Жөргөмүш Чоң эне Күндү кантип уурдаганы

Жозеф Бручектин “Түпкүлүктүү америкалыктардын жомокторунан” (Түндүк америкалык индеецтердин жомогу) Англисчеден которгон Амирбек АЗАМ уулу Жер эми жаралганда, жарык деген жок экен. Караңгыда жаныбарлар менен адамдар аябай кыйналышат. Акыр аягында жаныбарлар мындай абалдан чыгуунун жолун издейли деп чогулушат. — Дүйнөнүн башка жагында Күн деп аталган жарык бар экенин эшиттим,- деди Аюу. — Ал жактын эли Күндү эч ким менен бөлүшпөйт экен. Бирок биз анын бир сыныгын уурдап алсак болот. Аюнун оюу бардык жаныбарларга жагат. Бирок Күндү кимдир-бирөө уурдап келиш керек болот. […]

Бир көзү сокур эне жөнүндө притча

«РухЭш» сайты Энелерди куттуктайт! Урматтуу асылзаада энелерибиз, эжелерибиз жана карындаштарыбыз! Баарыңыздарды Энелер майрамы менен куттуктоонун терең мааниси жатат. Себеби Жер Энеден кийинки көтөрүмдүүлүк касиетти Кудай таала бир гана Сиздерге берген. Бала үчүн Эне мээрими, чыдамкайлыгы, сүйүүсү чексиз. Турмушта кээде «балам үчүн жанымды сууруп берем» деген энелердин айтканын угуп калабыз. Бул эмне дегендик?.. Биз муну Эне жөнүндөгү улуу притчалардын бири аркылуу туюнткубуз келет. Бир бала өз энесинин бир көзү жоктугунан абыдан уялчу экен. Көз чырагы күйбөгөн адамда кайдагы сулуулук болсун. Жалгыз […]

Биримкул АЛЫБАЕВ: Рыспай Абдыкадыров – кыргыз музыка дүйнөсүнө ачылыш жасаган гений

Жазуучу жана сүрөтчү Үсөн Сарыбаевге кат Үсөн иним! Сенин, өзүңдүн жердешиң – доорубуздун чыгаан таланты, кайталангыс, бирок карапайым, бала кыял, наристе мүнөз булбулу Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылык өмүрүнө арналган – «Эңсеген менин обонум» деген даректүү баяныңды окуп чыккандан кийин, кадыресе каниет алып, чыйрала түштүм. Сенин ар бир сөзүң жүрөктөн өзүнүн татыктуу ордун ээлеп, кыялымды көккө учурду. Рыспай менен кайрадан жолуктум. Ушул жалган дүйнөдөгү күнүмдүк көрөң-шөрөндөрдү унутуп, Рыспайдын гана Ааламында жүрдүм! — 1963-жылдын майы эсимде бекем сакталып калды,- деп эскерет ошол кездеги […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Коргон дубал

АҢГЕМЕ Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын аяк чени, союздун күүлдөп турган учуру. Күн ысып, алдуу-күчтүү колхозчунун баары чөп орокко кеткен маалда эртелеп айылдын бригаты участкалык милиционерди, айылдын бирин-экин активдерин ээрчитип алып өйдө жактан келген дагы бир кезектеги буйрукту аткаруу үчүн айыл аралап жөнөштү. Бул дагы адаттагыдай эле колхозчулардын ар биринин үйүнө барып менчигине кол салуу эле. Бул жолу “чоңдор” колхозчулардын короосун тоскон дубалдарды бузууга жөнөштү. Кечээ бригат райистен ушул буйрукту алган. Райис колхоз аймагындагы айылдардын бригадирлерин чакырып алып: — Топурактан курулган […]

Ишенбек ЖУНУШЕВ: Ачылбаган сыр

АҢГЕМЕ Аркайган чокулары асман мелжиген тоолордун койнундагы жыландай ийри-муйру чубалжыган жолдо жеңил машина сапар чегип, алга зыпылдайт. Машинанын арткы отургучундагы экөөн үн сөзү чаржайыт, баш-аягы жок. «Ак молдонун» таасириби, айтор, бажакташып, чечекейлери чеч. Чолуп айтышкан сөздөрүнүн маанисин түшүнүп болбойт. Кызууланып, кептен тажап коё турган түрлөрү жок. Алардын сөздөрүн Касым гана этибар албай терезеден сыртты ойлуу карайт. Санаасы санга бөлүнүп, тынчсызданат. Ичкени ириң, жегени желим. Убакыт алга шашкан сайын, айлана күүгүмдөнө түн пардасын тартат. Коюу караңгылык кучагына теребелди жутуп баратты. Тоо арасындагы кыштактар бүлбүлдөп, ар кайсы […]

Рамис РЫСКУЛОВ: Жылдыздуу ырлар

ЫРЧАЧЫЛА Бүт дүйнөнүн акындары Келгенсийт мага конокко, Омок кошуп омокко, Илим доору ишентти, Эч ишенбес жомокко. Ырдан менин чачылам, Балагандай бардыкка Бажырайып ачылам. Ыр түлкүсүн качырам. Дүпүрөймүн күтүрөйм, Күч үрөймүн, шатырайм, Асмандарды шатылайм. ПОЭЗИЯ Чыгалекте уурдалган ырым Токтогул, Барпы, Коргоолдун Ырдашынан жаралгам. Кылымдардын Пушкиндей Курдашынан жаралгам. Апам менен атамдын Жыргашынан жаралгам. Тутунган тууң ким экен? Сакасына жараша Чүкөңөр ыргыйт турбайбы. Акимине жараша Көп билимпоз тагдыры. Замананын ышкысы Акынына жараша Куйкум сөздүн туздуусу. Сулуулар дагы көбөйсө Согуш, чатак аз болот. Тутунган […]