Илбирс жана ноопаз

Бурят жомогу Качандар бир замандарда, кайсыдыр бир жерлерде чаар тери илбирс жашаптыр. Бир жолу ал ууга жөнөптүр да, токой четинен бир уйду көрүп аңдып калат. Мына даяр оокат, азыр ага бир ыргыйт да, ичин жарат, анан ушунча көп этке маарыйт. Ушинтип камынып турса эле бадал арасынан бир торпок тана чыга келди. Анан ал ноопаз уйга жакындап жалооруп мөөрөй баштады. Илбирстин ноопазга боору ооруду, ага минтип кайрылды: — Менин сага ырайымым келип атат, жүр мени менен чогуу кет. Буерде жалгыз калсаң […]

Такеши КИТАНО: Кикудзиро менен Саки

Дүйнөгө белгилүү жапон кинорежиссеру, актер, сүрөтчү Такеши Китано – бир нече повесттери менен өзүн чебер жазуучу катары да көрсөтө алды. Такеши Китано – 1947-жылы 18-январда Токиодо жарыкка келген. Кино ышкыбоздору анын “Сонатина”, “Фейерверк”, “Кикудзиро”, “Затойчи”, “Банзай, режиссер!”, “Ахиллес жана ташбака” сыяктуу тасмаларына жогору бааларын берип келишет. Кинематографияга зор салым кошкон Такеши Китанонун “Кикудзиро менен Саки” повести окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдо «РухЭш» сайтына жарыялоону туура көрдүк. ПОВЕСТЬ Которгон Фарида ИСАНОВА САКИ “Сени апам кераяк! – деп тилдеп жатат”. Эжем телефон […]

Мырзаян Төлөмүшевдин «Деген экени»…

Микрофон менен рюмканын жакындыгы Акын Омор Султанов менен Биримкул Алыбаевди телеге чакырышат. «Биримкул агай, микрофонду жакын кармаңыз» — деп редактор кыз безилдесе деле болбойт, сөзү угулбайт. Ошондо Султанов чыдабай кетип: «Ай, Биримкул, сен алдагы микрофонду рюмка кармагандай оозуңа жакындатсаң», – дегенден кийин, иш оңуна түшкөн экен… Чаткалдын мааниси Илгери жазуучулар Чаткалга барып, эл менен жолугушуу өтөт. Акын-жазуучулар аңгеме куруп бүткөн соң отургандардын бири олуттуу суроо коёт: – Өзүбүз жашап жүрүп маанисин билбейт экенбиз, бу Чаткал деген сөз эмне маани билдирет? […]

Назым Хикметтин тандалма ырлары

(1902–1963) Түрк акыны, коомдук ишмер. Түрк ак сөөгүнүн үйбүлөсүнөн. Ырлары 1917-жылдан жарыялана баштаган. 1921-жылы СССРге келип, чыгыш элдеринин коммунисттик университетинде (КУТВ) окуган. 1924-жылы Түркияга кайтып, революциячыл гезит-журналдарда иштей баштаган. Тунгуч ырлар жыйнагы Бакудан жарык көргөн. Революциячыл чыгармалары үчүн көп жолу түрмөгө түшүп, 1938-жылы 28 жылга кесилген. Өмүрүнүн 17 жылын түрмөдө өткөргөн. Дүйнө элинин кысымы менен 1950-жылы камактан бошотулуп, бир жылдан кийин кайра камалар болгондо СССРге качып, өмүрүнүн акырына чейин Москвада жашаган. Назым Хикмет түрк поэзиясынын мазмуну менен формасын түп тамырынан […]

Шайымбек АПЫЛОВ: Жалгыз эрээн

НОВЕЛЛА Бу да эскерме эмес белем. Эми элесим кош сызык темир жолдо дүңгүрөгөн сан дөңгөлөк от арабам болуп, дагы эле сапар чегип, зымырай берем. Же ал элесим учкул учактай, дагы эле зуулай берем. Кыялымда кыйыр да кошо зымырайт, оюмда закым да мени коштой мелмилдеп агыла берет… Дагы эле баягы – күндүзү дүр-дүйнө айланган, түнү от көлү жайнаган калдайган зор калаага кез келе берем. Тили буруу жаатында бу калааны мегаполис-борбор дейт. Элеттик кырчын өмүрүм ушу чен-ченемсиз зор калаага туш келген белем. […]