Цесарка менен короз

Мадагаскар жомогу Мурда цесарка менен короз асманда жашаган дейт. Экөө бир күнү туакты бирге ичишет. Акыры ичерге эч нерселери калбаганда цесарка корозго деп турганы: – Барып дагы таук апкелчи! – Кичүүдөй болуп өзүң эле барып келсең, – короз кекеңдейт. Экөө кыжыңдашат: кайсынысы улуу, кайсынысы кичүү экенине бирин бири ынандыра алышпайт. Экөө анан бул чырдын чын-төгүнүн териштирүүгө Күнгө барышат. – Жерге түшкүлөчү. Менин деңизден жогору көтөрүлгөнүмдү кимиң биринчи көрөр болсоңор, улууңар ошол болот, – дейт Күн. Экөө эмне кыла алышмак, жерге […]

Калык Ибраимов адабияттан кантип алыстаган?

Биз адабияттын астанасын жаңыдан аттаган жылдары коомчулукта кыргыз адабиятынын Белинский, Чернишевскийи сыяктуу жаңы мууну өсүп келатат деген ишеним жаралган. Ал ишенимдеги адабиятчылар: Аман Токтогулов, Калык Ибраимов, Каныбек Эдилбаев деген кырктын кырындагы зыңкыйган агаларыбыз эле. Дуңку сезимдеги биздей кенже муунга бул ысымдар чыгармачылык ориентир болчу. Тагдыр экен, ориентирден эрте ажырадык… Адегенде А.Токтогуловго Ашым Жакыпбеков агабыз некролог жазып: “Сени көз жумуп кетет деген шумдук кимдин түшүнө кирмек? Жубарымбек, неге эрте кеттиң?!” деп каңырыгы түтөгөн эле. Даа… чынында Аман Токтогулов кырчынында жер жазданды, […]

Аалы – Заман

ЗЕРГЕР Кыргыз тарыхый-тагдыры, коомдук-социалдык тирлиги гана эмес, бүтүндөй маданий жашоосунда жаңы мейкиндикти ачып баштаган Октябрь революциясы алдындагы элибиздин коомдук-рухий портрети, көкүрөк гөйү кандай алда эле? «Манас» баштаган жады адабияты элдик тарыхый-философиялык-эстетикалык бир бүтүндүккө жетилип, элдик поэзия өзүнүн эң гүлдөө доорун жашап жаткан. Элдик адабияттан эч ажыратылгыс өнөрдүн калган бар салаасы – элдин музыка, элдик уз-устачылыгы, элдик билим чөгөрүлгөн табийгат таанымы элдин табигый бар муктаждыгын толук канааттандырган (самодостаточность!) абалда турган. Ал эми коомдук-саясы абал, турмушу тууралуу, арийне, муну эч айтууга болбойт. […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Эл тарапта

АҢГЕМЕ …Көкмөк болуп асман ачык эле, анда-санда үзүм-үзүм суюк булуттар кыймылсыз тургансыйт, а андан төмөндө ушул көктүн жалгыз ээси сыяктуу бир кажыр акырын каалгып, канаттарын бир-эки күүлөп алат да, анан күүгө келген канаттарын бош коё берип, өзүн кайра эркин сезип, ошол эркиндигинде туш тарапка көз чаптырып учуп барат. Анын жашы анчага барып, адам тукумунан үч-төрт ата-бала өткөрсө да, көзү али кайраттуу, көктө туруп жерде жаткан өлүмтүк эмненики экенин жазбай тааныйт, издегени ошол – өлүмтүк, андан башка эч нерсенин кереги жок, […]

Монголдордун купуя тарыхы (ТӨРТҮНЧҮ БАП)

(1-БАП), (2-БАП) жана (3-БАП) ушул шилтемелерде Кытай тилинен которгон Аман САСПАЕВ 127. Ал кыйса, Темүрчин Аркай Касар, Чагуркан экөөнү Жамуканын алдына элчиликке жиберди. Темүрчиндин хан болгонун уккан Жамука: – Силер барып Алтун менен Кучар экөөнө мынабу сөздөрдү жеткизгиле,– деди ал. «Алтун, Кучар экөөңөр Темүрчин андам өкөөбүздүн ортобузда жүрүп, эмне үчүн андамдын белине сүзүп, андамдын кабыргасына сайып, бизди ажыратасыңар? Арабызга суукчулук түшпөй жакшы жүргөн учурларда эмне үчүн аны хан шайлаган эмессиңер? Бүгүнкү күндө кандай максат менен аны хан шайлап алдыңар? Алтун, Кучар экөөңөр […]