Няня-Хубун

Бурят жомогу Бир жетим бала болуптур. Анда ата да, эне да, бир тууган да жок экен. Мындайды томолой же тоголок жетим дешет. Ал жерге жүргөндөн тартып билген-көргөнү кой болуптур. Бир күн да тыным билбей байдын койлорун кайтарчу экен. Кой ээси ага: — Менин бир да коюм жоголбосун! Эгер бирөө эле жоголсо, жаныңдан үмүтүңдү үзө бер!- деп тынымсыз кулагына куюп турчу. Күн ачыкта койлор жуушап, анча дале кыйнабайт. Алай-дүлөй болсо эле кой жаныбарды көрүп ал, же баспайт, же оттобойт, туш тарапка […]

Булак башын булгаба 

Байыркы Элладада б.з.ч. 624-548-жылдары жашаган философ, математик Фалес Милетский суу бардык нерселердин материалдык негизин түзгөн башталгыч (алгачкы) зат деп эсептеген. Ал эми көрүнүктүү немис физиологу Эмиль Дюбуа Раймон “Жашоо – бул жандуу суу” деген. Чынында эле бардык жандуулар жана өсүмдүктөр негизинен суудан турары белгилүү. Алсак, бадыраңдын 95, капуста менен сабиздин 90, алма менен алмуруттун 85, картөшкөнүн 80 пайызы жалаң суудан турат. Биз адамдар деле өсүмдүктөрдөн кем калышпайбыз. Анткени биздин булчуңдарыбыздын 77, өпкө менен бөйрөгүбүздүн 80, нерв ткандарыбыздын 84, мээбиздин 85 […]

Блез ПАСКАЛЬ: Кулагыбыз жалган сөзгө аңырайган каалгадай ачык

(1623-1662), француз философу  Чындык менен адилеттик – кымындай мык сыяктуу: аны кагаарда эбин таппай, барскан менен таамай мээлеп, дайыма тийбей калабыз. Эгер дадил тийсек да, бырыйта согобуз. * * * Адам акылы жетиккен сайын кеменгер адамдарга аралаша баштайт, акылы тайкылар гана кимдин ким экенин ажырата билбейт. * * * Эмне үчүн бутунан аксаган адамдарга эмес, акылынан аксагандарга кыжырыбыз көбүрөк кайнайт? Себеби буту аксактар башкалардай түз басалбай турганын моюнга алат, акылынан аксагандар эчкачан кемчилигин моюнга албайт. * * * Кемчилдигиңди көрсөткөн […]

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Элчибек

ЭСКИ ДОСТОР Үй-бүлөмдү Чаектеги кайын-журтума таштап, квартира таап алган соң көчүрүп келмекчи болуп, бой иштеп жүргөндүктөн кечкисин Төкөлдөштөгү досум Нуралыныкына барып жатам. Бир жумадан кийин Нуралынын көмөгү менен ошол эле жердеги экөөбүз бири-бирибизди жакшы тааныган, журналистиканы менден бир курс кийин окуп бүткөн Кубандыкына «көчүп» алдым. Кубан бойдок, мен бой. Экөөбүз «эки бакыр-бир тукур» болуп жарашып калдык. Кубанды «журналист, жазат» деп жүрсөм, журналистикага караганда кара күүгө, калем кармаганга караганда Карамолдого жакын жан болуп чыкты. Көрсө, искусство институтун төртүнчү курстан таштап кетиптир. […]

Чоюн ӨМҮРАЛЫ: Омор Султанов ким?

ТУБАСА ПРОЛОГ Адегенде эле түз, «алагушту атынан чакырып» айтыш керек: Омор Султанов кыргыз улуттук кыртышынан өнүп чыккан нукура акын; ушул эле учурда чыгармаларынын баасы-баркы дүйнөлүк бийик чен-өлчөмдөр менен өлчөнүп баалана турган эл аралык масштабдагы чоӊ акын.  Бир сөз менен айтканда – классик. Улуттук поэзиянын соӊку классиги. «Соӊку» демекчи, совет заманынан берки жазма адабиятыбызды белгилүү мезгилдик мерчемдеринде карай келсек, «классик» деген критерийге толук жооп берген саналуу гана акындар калат. Алар жазма адабиятыбыздын телчигип калыптануу кезеӊинин ири өкүлү, фольклордон жаңы поэзияга  салынган […]