Хонхинур бийкеч жана куу түлкү

Бурят жомогу  Илгери-илгери бул жарык дүйнөдө Хонхинур аттуу бийкеч жашаптыр. Анын жыйырма жети жалтыраган шылдырагы бар экен. Ал алтын көлдүн боюнда, өңгүл-дөңгүл саз арасында турчу. Бир жолу Хонхинурга түлкү келет да, шыйпаңдап туруп минтет: — Мени Хартаган-хуну үйлөнүү тойго чакырды эле, ошого тагынып барганга сен жыйырма жети жалтыраган шалдыр-шулдуруңду бере турчу? Хонхинур бийкеч чочуп кетти: — Мен аларымды эч кимге берген эмесмин жана бербейм! Антсе түлкү айтат: — Үч күндөн кийин кайтып келем! Жакшы ойлон! Эгер эми келгенде да аныңды […]

Сынакка: Мен уста болууну каалайм

№ 9 “РухЭш” сайтына абдан ыраазымын: өспүрүмдөр арасында чыгармачылык конкурс жарыяланып турганына. Апам дайыма эскертет: «Балам улук болсоң, чынчыл бол. Сабакты көп окуп, билимиңди өркүндөтүп, көп нерсени жатка билгендей бол. Эки жүздүү болбогун, денеңди, кийимиңди таза тут. Ар бир айтылган маселеге ойлонуп жооп бергин. Адамдар менен сөз талашпастан, сүйлөр учурду күт. Сөз кезеги келгенде чечен, чебер тил менен сүйлөгүн», — дейт. “Илим кушу өзү конбойт колуңа, Түшүп бербейт жатып алсаң торуңа. Эмгек керек, окуш керек талыкпай, Мына ошондо гүл төшөлөт […]

Нургазы МУСАЕВ: Султан Раевдин 108-диваны

Мемуарга даярдык ордуна «Кыргыз руху» гезитинде иштеген күндөр жөнүндө эскергенде эң оболу бул гезитте өтө көп журналисттер иштеп кеткендиги ойго келет. Бакылдаган, шакылдаган, сөөгү-канына чейин таластык Бакай Садыров деген жигит айтып калар эле: «Көчөдө эки журналист баратса, бири «Кыргыз рухунда» иштеп кеткен болот». Мен «Рухта» 1998-1999-жылдары иштедим. Ал кезде саналуу гана эркин гезиттер болуп, кыргыз журналисттери «Асабадан» «Ааламга», «Ааламдан» «Рухка» же болбосо эки өкмөттүк гезиттин бирине «көчүп», айланып жүрө беришчү. Редакцияда чыныгы чыгармачылык тополоң (творческий беспорядок) өкүм сүрүп турар эле. […]

Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ: Жоругу көп Жокем же Ак-Кыянын аңызы бүттүбү?

ЭСКЕРҮҮ Кар жатпас кара Кочкордун тээ түпкүрүндө ызгаары бетти туурулткан, кара шамалы карартып, жайкы аптабы куйкалап жиберген, тоосунда кара доңуз (чөптүн аты), жака белинде шилбе, жайыты такыр болгону менен малга ылайык, боз адыр курчаганы менен коктусу ылдый коену куюлган эки тоонун ортосунда жайгашкан Кара Кужур өрөөнүндө Ак-Кыя деген айыл бар. Айыл аталганы менен жапан талдан башка бир бак аттуу жок. Буудайды мындай кой, арпа бышпайт. Бак-дарак оозуңан айлансын. Бүт турмуш малга байланган. Союз учурунда Маскөөнүн камсыздандыруусунда болчу деп айтышат. Чет […]

Олжобай ШАКИР: Асыл Жокенин кадырына качан жетебиз?!

Асыл Жокебиздин өлгөнүнө туура бир жыл болду. Көзү барында да, минтип көзү өткөндөн кийин да зээн кейиткен Жоке, бул макалам сенин илгери 50 жылдыгыңа арналып жазылган («Карды ачтыгына эмес, кадыры жоктугуна…» («Айат-пресс» (22-январь, 2009-ж.)) Макаланы окуган соң, абыдан жарпың жазылып, сүлкүлдөп күлдүң эле. Ыраазычылыгыңды билдирип, бир чөйчөктү бөлө тартып ичип ийгенбиз. Тең бөлүшө ичкен эки жүз граммдыгыбыз ичегибизди куйкалап кеткендей болгон. Ичибизди өрттөп кетти эле. Сен дагы, мен дагы үшкүрүнгөнбүз… Негедир көзүңө жаш каканактай түшкөнүңдү көрүп, мен да жашылданып барып токтогонбуз… […]

Ашым Жакыпбековдун студенттик күндөлүгүнөн

1954-жылдан 1959-жылга чейинки күндөлүк. Фрунзе шаары. Кыргыз мамлекеттик университети. Филология факультети. Мына, саат 2.00. 1957-жылга да жетип келдик, 1956-жыл калды, өмүрдүн бир бутагын кертип калган бойдон улам артта калып, улам мунарыкка сиңип көздөн учуп баратат. Кантели, тагдыр ушу болгон соң, кош! Атаганат, «өмүр өчпөс болсочу». Түндө Жапардыкында болуп, алардын «семейная драмасынан» бир үзүндү көрдүм. А да турмуш. Эл өз жаны менен алек, а мен ал учурда ал «драманы» кантип жазууну ойлоо менен алекмин. Үйдөгүлөр аял ал деп кыйнашат. Макул, албай […]