Акылман абышка

Бурят жомогу Ал мезгилде сараң, кекирейген, жалкоо ламалар көп болчу экен. Алар жыргап-куунап өмүр өткөрүшчү. Бир улуста ошондойлордон үч семиз лама өзгөчө билинип турчу. Алар башкаларга өздөрүн акылдуубуз дешип, ар кандай сырлардын түйүнүн чечип беребиз деп мактанчу… Мына ушундай үч эткээл, чиренген лама жашаптыр… Кошуна айылда чын эле абдан көптү билип, көптү көргөн акылдуу абышка да жашаган. Ал өз өмүрүн көз жеткис мейкин талаа сыңары узак да, тоо дайрасындай буркан-шаркан түшүп да, көк асмандай таза да жашап аткан. Бул абышка […]

Кытайлык кыргыздар казынасынан: Асан кайгы

Элдик казына Кийинки жылдары кытайлык кыргыздар оозеки адабияттарды чогултуу ишине өтө көңүл бөлүүдө. Натыйжасында терең маанилүү, өтө кымбат бир топ элдик казына байлыктары чогулган өңдүү. Буга мисал катары калемгер Асанбай Матилинин Төлөк Туркандан жазып алган «Асан кайгысын» айтсак болот. Чу дегенде эле: Адам ата, Шиш, Анан, Кынан, Милайл, Ыдырыс, Мутабаша, Хинуш, Хинуштан Ламек, Ламектин үч баласы Ноо пайгамбар, Ноо пайгамбардан Запас, Туран, Аран, Түтүк, Ыстам деген урпактары болуп, Ыстамдын баласы Кыркез, Кыркездин балдары: Акылбек, Асан кайгы, Озот, Казат, Басат, Кане, […]

Советтик идеологияга аң-сезими уугуп калган элди селт эттирген фигура

Кырк чороң барбы, кыргыз? Ооба, ал карапайым мектеп мугалими болсо да түштүктөгү пахта менен тамеки эгүү түйшүгүнөн башы көтөрүлбөгөн мектеп окуучуларынын билим алуу укугун коргоп чыкканы эле тоталитардык режимге баш ийген элдин акыл аңына дүрбөлөң салган. Коомдук аң-сезимди жаңы баскычта өзгөртүү мезгили келгенин эрте туюп, эркиндикке умтулууга ал кезде айылдык мектептин мугалими тургай жогорку окуу жайдын мугалимдеринин да эрки жеткен эмес. Жалпы эле интеллигенция өкүлдөрү совет бийлиги орноткон капастан бошоно элек кезеңде Өмүрбек Текебаев аттуу элеттик мугалим жигит мектеп окуучуларынын […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Бригаттын аты

АҢГЕМЕ Таң атпай өйүздөгү чоң бакка айылдагы колхозчуларды үймө-үй кирип жапырт тамак ичкенге чакырышты. Адатта таң атпай колхозчуларды чөпкө же дагы башка колхоздун бир “күйүп” бараткан ишине чакырышчу. Бу эртелеп чакырган кандай тамак дешип, колхозчулар көбү ишенип ишенишпейт. Түнүчүндө бригаттин аты кокус өлүп, анын этин эмне кыларын билишпей, колхозчуларга бышырып бермей болушканын алар тамак жеп атканда туюшту. Кийин тамактын пулун алардын эмгек күнүнөн (иштеп тапканынан) кармап калабыз дешкенин да билишти. Миниле берип, арыктап, арып-карып калган аттын эти да катуу. Бир […]

Паскаль – адамзат тарыхындагы эң көрүнүктүү адамдардын бири

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Француз философу, жазуучу, математик жана физик Блез Паскаль 1623-жылы 19-июнда Франциянын Клермон-Феррон шаарында туулган. Атасы Этьен Паскаль белгилүү математик болгон. Блез үчкө чыкканда энесинен ажыраган. Ошол мезгилде Блез өзү да ооруп араң айыккан, аны көз тийгенден деп эсептешкен жана кийин да оорулуу болуп чоңойгон. 1631-жылы Блез атасы жана эки эжеси менен Парижге көчүшкөн. Атасы ошол мезгилдеги салт боюнча өз кызматын сатып, балдарын тарбиялоого өткөн. Уулуна латын тилин, математиканы үйрөткөн. Бир жолу түшкү тамак маалында кимдир бирөө фаянс […]

Амирбек АЗАМ уулу: Жалтак интеллигенттердин катары оңой менен суюлбайт (2-маек)

1-маек ушул шилтемеде «Улуттук сыймыктан өткөн куру сыймык жок». Артур ШОПЕНГАУЭР Элибизде бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун сөөгү зыркырагандай болсочу аттиң. Кыргыз коомунда бүгүн болуп жаткан терс көрүнүштөргө бу жакта көбүбүз кайдыгербиз. Ал эми сыртта жүрүп Кыргызстандын аянычтуу абалына каңырыгы түтөгөн мекендешибиз, учурда Прага шаарында жашаган көрүнүктүү кесиптешибиз Амирбек Азам уулу (Усманов) «РухЭш» сайты менен да тыгыз байланыштагы авторлорубуздун бири. Убакыт-сааты аз болсо да биз Амирбек агабызга атайы чоң өтүнүч менен кайрылып, окурмандардын кеңири катмарын ойго салар маек курсак […]

Токой дөөсү

Татар жомогу Качандыр бир кездерде бир айылда токойчу жашаптыр. Бир күнү ал токойго келет. Кыңылдап ырдап, бейкапар отун кертип атсале, капилеттен караңгы токойдон токой дөөсү[1] чыгып, аны көздөй келатат! Тулку бою капкара жүн, узун куйругу чайпалып, арбайган-тарбайган манжалары кыбырап, түк баскан кулагы кыймылдаганычы түгөттүн. Ал токойчуну көрөр замат арсалаңдап каткырат: – Йе, мына азыр, ойной турган кишини таптым өзүмө! Сен ким деген немесиң? Алдыда не балээ болорун отунчу дароо түшүндү. Эмне кылышты ойлонот да, минтип амалданат: – Менин атым – […]

БГУ: Информационное письмо

Бишкекский гуманитарный университет им. К.Карасаева, Центр аналитической и экспертной поддержки проектов и программ Экономического пояса Шелкового пути и Институт Конфуция при БГУ 23 июня 2017 г. проводят Второй Абдуразаковский форум, посвящённый 80-летию со дня рождения Ишенбая Абдуразаковича Абдуразакова. Данное мероприятие ставит целью изучение и пропаганда его яркого жизненного пути, безупречную трудовую деятельность, богатого научного наследия являющихся образцом беззаветного служения обществу и народу, которые сыграли большую роль в сближении разных народов и их культур. И.А.Абдуразаков на протяжении всей своей жизни строго […]

Тыныстан АРЗЫБАЕВ: Кыргыздар IX-X кылымдын тарых булактарында

Араб адабиятындагы байыркы кыргыз уруулары жөнүндөгү эң алгачкы эскертүүлөрдү биз географ Ибн Хордадбехтен (IХ к.) кездештиребиз, анда алар тууралуу тогуз-гуздардын кошуналарын санап жатканда «хырхыздардын жанында түргөштөр, азкиштер, кыпчактар да айтылат»[1]. Ал-Истахри боюнча («Китаб масалик ал-мамалик») кыргыздар «тогузгуздардын, кимактардын, хазлажилердин океандары менен жерлеринин аралыгында» жашаган [2]. Башка жеринен биз Итил (сыягы Иртыш) дарыясы «мага маалим болгондой хырхыздардан (жеринен) агып баштайт» деген сөздү кезиктиребиз [3]. Фарсы котормосуна ылайык: «Ал эми Итил дарыясы кыргыз чектеринен агып чыгып, андан ары булгарларга жетип, буртастар ченде […]

Темир БИРНАЗАРОВ: Саткындардын мекени болбойт

КИНОСЦЕНАРИЙ МОСКВА ШААРЫ. НАТУРА. КҮНДҮЗ. Пластикалык операция жасай турган клиника. КЛИНИКАНЫН ИНТЕРЬЕРИ. КҮНДҮЗ. Клиниканын башкы врачынын кабинети. Стенада адамдын бет түзүлүшү тартылган сүрөттөр илинип турат. Столдо бири-бирине бет маңдай эки адам отурат. Столдун төр жагында көз айнекчен ак халат кийген жашы алтымыштарга келип калган орус улутундагы клиниканын башкы врачы ВИКТОР ВАСИЛЬЕВИЧ. Анын маңдайында 65-70тердеги, кашка баш азиат улутундагы, тыкан костюм шым кийген, галстукчан интеллигент САКИЕВ АСМАНБЕК отурат. БАШКЫ ВРАЧ Сиз жакшылап ойлондуңузбу? САКИЕВ АСМАНБЕК Ооба, өзүңүз билесиз, башка аргам жок. […]

Сынакка: Кайыңдынын кайыңдары (Менин айылым)

№12 Мен жашаган айыл Баткен облусунун Баткен районунун Кайыңды айылы. Кайыңды район аймагындагы тоолуу айылдардын бири болгондуктан, жайкысын бош убактыбыз дээрлик жайлоодо өтөт. Жыл сайын чоң атам менен чоң энеме кол кабыш кылуу үчүн Чаар-Таш жайлоосуна чыгабыз. Жайлоонун Бел деген ашуусуна жеткенде бир кереметке жеткендей ар бир бараткан адам эс ала түшөт. Анткени бул жерден биздин Кайыңды айылы алаканга салгандай көрүнөт. Касиеттүү Дары-Булак шаркыратмасы агып түшкөн жерден биздин жайлоолордун этеги бүтүп, айыл башталат. Ар кандай жарааттарга, түрдүү ооруга даба болгон […]

Амирбек АЗАМ уулу: Жалтак интеллигенттердин катары оңой менен суюлбайт (1-маек)

«Улуттук сыймыктан өткөн куру сыймык жок». Артур ШОПЕНГАУЭР Элибизде бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун сөөгү зыркырагандай болсочу аттиң. Кыргыз коомунда бүгүн болуп жаткан терс көрүнүштөргө бу жакта көбүбүз кайдыгербиз. Ал эми сыртта жүрүп Кыргызстандын аянычтуу абалына каңырыгы түтөгөн мекендешибиз, учурда Прага шаарында жашаган көрүнүктүү калемгер Амирбек Азам уулу (Усманов) «РухЭш» сайты менен тыгыз байланыштагы авторлорубуздун бири. Убакыт-сааты аз болсо да биз Амирбек агабызга атайы чоң өтүнүч менен кайрылып, окурмандардын кеңири катмарын ойго салар маек курсак деп жүрдүк эле. Акыры өтүнүчүбүз орундалды. […]