Темир Сариев мыкты энелерге белек тапшырат!

«Адам баласынын эң биринчи тарбиячысы – энелер». Оливер ГОЛДСМИТ Биз буга чейин «РухЭш» сайтынын туруктуу окурмандары арасында «Мыкты Эне» аттуу номинациянын жеңүүчүлөрү аныкталарын окурмандарга кулак кагыш кылып келген элек. Бул номанициянын жеңүүчүлөрүн аныктоо бизде эң эле жөнөкөй экендиги туруктуу окурмандарыбызга башынан маалым. Арийне, кайсы туруктуу окурман бөбөктөр үчүн жарыяланган «РухЭш» сайтындагы жомокторду өз балдарына үзбөй окуп келаткан болсо, мындан ары да бул саамалык улана бермекчи. Биздин башынан бери көздөгөн максатыбыз жана мүдөөбүз – келечек муунду туура тарбиялоо багыты; жаштарыбыз жана […]

Оожиозонун жаралышы

Котормочунун түшүндүрмөсүнөн…   Мифтер менен жомоктор, XVIII кылымда өткөн немис философу Гердер Готфирд айткандай, дүйнөнүн жана тирүү жандардын жаралышы тууралуу адамдардын балалык кездеги дүйнө таанымын чагылдырат. Ошого жомоктор илимий-техникалык өнүгүүнүн, диндин таасиринен эми туулган наристедей таза жана ушунусу менен баалуу. Түндүк Американын түпкүлүктүү элдеринин бири абенакилердин жомокторунда дүйнөнү, тирүүлүктү жаратуучунун аты — Эге болсо, амалкөй баатырын алар Глускаби же “жомокчу” деп аташат. Глускабы Теңир сыяктуу эле жаратуучу болгондуктан, Жараткан адамды ылайдан жасагандан кийин колуна жабышкан ылайдын чаңынан өзүн жасап алат. […]

«РухЭш» сыйтынын Муратовго карызы көп

«Атаң алтымышка чыкканда алдап-соолап күчүн ал» дептир кыргыз. Абдыкерим байкебиздин күчүн кандай алып келатканыбызды сайтыбыздын туруктуу окурмандары байкап аткан чыгар. «РухЭш» сайты там-туң баскан жети айдан бери жалпы окурмандарды да, өзүбүздү да туура жол, туура багытка жетелеген авторлордун жардамы менен сапарын арытып келет. Болбосо биздин муратыбыз да бирди-жарым адамдын колунан келбеген мүшкүл экенин башынан эле туйганбыз. Рухий багыттагы коом агартуу жолунда Абдыкерим Муратовдой таяныч-жөлөк болор авторлор болмоюн биздин дем-күчүбүз канчага жетмек. Француз философу Клод Андриан Гельвеций жакшы бир насыйкат айтканы […]

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Көз

АҢГЕМЕ Баш кошуп, түтүн булатып, эки бакыр, бир тукур болуп жашай баштагандарына үч жылдын кары жааган бир кечте үйүн, үйүндөгү алданедей акнике аялын таштап баса берди ал. Анда-санда бир келген жакшылыктай жарк этти да, ошол бойдон кабар-отсуз жок болду. Келин сүйгөн жарын үнсүз күттү. Күнүн түнгө, түнүн күнгө алмашып күттү. Аккан жаштын дайрасында ала салып, же агып өлалбай, же чөгүп өлалбай, карагаттай каректерин кайра-кайра кароол кылып, кайыңдан өң-келбети кажыганча, кайгы-муңу карыганча күттү… Ойгонору менен келиндин кош кареги телмирген терезеден кулап […]

Нурланбек МУСАЕВ: Куантум физикасы же позитивизм

1500-жылдардын башында Европада Мартин Лутер аттуу киши биринчи жолу Христиандардын куттуу китеби Инжилди (Библия) немисчеге которду. Бул окуя Европада динге болгон көзкарашты толугу менен өзгөрттү. Коом динден узактакшкан сайын өзүн эркин сезе баштады. Анткени чиркөө, аристократ-монархтарды да башкарып, иштеп аткан саясый системаны жана экономиканы толугу менен колго алып алган болчу. Лутер баштаган бул кыймыл динде реформа баштап жиберди. Адабиятта, искустводо, маданиятта адаттан сырт өнүгүү, эркиндикти даңгазалоо байкалды. Чиркөөнү жактаган тар көзкараштагы сколастик пикир жыгылып, ордуна позитив билимди жактаган пикирлер пайда […]