Эсенбек КУДАЙБЕРГЕНОВ: Адам

(Жомок нугу) Качандыр бир кезде жер үстүндө аккан суу, чыккан чөптөн башкага залалы болбогон момун аял-эркек жашайт. Алар жалгыз гана уулдуу болуп, атын Адам коюшат. Бала ата-энесин тартып бейчеки бирөөнүн ала жибин аттабаган ак ниет болуп өсүптүр. Адам кол аякка жарап калгандан тартып үйдө энесинин, сыртта атасынын ишин улантып, алардын жанын тындырат. Баланын ата-энесин сыйлашы ушунчалык — «сен» деп, өйдө карап каяша кылбайт. Ошентип, Адам жетиле берди, ата-энеси карый берди. качан бала каруу-күчүнө толуп эр жеткенде, атасынын алып жүргөн отунун […]

Лаура ЛАКАМАРА: Апамдын ыры

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу АҢГЕМЕ (Сүйүүсү жүрөгүмдү ырдаткан сүйүктүү апам Адриага арнайм). Менин апам ырдаганды аябай жакшы көрөт. Анын ыры дайыма ар күнкү жашообуздун эң бактылуу бөлүгү эле. Бирок мен жети жашка толгонумду майрамдаган күндөн кийин баары өзгөрдү. Ал күнү мен мектептен үйгө келсем, куурулган бака жалбырактын жана кара буурчактын таноо кыткылаган жыты абада калкып туруптур. Апам өзү сүйгөн «Кармен» операсынан бир арияны созолонтуп ырдап жаткан экен. Мен ашканага чуркап кирип, таң калып, муздай селейип калдым. Апам абада […]

Федерико Гарсиа ЛОРКА поэтика жөнүндө

ТАРЖЫМАЛЫ (1898–1936) Акын, драматург, музыкант, сүрөтчү-график Ф.Г.Лорка Испаниянын Гранада аймагындагы Фуенте-Вакерос шаарчасында 1898-жылы 5-июнда төрөлгөн. 1919-жылы Мадридге келип, Сальвадор Дали, Сьерра Луис Буньюэль жана «Эслава» театрынын директору Грегорио Мартинес Сьерра менен таанышып, чыгармачылыкка биротоло өтөт. Ошол жылы алгачкы «Көпөлөк сыйкыры» пьесасын жазып, сахнага коюлат. Сүрөтчү-авангардист катары таанылып, 1928-жылы «Цыганское романсеро» ыр жыйнагы жарык көрөт. Бир жылдан соң Нью-Йоркто жашап, «Поэт в Нью-Йорке» (1931), «Публика» (1931), «Когда пройдет пять лет» (1931) ж.б. пьесаларды жазган. Франкочулар 1936-жылы камакка алып атып жиберишкен делет, […]

Олжобай ШАКИР: Образ

АҢГЕМЕ Өлгөндөй сылаңкороз да ушу. Жок дегенде кайын журтуна баратканда сылаңкороздугун коё турбайбы десең, чычайбай. Келинчеги «алдагыңды чечип, шым эле кийчи» десе болбой шортик кийген… Анан калса шортиги да чаарала. Стильный. Жайдын ысыгында шортигин чечкиси келбеген чилистен сөзгө сынарын кайдан ойлосун. Күн чайыттай ачылып турганынан жайлоо төрүнө жеткиче мени ким көрмөк эле деген кежирлигин карматып туруп албадыбы. Кайниси Урматтыкына шаардан келип бир түнөп, эртеси тоого камынышты. Тоо дегенди уккан балдары күрү-гүү, чуру-чуу. Чилистендин башындагы кийгеничи, тири шумдуктай панамка эми. Балыкка […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Коммунизм оттору

АҢГЕМЕ Кыргызстан, Кыргызстан Алма-бак шагындай Жүрөгүбүз, жүрөгүбүз Коммунизм менен жалындай!… Күн сайын кечинде сабактан кайткан малчылардын уулдары, кыздары жүк машиненин үстүнө жык болуп түшүп алып ушул ырды зоңкулдата ырдаган бойдон кыштоого үйлөрүнө жөнөшөт. Эртең менен да ошол, кыштоодон ырдаган бойдон мектепке келишет. Үстүнүн жарым-жартылайы жыртык брезент менен жабылган жүк машине айдаган шоопур кыштак четиндеги кыштоолордон малчылардын балдарын күн сайын мектепке ташыйт. Аларды эртең менен саат 8ге окууга жеткириш үчүн ал таң үрүң-бараңда туруп ишин баштайт. Кыш чилдесинде машиненин үстүндө үшүгөн […]