Арстандар Сибирден неге кетишкен?

Бурят жомогу Эзелки замандарда токойлуу жана суук Сибирь аймагында арстандар жашаптыр. Алар апсайып-саксайып узун жүндүү келип, катуу сууктан түк коркчу эмес экен. Бир жолу арстан карышкырга кезигип калат: — Ой, жиндиге окшоп кайда шашып? — Өлүмдөн качып баратам! — Сени ким өлтүрөт экен? — Катуу чүчкүргүч. Бир жолу ал чүчкүрдү эле – агам өлдү. Экинчи чүчкүргөн соң – эжемден айрылдым. Үчүнчүсүндө – бутумду майып кылды. Көрчү, аксап жүрөм, – деди карышкыр шашмаланып. Арстан айкырды: тоо кулап, токой шуудурап, асман ыйлады. […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Бейиш тоо

АҢГЕМЕ Кемпир сопсоо жүрүп, эмнеден кеселдегенин билбей калды. Табышмак. Ал буга чейин мынчалык ооруп көрбөгөн. Жаны жер тартып, башы айланып, тамакка табити жок, өзүн кыйнап ичкен тамагын сиңире албай, көзү чарасына кирип чүңүрөйүп, бетине бырыштыр толуп кетти. Жашы сексенден ашып, оозунда тиши калган эмес, карыганда эти качып, билек сөөктөрү жооноюп кеткендей сезилет. Ал өзүнүн чын жашын жашырып, дайым кем айтат. Мурда антчү эмес, жашы улгайган сайын санагы артка жылып, он, он беш жашка жашарып алат. Кемпирдин корккону кесел болучу, ал […]

Лао-цзы: Билими жок туруп бирок билерман көрүнгөн адам – оорукчан

Бардыгын жеберине жеткире түшүнөм деген адамдын билими тайкы. * * * Баарына жөндөмдүүмүн, баарын түшүнөм деп түр көрсөткөн адамдын жөндөмү да, билими да болбойт. * * * Үн катпаган адамдын билими терең, бакылдаган адамдын билими тайыз болот. * * * Билимге терең каныккан адам кан төгүүгө барбайт. * * * Башкаларга үн-сөзсүз, ишаратсыз таасир эткен адамга эчким теңдеш болалбайт. * * * Билимдүү болсо да бирок билимдүүсүнбөгөн адам – баарынан бийик. Билими жок туруп бирок билерман көрүнгөн адам – оорукчан. […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Сүйүү рейси

АҢГЕМЕ …«Эмнеден ойгонуп кеттим?» — деп ойлонду Мукамбет. Сааттанбы? Саат беш. Коңгуроо урчу жерине жете элек. Али эки саат бар. Автобус аэропортко жыйырма беш минута жүрөт. Эсептелүү. Ал терезе жапкычты сыдырды. Таңдын билинээр-билинбес шооласы. Таң шоокуму — күндүн увертюрасы. Күн себелептир. Булуттар сүрүлүптүр. Эки-үч саргыч жылдыздар үлпүлдөп өчө элек. Мукамбет кыялында жылдыздарга жеткен адам боло калып, «ийне жоготтум, ийне жоготтум» деп, колго урунган жылдыздардын ар бирин чакмак таштай кармалап, аралаштырып ойногусу келди. Чырагын өчүрбөй, сааттын жебесинин «чык-чыктап» какканына тунжурай, эскиси […]