Алтан-Хайша – Алтын-Кайчы

Бурят жомогу Илгери өткөн заманда бир хан болуптур. Ошол хандын жалгыз уулу бар экен. Хан ойлонот: «Уулумдун ички дүйнөсү таза, арамдыгы жок, а бирок акыл-эси анча эмес. Мен өлсөм ал хандыгымды кантип башкарар экен? Балким ага мен өлгөн соң баш-көз болор акылдуу аял алып берсемби? А андай аялды кайдан табайм?..» Хан кайра чечимге келди: «Мейли, ал кыз итке минген томаяктыкы болсун, бирок акылдуу болсо болду». — Эл кыдырып, уулума эң акылдуу кыз тапкыла! – деп хан элчилерин-тушемилдерди журт кыдыртып ат […]

Олжобай ШАКИР: Медитациянын практикалык сырын таптым!

КУЛАК КАГЫШ Мен өзүмдү издөө жолунда жүргөн кишимин. Убарам көп болду. «Путь дзен» менен «Жизненные наставления Далай-Ламы» китептерин окуган сайын медитация сыйкырына көп арбалдым, бирок чыныгы медитацияны кантип тутуу керектигин жеткилең өздөштүрө албай келген элем. Кээде үйүмдө тынч бөлмөдө узак сааттар бою отуруп да трансц абалына жетүүгө мүмкүн болбоду. Жанбүдөгө салган быт-чыт ойдон бошонуу далалатын издеп: тоо-ташка ээндеп кеткен күндөрүм канча… Үйрүлүп окуган адабияттардын биринен да медитация сырын үйрөнө албадым… Тек, майнап чыкпаган мүшкүлдү тартып жүргөнсүдүм. Өзгөчө, акыркы учурларда. Бирок […]

Лев Толстойдун алмасын уурдаган Кожогелди Култегин

Маектеш тууралуу маалымат: Кожогелди Култегин – Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, драматург, А.Осмонов жана Ж.Мамытов атындагы сыйлыктардын лауреаты. Учурда Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү (2014-жылдан бери). Ал «Жолчырак» (1985), «Шамалдагы үн» (1989), «Дарбаза жолго ачылат» (1993), «Бал ууртам» (2001), «Жүрөк конуш» (2008), «Бир чөнтөк ыр» (2009), «Салам менен аликтин ортосунда» (2010), “Тамырдан канатка чейин” (2014) аттуу ыр китептеринин автору. — Кожогелди байке, иш үстөлүңүздөн качкан учурларыңыз болобу? — Болсоле ушу май айында болот. Бөтөнчө жаркыраган, кулпурган ай […]

Баяна КУЛОВА: Мен сизди сойку менен көрдүм…

ЭТЮД Жумуш эрте башталат эмеспи. Эртерээк барып шашылыш жумуштарды бүтүрөйүн деп күндө баспаган жолум мейманканалардын биринин алдынан кесип өттүм… Жок, жо-ок, жолду гана эмес жүрөгүмдү кошо кесип өттүм. Мейманкадан атактуу сойкулардын бирин жетелеп чыга калсаңыз болобу? Мени көрүп уялып койгон жоксуз, кайра “кандай карындашым?” — дейсиз да… Карындашыңыз бир өлүп, бир тирилип, сойкуну жеп жиберчүдөй тиктеп турганын сездиңиз бекен? Ырсалаңдап анысы да бетимден өөп учурашкандабы?.. Экөөңөрдөн тең жүрөгүм айланды, сизди гана эмес, бүт дүйнөнү жек көрүп турдум… Мен сизди ардактап, […]

Монголдордун купуя тарыхы (БЕШИНЧИ БАП)

(1-БАП), (2-БАП)? (3-БАП) жана (4-БАП) ушул шилтемелерде Кытай тилинен которгон Аман САСПАЕВ Алкыйса, Чынгыс хан тайчигуттарды басып алып, Агучу Батур, Кодун Урчаң, Кудугудар деген тайчигуттардын бирин койбой кырып таштаган соң калган эл-журтту көчүрүп келип, Кубакая деген жерде кыштады. Этчүгүт Багарин уруусунун аксакалы Ширгүгетү Алак, Наяга деген эки уулу менен кетип баратып, Чынгыс хандын душманы, семиздигинен атка да мине албаган Таргутай Кирилтугдун токойду көздөй качып баратканын көрүп калды. Ал дароо артына түшүп кууп, кармап алды да арабасына отургузуп ала кетти. Аксакал Ширгүгетү уулу Алак, Наяга менен […]

Дилазык: Аял көтөргөн жаш кечил

(Буддизм икаяларынан) Кары жана жаш кечил сапарда бараткан. Алар жүргөн жол буркан-шаркан түшүп аккан, бирок көп деле жайык жана анча терең эмес өзөнгө барып такалат. Экөө дарыядан эми өткөнү жатканда тайыз кечүү издеп жүргөн жарашыктуу кийинген сулуу аял алардын жанына келет. Аял колундагы желпүүрүн желпигенде жылмайган жүзүндөгү бакыракай көздөрү бирде жумулуп, бирде ачылат. — Ой, суу аябай эле муздак, агымы да шар экен. Кокус суу тийсе, жибек кимономдун көркү бузулат. Кимдир бирөөңүздөр мени дарыядан көтөрүп өткөрүп койсоңуздар болобу? — деп […]