Кыргыз жомогу: Жагалым

Илгери, илгери бир кан болгон экен, анын аялы өлүп, андан Жагалым деген уул, Карчыга деген кыз калат. Күндөрдүн биринде кан бир сулуу аялга үйлөнөт. Аялы балдарга аябай өч чыгат. Жагалым көзгө атар мерген экен, күнүгө кийикке чыгып, үйүн майга толтурат. Бир күнү кандын аялы: — Үйдө эт, майга толтуруп балаң үйдү сасытып жиберди, бул балаңды жогот же өлтүр, болбосо мен кетем, — деп ыйлай баштайт. Кандын айласы кетип, баланы өлтүрмөкчү болот. Муну Карчыга билип калып, агасын кайтарып калат. Бир күнү […]

Антон ЧЕХОВ: Кубаныч

АҢГЕМЕ Түнкү саат он эки болуп калган. Толкунданган, кубанган Митя Кулдаров ата-энесинин үйүнө жүгүрүп кирип, бардык бөлмөлөрдү кыдырып, ары-бери баса баштады. Ата-энеси жатып алган эле. Карындашы төшөккө жатып алып, кайсы бир романдын акыркы барагын окуп жаткан. Гимназист бир туугандары уктап калышкан. – Сен кайдан? – ата-энеси таң калышты. – Эмне болду? – Ох, силер сурабай эле койгула! Мен муну күткөн эмесмин! Жок, таптакыр күткөн эмесмин. Буга… буга кантип ишенериңди да билбейсиң. Митя борс-борс күлүп, отургучка отура кетти. – Бул шумдук! […]

Ширин АЛИЕВА: Нике кайып

АҢГЕМЕ Жаркын шаардан окууну бүтүп, кыргыз тили жана адабиятынан мугалим кесибин алып, иштөөгө келгенде бир чоочун айылга бөлүндү эле, башкалардай айылын алмаштыруу үчүн кайра кирип суранууну туура көрбөй тагдыр ташы туура келген айылга кете берди. Жаш мугалимдер айылга жетишпегени түшүнүктүү эмеспи. Жаштар айылдан качып жатканда Жаркындын айылга, болгондо да чоочун айылга келиши көпчүлүк айылдыктарды түркүн түшүнүксүз ойлорго салган. Бара-бара өз ишин мыкты билген, жаш мугалим бат эле айылдыктардын сый-урматына татыгыдай абалга жетти. Өзгөчө Жаркынга бөлүнүп берилген 11-класс үчүн жаңы эжейинин […]

Ашым Жакыпбековдун Чолпонбай баатыр тууралуу баяны

Автордон 1974-жылдын июнь айында Донго, Чолпонбай жүрөгүн окко тоскон атактуу Бор-Дөбөгө барып кайттым. Ага себеп бу болду: Чолпонбай жөнүндө колдон келсе бир чыгарма, асыресе кино-повесть жазуу көптөн бери кыстап жүргөн ой эле. Анын үстүнө жазуучу Кеңеш Жусупов бизге чакан документ фильм үчүн «Ата Журт» аттуу сценарий жазып берген. Ошол боюнча биздин киногруппа өлкөнү кыдырып, өткөн Ата Мекендик Улуу согушта кыргыздын баатыр уулдары курман болгон жерлерден кино тартмак. Ошентип көптөн көксөгөн максатты жол көрсөтөр жылдыз көрүп, жөнөп калдык. Оболу Москвага, андан […]

Нуриза ӨМҮРБАЕВА: Өкүнүч

ЭССЕ Кулак тундурган чакырык, ышкырыктан улам чочуп ойгондум. Жарыкты күйгүзүп саатка үңүлсөм, түнкү эки жарым болуп калыптыр. «Бул ким болду экен? Мынча эмне кеч?» деген ойлорго чулганып эшикти ачууга бастым. Мен бүгүн сизден башка адамды күткөн да эмесмин. А сиз мени ышкырык, ызы-чуу менен чакырмак эмессиз. Мен буга чейин кезиктирбеген, мындан кийин да кезиктире албай турган сылык, токтоо, өзгөчө жансыз. Сиз жөнүндөгү ойлор менен алпурушуп көчөгө чыга келсем эки классташым туруптур. Жаңыдан ал-жай сурашып баштаганыбызда сиздин карааныңыз жогортон көрүндү. Жүрөгүмдүн […]

Атахан КОЖОГУЛОВ: Шамал, шамал биздин жердин шамалы

* * * Ырларымда буурулдай туяк кагам, Болуп агып мөпмөлтүр булак тарам. Асман-Жердей ааламды ырга салган, Жеңижоктун жүрөгү сыяктанам! Көзүм жумсам, көпкөк бир көл көрөмүн, Көпкөк көлдө балыктар өрдөгөнүн. Ак канаттуу ыр издеп бара жаткан, Алыкулдун баласы өңдөнөмүн! ӨСКӨН АЙЫЛ Сабын бузбай учуп барат куштарың, Сезимимде келет жүзүң ай-чырай. Тиктеп турам Кара-Тоонун учтарын, Төрөгелди баатыр түшө калчудай! Сол жагыңда, сайың агып шылдырап, Оң тарабың тоо этектеп суналат. Тал-терегиң бир жагымдуу ыр курап, Тамырың бүт улуу тоодон куралат. Тоо, сууларга балалык […]