санап берет, себеби, берешендиктен эмес, насыя бергендер кийин бербей койбосун деген чочулоодон улам… * * * Жылдыздар […]

Казак акыны Азкен Алтайдын ырлары

БООРДОШ ЭЛ АДАБИЯТЫНАН Азкен Алтай (Азамат Акылбеков) – 1963-жылы Талдыкоргондун Алтынемел аймагында туулган казак акыны жана жазуучусу. Анын Тезек төрө жана анын урпактары, о.э. адабий мурастары туурасында монографиялык эмгектери жарык көргөн. Айрым чыгармалары англис, орус, кыргыз жана өзбек тилдерине которулган. Котормо Жумагүл ГАЗЫБАЕВА ДӨӨ МЕНЕН ЧЫМЧЫК (Көчмөндөр философиясы) Илгери бир чоң алп дөө болгон экен, Жанына майда куштар толгон экен. Өзүнө тең келерлик бир жан таппай, Көөнүнө текебердик конгон экен. Чымчыкты мазактаптыр көргөн кезде, — Кудайым түр күлкүнү берген экен. […]

Муздак ташка төгүлгөн ысык жаш

АҢГЕМЕ Карлыгаш адам башына келген апаатты, өлүм менен өмүрдүн аралыгын көрдү. Өлүм-өмүрдүн бир карыш жакын ортосунда далбастап ачарчылыктан самсып качкан эл ай-талаада ит-куштун таланган жемине айланган күнү аман калаар-калбасынан күмөнсүдү. Кумурскадай жайнаган кымгуут элди ажал тооруп келгенде жандан ширин, жандан кымбат эч нерсе көрүнбөдү баарына. Жан айласы үчүн жакын санаган адамдар таштай качаарын башынан кечирди. Үч жашар уулун жетелеп, эмчектеги ымыркайы менен самсыган элдин арасында илкий басып араң келаткан Карлыгашты кайын журту бурганактуу ай-талаада калтырып кете беришти. Алдан-күчтөн тайыган келин […]

Ишенбек ЖУНУШЕВ: Оомалуу-төкмөлүү дүйнө

АҢГЕМЕ Анча бийик эмес дөңчөдө Калык колуна кош ооз мылтыгын кармап, улам башын чулгуй туш-тарабын чычкан аңдыган мышыктай сак олтурат. Айланасына көз нурун жиберип, кимдир бирөөнү күткөндөй элеңдей каранат. Жанында жарымы ичилип бүткөн арактын бөтөлкөсү турат. Эс дарты издеген караан. «Аттиң, ким болсо да чыга калса, жаның жаннатта деп» сулата атаар элем. Жеңемди биринчи сулатсам сооп тапмакмын. Анын жан алгычтай уу сөздөрү тирүүлөй куйкалайт. Муну ойлогондо ит аткандай аткым келет. Агам Салык менин кейпимди кийип, шору катпайбы. Анын үстүнө артында […]

Төлен ЭБДИКУЛЫ: Кара жума 

Казакстандын Костанай областынын Жангелдин ооданындагы Эңбек айылында 1942-жылы туулган. Аль-Фараби улуттук университетин бүтүргөн. «Жалын» альманахында, «Казакфильм» киностудиясында, «Казак адабияты» гезитинде жетекчи, Жазуучулар союзунда жооптуу катчы болуп иштеген. 1993-жылдан тартып, Президенттик администрацияда эмгектенүүдө. Прозаик, котормочу, көптөгөн китептердин автору. Эл аралык Кафка, Казакстандагы ПЕН-клуб сыйлыктарынын лауреаты, Мамлекеттик сыйлыктын ээси. Казак тилинен которгон Айдарбек САРМАНБЕТОВ АҢГЕМЕ Алдындагы кайсыл бир кагазга ойдолоктото кол койду да, ушунум сулуу чыкты көрүнөт деген тейде Абен Ильясович ага маашырлана көз жүгүртүп алып, аны жардамчысына сунду. – Күтүп тургандар […]