Адамзат XXI кылымга жаңы үмүт, максаттар менен кадам таштады. Ошол эле учурда чечилбеген түйүндүү карама-каршылыктарын да кошо ала кирди. Глобалдашуу процесси ар эл, мамлекеттер арасын мурда болуп көрбөгөндөй жакындаштырып, алардын проблемасын да кыйла жалпылаштырып салды. Мунун дурус да, бурушда жагдайлары туру. Андыктан адамзаттын ар элдеги өкүл, топтору, ар кыл бирикмелери барган сайын ар кандай прогрессивдүү идеялардын айланасына уюп, мезгил алдыга өктөм койгон проблемаларды чечүүгө белсенип кирип жатышат. Бирок бул багытта жасалгандан жасала элек, аңдалгандан аңдала элек маселелердин арбын экендиги да барган сайын улам курч айкындалууда. Ал маселенин ана башы барып-келип эң түбүндө адамзаттын дүйнөтаанымдык негизине байланышкан.

АДАМЗАТ ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КРИЗИСТЕ?

Дүйнөтаанымдык пландагы бышып жетилген, атургай чечилбей убагынан өтүп кеткен көйгөйлөр билинбей жыйыла келип бу күндө жалпы адамзат коомун системдүү кризиске, б. а. цивилизациялык деңгээлдеги кризиске алып келип сокту. Кризис эмне үчүн системдүү деп аталды?

Биринчи. Кризис табигый илимдердин байтүбү саналган фундаменталдуу илимдин көзүн басып жатат. Фундаменталдуу илим бу күндө дүйнөнүн бирдиктүү бир физикалык картинасын тартып бере албай убара. Адамзат илиминин табият таануу абалы азыркы учурда ар деңгээлде бытыраан-чачырал абалда турат. Классикалык физика (Ньютон, Фарадей, Максвелл), салыштырмал физика (Эйнштейн), квант физикасы (Бор, Борн, Гейзенберг, Паули ж.б.), теңсиздик жана синергия системалары (Пригожин, Николис, Хакен) баштары бирикпей ар талаада чачырап жатышат. Б. а. «материянын негизи эмне?» деген ой жаралгандан кошо жаралган фундаменталдуу суроого фундаменталдуу бир жооп алына элек.

Экинчи. Материянын аавалтүбү не экендигине алигүнчө алына элек жооп – адамзат дүйнөтаанымынын «философия» аталган зыл негизиндеги кризисти да шарттап турат. Б. а. материализм, идеализм, төпчүлдүк (тождество), дуализм ж. б. аталган философиялык көз караш, агымдардын күрөшү уланып, баштары бирикпей, бул багыттагы абал да дале бытыраан. Метафизикалык бир биримдик, жалпы универсум шооратына адамзат таанымы аргып чыга элек али.

Үчүнчү. Кризис «дүйнөлүк» аталган улуу үч динди – буддизм, христианчылык, ислам жана алардын калыбына сыйбаган, сыйгысы да келбеген башка ондогон динчелерди, жүздөгөн агымчаларды да камтып турат (арийне, муну алардын бир да бири ыктыярдуу моюндабайт). Ар бир диндин өз жобосун кудайдан түшүрүлгөн эң акыркы Чындык, эң акыркы Сөз, эң акыркы Элчи деп билип таанышы, калган калктарга өзүн өктөм, жылма таңуулашы, ар бир элдин дээри – Тэңир мөөрү экендигин тумтак танышы, ар бир адамдын эң бир ыйык-бийик болгон аруу дүйнөсүн – Ишеним Абалын зордоп болсо да ээлөөгө жан сабап умтулушу, буга кошумча, акыркы замандары ашкере саясаттанышы — «дүйнөлүк» да, «дүйнөлүк эмес» да аталган дин-динчелерди бирин бири укпас дүлөйлөргө гана айлантып тим болбостон, алардын түп мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүлүгүн, алдыңкы замандын ашкере зарылдыгы – гумандуу глобалдашуу талабына жооп бере албастыгын ырастоодо.

Дин адамзатты Асмандык Бир Улуу Башталыш алдында аруулаар улуу ыйык озуйпасынан улам тайып, Жердик бүтпөгөн чыр-чатак талаштардын согушчан себепчисине айланып барат.

СИСТЕМДҮҮ КРИЗИС ЭМНЕДЕ ЖАНА КАНТИП ЧАГЫЛАТ?

Ушинтип жалпы адамзат коому XX к. аягы, XXI кылым башында кабылган системдүү кризис аны илгери жылдырбай аягын тушап, алды жың туюкка кептеп, камап келди. Мунун далилдери кайсыл жана ал эмнеден көрүнөт?

а) диний-руханий өңүттө;

«Дүйнөлүк» аталган диндердин ачык да, жабык да тирешинин уланышынан. Биринчи ирээтте ислам, христиан дүйнөсүнүн карама-каршылыгы бүтпөй келет. Бул сырттай карама-каршылык XX кылымдын аягынан тарта бир бирине кыжаалат кыжынган – «ислам фундаментализми жана ага жооп – «антитерроризм» калыбын алды. Ал Жакынкы Чыгыш, Алдыңкы Азия аймагы менен чектелбестен жалпы эле дүйнө элин, төтөн, Жакынкы Чыгышка эч тиешесиз «биз – мусулманбыз!», «биз – христианбыз!» деген элдердин баарын кошо бейпайга салды. Эң кызыгы: ислам, христиан (т.а. араб-еврей) элдеринин бу сырттай карама-каршылыгынын артында эң түбү эң айлакер коюлган ичтей Кичи Семитизм (сионизм) буккан, артылып дүйнөгө араандуу Чоң Семитизм (еврей-арабизм) жаткан. Бул «күрөш» — сырт мизинде канчалык жаалдуу айыгышкан сайын, ич мизинде — Бир Семитизмди ошончо баарлуу гүлдөтүп турат. Мусулман, христиан атанган семиттекке эч тиешесиз башка улуттардын каны-жанынан ошончо түгөнгүс наар татып турат. Бул айтылгандарга эми Алдыңкы Азиядагы ислам өлкөлөрүнүн ядролук куралга жан сабап умтулушун алардын фанатизмине кошуп элестетер болсок, анда быяктан күтүлгөн жаңы дүйнөлүк коркунучтун мүнөзүн болжоп болбойт…

Дүйнөгө улам өктөм жайылган мындай христиандык-исламдык диний экспансия-агрессияга эрксиз жооп түшүп, эми түп табияты өзү карама-каршылыксыз коймаарек бүткөн буддизм, индуизм, кришнаизм, веданта ж. б. кошо тартылып кеткен, булар да ичтей карама-каршыланып (табияты булганып) тынч миссионерлиги тымызын агрессияланууга өткөн…

б) улуттук маданий өңүттө;

Дүйнөлүк деңгээлдеги диний каршылашуулардын соңунда, эми аган дагы бир ичтен кайчы аракет – тилдик-элдик, б. а. улуттук, рух, маданият, жаки, түп кыртыштын өз уңгутагдырын (самоидентификация нации) сактоо жан далбасы да буккан. Эсеби, Батыш христиан калкында азыр тутунуп турган дин тегинен аркы, б. а. семитизмден сырт, түптөн келген, байыркы грек, байыркы рим, пангерманизм, панславянизм башаттарына суусоо, жаки, эң байыркы тамырлардан тебилген байыры язычествосун аңсоо (айрыкча түндүк элдери) күч алган. Айтылган Алдыңкы Азияда, исламга каяша – байыркы шүгүттүү Персиянын отпарас зардуш духу тымызын үлөп, оттой поэзиясы аңазалана, шах бийлик кудурети да эңселе келет. Индостанда байыркы Веда өзүнчө кеңирсип, зор Кытайда куң-фучул Чыгыш Азия гегемонизми келберсийт.

в) илимий-интеллектуалдык өңүттө;

Илим-билими башынан ашынган, түбүнөн демилгени өз колдоруна алып кеткен, эреже ээси – дүйнөлүк айрым төбөл күчтөр адамзатты (албетте, өз улутунан башкаларды) атайын маңдап, мээсин чаңдап, аларды дүйнөнүн түп чындыгына алып чыгарар Кан Жолдон атайлап аң сезимдүү адаштырып, жалган дөөлөттөрдү, жалган мас маданияттарды, жалган коомдук илимдерди жылма таңуулап жана мындан да эң жаман коркунучтуусу – фундаменталдуу илимдин так өзү, как өзөгүнөн да өзүлөрүнө кызмат кылар илимий сымак жалган «ачылыштарды» жаңылыктап сууруп чыгышып, алардын «акылман» авторлорун «нобелдеп» багып-баптап, канашалап-даңазалап «эң акыркы», «эң жаңы», «эң фундаменталдуу», «илимий ачылыштарды» башка илим-билими баёо калктарга сиңирип, сиңбесе мыктап кагып кийирип жатышкандыктары, өзүлөрү андан сырт, күлүп, кол укалап четтен карап турушкандыктары, Кан Жолдо башкалардан караан кайытып узап баратышкандыктары (чын эле «ит күлүгүн түлкү сүйбөйт-ов!»). Эсеби, эң акыркы эле «ачык система», «өзүн өзү уюштурган система» (синергетика) сыяк Нобелдик даражадагы жалган окуу-илимдер, бу күндө булар, коом таануу системасына чейин чапчаң кол салып, баёо калктардын мээсин манипуляциялоодо өтө билги, фундаменталдуу, илимий ийги кызмат көрсөтүп келет. Ачык коом, ачык рынок, ачык идеология, ачык сөз, ачык Тибет, ачык Кыргызстан, ачык, ачык …акыры «ачык «КТРга» чейин сунулуп-сугулган бул жөргөмүштүн желесиндей түктүү кол, эң соңу, «Элдик», «Коомдук» деген кооз ураандарга жашынып алып, мамлекет биримдигин ириткенге чейин даяр турганы турган. Кыргызстан – дүйнөнүн бир тамчысы, Африкадагы абал деле ушул…

г) саясый, укук, сарамжал (экономикалык) өңүттө;

Өз түпкү максатына жетиш үчүн, не, өз улуттук кызыкчылыгын коргоого жанталашкан ар кыл саясы режимдер, укук түрлөрү, экономикалык теориялар быкпырдай быккан. Баарынын ана башына цивилдүүлүктүн эң башкы үлгүсү катары Батыш талабы чыккан. Ал дүйнөгө таңуулаган Адам укугу, демократия эрежелери, тотал жеке менчик, Батыш үлгүдөгү укукчул мамлекет, Батыш үлгүдөгү гражданчыл коом идеялары, акыйкатта, ага — Батышка, ар бир чоң-кичи мамлекеттердин ичине ушунчалык бир ничке жолдордо былгы-билги уурданып кирип, төрүнүн так төбөсүн ээлеп алууга бир ыңгай ачкан, универсалдуу улуу куралга айланып берген. Бул ыкма Батышка, т. а. анын бир ууч акча мыкчыгер төбөлдөрүнө байыртан келаткан аздек максатына – Дүйнөлүк Өкмөттү куруу мүмкүнчүлүгүнө жол ачмак. «Ирилешүү» (глобалдашуу) деп аталган бул саясый-экономикалык куу философиянын чыныгы максаты – өзгөлөрдү ичтен иритүү, өзүн анын кас ажалында өлбөс-өчпөс «дүйнөлүк күч» кылып түзүү. Бул жылма, зордукчул, куу, бир тарап Батыш глобализмине каршылык ирээти бу күндө дүйнөнүн ар-ар жеринде бир-бир анти-ирил кыймылдар да күч алган. Бирок алар ар өлкөдө бир бөлөк, чачкын жана ырааттуу уюшпагандыктан, а эң башкысы – өзүлөрү тотал жеке менчик бийлеген индивидуалисттик коомдо жашап турушкандыктан, жеке капиталдын кулу болушкандыктан, бул бир тарап араандуу глобализмге билинээрлик сес, каш кайтара алышпайт. Тескерисинче, алты эмес, алтымыш баштуу бул ажыдаар абстракт алты башын ар жерден бир мойнотуп издетип коюп, калган конкрет элүү төрт башын «демократчыл», «укукчул», «адамчыл» (алдамчыл!) Конституциялардын өзөгүнө сугуп жиберип, дүйнө өлкөлөрүн ичтен жеңип, бир бирден чабактай чайнап жаян сүзүп «хайлап» баратыры. Күч күчтү туудурат. Бир тарап глобализмдин «жемиши» – бүтпөгөн дүйнөлүк чыр-чатак, түгөнгүс карама-каршылык! Демек, дүйнөнүн мындай ирилениши (т. а. ириши) адамзаттын түп кызыкчылыгына кайчы жол…

Эмне кылуу керек?

Адамзатты системдүү кризистен алып чыгаар күч барбы?

Адамзатты гумандуу ирилештирээр, т.а. чыныгы мамырылаштырар жол кайсыл?

ҮЧҮНЧҮ ЖОЛ ЖЕ ЖАҢЫ ЦИВИЛИЗАЦИЯНЫН ЗАРЫЛДЫГЫ

«Туран-Алтай» фонду адамзатты системдүү кризистен алып чыгарар үчүнчү жолду нускайт. Ал жолдун маңызы мында.

Борбор Азия байыртан көчмөндөрдүн мекени. Көчмөндөр цивилизациясы көңкү замандардан бери жалпы адамзатка алымдуу айжаркын жетишкендиктердин үлгүлөрүн берген. Алар түзгөн өз учурунун астрономия, медицина, инженерия (боз үй, араба), ар кыл өнөр, жазуу, эстетика, этика, укук эрежелери турмушка укмуштуудай таасын канып, прикладдык мааниси эбегейсиз зор болгон. Андыктан жанаша отурук калктарга да байма-бай жайылган. Тилекке каршы, көчмөн тааным-илими, кийин ошо отурук элдер тарабынан көрүнөө унутулуп, алар учур илимин, маданиятты жаратуучулар эмес, тек, өзгөдөн кабыл алган жана таратуучулар катары гана баа алып калды. А ашынып кеткен кездеринде жөн эле «жапайы» деп аташты.

Фонддун максаты – көчмөндөр цивилизациясынын тереңги маңызын аңдоо. Анын жалпы адамзаттык маанисин ачуу. Жалпы адамзаттык жаңы цивилизацияга булактап ийиир тереңги потенциалын алып чыгуу. Жаңы деңгээлдеги мамырылык – руханий-маданий өркөнгө бет буруу.

Бул руханий өркөндүн мааниси, акыйкатта да, «кыргыз» деген түшүнүк менен эле чектелбейт. Кыргыз эли миң-миңдеген жылдарды камтыган улаңгайыр тарыхында жалпы адамзатка алымдуу рухий жана материалий баалуулуктардын не бир шыңгыр үлгүлөрүн берген. Көчмөн турмуштун жандуу энциклопедиясы – «Манас» баштаган өзгөчө дүйнөтааным системи түзүлгөн. «Манас» деген аталманын бир мааниси өзү эле «Дүйнөлүк Адам» дегенди билдирип турарын эстесек, анда, көчмөн кыргыз элинде «Жараткан – Адам» («Бытие – «Сознание» – Человек») философиясы канчалык эртеден тарта иштелип келаткандыгы баамга түшөт. Анын жамы адамзат үчүн да айрыкча мааниге ээлиги астырт айкындалат.

Көчмөндөр цивилизациясынын баш мураскору болгон Кыргыз элинин жердиги-табияты, бир жагынан, Батыш калктарынын турмуштук прагматизмине дал, экинчи жагынан отурук Чыгыш элдеринин рухий баалуулуктары менен терең үндөш. Демек, кыргыз элинин руханий, маданий, сарамжал философиясы жалгыз кыргыз элине эле кызмат кылбайт, жалаң көчмөн маңыз менен эле чектелбейт. Ал – планетардык мааниге ээ! Же бүгүнкү күндөгү өткөрө технократиялашкан (Батыш) жана ашкере руханийлешкен (отурук Чыгыш) коомдордун арасын жуукташтырууга кудурети жетик. Адамзатка алдыда, XXI кылымда, системдүү кризистин туюгунан чыгарып, бир Жалпы Идеяда ийире алар, руханий-маданий эки өңүттү шай ТЕҢдеген жаңы цивилизациянын философиясы зарыл. Ал — көчмөн дүйнөтаанымдын потенциалында уюган. Ал эми айтсак болот, «Манас цивилизациясы» гана болушу мүмкүн! Анткени ал Манас – Асман менен Жериңдин тирөөсүнөн бүткөн маңыз! Б. а. идеалдуулук менен материалдуулуктун шай Теңдигин жар салат. Тараза ташын өзүндө оодуруп жатышкан таптаза Асмандык (жаки, жалаң индо-нирвана идеалисттик!) же таптаза Жердик (жаки, иудео-прагматик материалисттик!) философиялардан ал бийик. Анткени ал – Манас, кайталайлы, экөөнүн Тең-Тең барлыгын, экөөнүн ТЕҢ шай далдыгын даңазалайт. Тек, Теңирчил ЖОЛ мыйзамында (көчмөн диалектика!) оош-кыйыш ордун таразалайт.

«Туран-Алтай – Күнэл» фонду Манас философиясынын мына ушул планетарлык мааниге ээ ТЕҢчил көпүрөлүк озуйпасын айкын түшүнүү менен алдыңкы келечекке жамы адамзатка үлгү ирээти Борбор Азияда жаңы глобализм уюгун – «Манас цивилизациясы» Ордосун жарыялайт! Манас цивилизациясы Эки Жээк-Чекте (материалдуу-идеалдуу) кайып жатышкан Батыш жана Чыгыш цивилизацияларын карама-каршы келишкис уюлдарында жумшартып («Батыш деген – Батыш, Чыгыш деген – Чыгыш», Киплинг), бир бирин карай майин козгойт. Гумандуу табыштырат. Ооба, Батышча иритпейт, манасча мамырылаштырат! Мындай улуу ТЕҢ кудурет күчкө, айттык, ал – эгедер!

ЖАҢЫ ЦИВИЛИЗАЦИЯ КАЙ НЕГИЗГЕ ТАЯП КУРУЛАТ?

Адамзат коомун карама-каршы күрөштөрдүн сазына чөгөрүп, эң бийик, цивилизациялык деңгээлде туташ кризиске алып келип такаган азыркы Батыш цивилизациясынан, анын идеал жан-боору (детище) – бир уюлдуу глобалдашуудан Манас цивилизациясы төмөнкү параметрлеринде кескин айырмаланат жана туташ кризистен суурулуп чыгуунун конкрет так мүмкүнчүлүк жолдорун сунуштайт.

Биринчи. Фундаменталдуу илимди кризистен алып чыгарар жаңы физикалык теорияны – «Уңгуталааны» («Теория Всего Сущего») сунуштайт. Уңгуталаа теориясында классикалык жана квант физикасынын фундаменталдуу проблемалары чечилип, макродүйнө жана микродүйнөнүн ажырымы жоюлган, бирдиктүү мейкин мыйзамы табылган. АКШда жүргүзүлгөн 2006-жылкы илимий соңку эксперимент (космикалык зонд WMAP) Кыргыз аалымы С. Кадыровдун Эл Аралык Илимий Конференция, Конгрестерде кызуу колдоого ээ болгон «Уңгуталаа» теориясынын практикалык негизин ырастады. Бул деген Дүйнөнүн Бирдиктүү Физикалык Картинасы эми тартылды деген сөз. Буга дейре ар жерде бытыраан чачылып жаткан классикалык, кванттык, салыштырмал ж. б. теориялардын талашы эми башкы удулунда бүттү деген сөз. Адамзат коомун илимий-техникалык прогресстин жаңы айдыңына серпилтип чыгаар илимий-теориялык башкы өбөлгө түзүлдү деген сөз. Адамзатты жаңы өркөн – жаңы цивилизациянын жайыгына баштаар илимий-технологиялык кубаттуу ачылыштарга куп мүмкүнчүлүк ачылды деген сөз.

Экинчи. Материянын аавалтүп мыйзамы ачылган соң адам таанымы эми андан аргып рухтун мейкинине чындап бой урууга да таман таянч өбөлгө түзүлдү. Энергия-информациянын ажыралгыс бир тутумунда эми мурдагы материалисттик да, идеалисттик да, төпчүлдүк да, дуалисттик да аталган философий агымдардын айыгышкан кармашы аяктап, метафизикалык рухий-материалий уюл биримдиктеги ТЕҢчил Бир Илимдин кемелденишине кеңири тарыхый шарт ачылды.

Үчүнчү. Дүйнө – Ааламдын биримдик картинасынын метафизикалык (физика-философиялык) бир мазмуунунда таанылышы, алдыда. Ишеним маселесин да баштагыдан жаңы кырында коет, маңызын бир тепкич бийикте ачат. Б. а. «дин» деген түшүнүк мыңдан ары жалаңкат рухий гана ишеним катары өткөн тарыхыйлыкка айланат. Анын ордун транцендентал Аң – Ишеним бир жуурулган (жаки, баягы ТЕҢ!) жаңы Архетип-Акыйкат ээлейт – Ак маңызына алып чыгаар. Бул… көндүм динден бийик абал.

ЖАҢЫ ЦИВИЛИЗАЦИЯ КАЙСЫ ЖОЛДОРДО ИШКЕ АШАТ?

Адамзатты системдик кризистен алып чыгууга кудурети жетик өйдөкү өбөлгөлөр жаңы цивилизациянын негизи жана бул негиз бул күндө байыркы Туран аймагында эми түзүлүп жетилип туру. Аны турмушка ырааттуу ашырып баштоонун гана машакаттуу жолу күтөт алдыда. «Манас цивилизациясы» эки этаптуу ишке ашырылышы мүмкүн.

Биринчи этап

Оболу Манас цивилизациясы өзүндө уйуйт, өзүн тааныйт. Ал төмөнкү багыттар аркылуу өтүүгө тийиш.

а). Тарых. Байыркы Туран мейкининде өткөн байтак тарыхты туу булактарга таяна кайрадан ачуу, таануу. Урал-Алтай, көңкү Кара Кытай элдеринин бирдиктүү тарыхына чыгуу.

б). Тил, Жазуу, Маданият. Байыркы Туран мейкинин жайлаган байыркы калктардын б. а. түрк, монгол, манжу, тунгус, корей, жапан, кара кытай, фин-угор көңкү тилин, көңкү жазуусун, көңкү маданиятын жаңы илимий деңгээлден кайрадан ачуу, жалпылыгын таануу, жаңы демде жайылтуу. Көңкү сырлуу жазууну (руника) заманга шай кайырып келүү.Урал-Алтаистика илиминин классиктеринин ишин системдүү улантып, аны жаңы деңгээлге көтөрүү.

в). Ишеним. Дил тушаган диний сенек догмалардан, тотукуш жаңы маңкуртчулуктан аздап арылуу. Туран аймагы Астана шаарында традициялуу өткөрүлө баштаган дин ишмерлеринин бүткүл дүйнөлүк курултайында Жаңы Чыңдыктын жарыя тааныла башташына жетишүү. Канда-Жанда агылган-кагылган Жан Жараткандын аабалкы чакырыгын угуу туйу. Транцендентал Аң-Ишеним тереңине уйуу.

ТЕҢ ТЕҢИРИНИН ТЕҢдигине ыкраар!

г). Илим. Транцендентал Аң-Ишенимге алгы сүйөнч, алды материалдык шаты- фундаменталдуу илимди фундаментинен кайра козгоп адамдын табият таанымын түбүнөн жаңырткан жердешибиз Самат Кадыровдун «Уңгуталаа» теориясын улантып иликтөө. Тарам-тарам табигый илимдердин күрдөөл өнүгүшүнө анын универсал жарыгын пайдалануу, жанарын чачуу, жаңы деңгээлге өрлөтүү. Жаңы деңгээлде барлык табигый жана гуманитар илимдердин башын БИРге уюткан бир парадигмага чыгуу, жаки, жаңы интеграл синтез беттеген жаңы рухо-материалий – ТЕҢчил багыт алуу.

д). Философия, Укукта. Жаңы БИР Илимдин нугунда субатомдук деңгээлден супер, метагаллактикалык, Ааламдык табигый бир мыйзамдын уңгусун таануу. Ошол универсалдуу уңгу мыйзамга ылайык адамзаттын жаңы коомун куруу. Кишинин – Үй бүлөнүн – Эл-Мамлекеттин бир туташ ыйык биримдигине моюн сунуу. Адамдын Укугун, анын Жеке Менчикке Укугун Элден-Мамлекеттен бийиктеген куу философиянын жолун буу, тескерисинче, Элдин-Мамлекеттин, Үй бүлөнүн укугунун Адам Укугунан Жолу Улуулугун жарыялоо, Киши – Мамлекет (Жеке – Жалпы) менчигинин шай ТЕҢдигин камсыздоо. Бир тарап глобализмдин куу куралы – «Адам Укугунун» Жеке Менчикке жашынган шайтандыгын айыптоо. «Демократия – Элдин бийлиги эмес, топураган, Элдин философиясынын бийлиги – аны аман асыраган» деген манастык асыл чындыкка чыгуу. Аймакташ мамлекеттерде ТЕҢчил (этноэкономикалуу) Конституциялардын түзүлүшүнө жетишүү. Ал негизде Манас Цивилизациясына тартылган мамлекеттер аралык мамилени чыңдоо.

ж). Геосаясат. Алтай бизге жанбоор түшүнүк, бөлүнгүс, түбү бир. Туран жайык түрктүн журту – бу күндө орус Алтайы, маңгул Алтайы, кытай Алтайы аталган мамлекеттик аймактарда бытыраан чачырап калган. Андыктан азыркы тарыхый реалиядан чыгып Евразия жайыгында славян калкы менен бирге Алтай ураанына уюу. Түп ата Түрктүн (Огуздун) жасаты жай алган Ысык-Көлдү (Ызык-Ыйык) жалпы түрк сыйынты, Туран ыйыгы (Меккеси) жарыялоо. Маңгул, Кытай алкагында камалган Алтай дилине ачылуу, ачуу тартуу. Алтай тил маданиятынын Ыраакы Чыгыштагы зор – корей, жапан калктары менен экономикалык, саясый, маданий, руханий бардык салаада тыкыз кызматташуу. Баба башатты кайыруу.

Алтай — географиялык гана эмес ириде бир туташ руханий борборлугун моюндоо. Анткени:

– Алтай – киндиги архетип чындыгынан эгерим үзүлбөгөн жандуу-тирүү Кут Ордо;

– Алтай – байыртан Борбор азиялык калктар кайнап, улам жанары жарылып жан жакка агылып, дүйнөтаанымы, ишеними, илими таралып турган Алтын Бешик;

– Алтай – дүйнөлүк диндердин баардыгына башат суналып берген Теңирчиликтин чыгыш мекени.

– Алтай – Чыгыш арийлердин да түп мекени, Теңирчиликтин эң соңку туу коргону — Чыңгызхандын жасаты жай алган акыркы жай;

– Алтай-рух илими түркий суфизм менен тереңден тепчилген, йассавия, бекташия, артыкча накшбандия жолу менен («көкүрөгүңдү-Көккө, колуңду ишке арна») мамырылаш тек. Алтай – туристтик инфраструктурасы: өнүккөн, рухий зыяратка күүлүү-демдер, соңку «дүйнөлүк» аталган диндердин таасиринен сырт, батыштык семитизм – антисемитизм оорусуна чалдыкпаган, алардын кир күрөштөрүнө тартылбаган, андан бийик, таза сакталган Ыйык Ишенимдин жайы;

– Алтай – кирдүү кол кармагыс, Жер, Суу, Тоо Ээси жаракатсыз, көөдөнү тунук, көкүрөгү тирүү, урбанизациядан сырт, кыз жытын сактаган аймак;

– Алтай – акырында «Манас цивилизациясына» эми атын, аа кошуп затын берип жаткан туу ыйык Манас атабызды жарыкка келтирген ТЕҢ Жер!

Андыктан ушул Кут конгон ысымга дем байлап, алтын тээк тутуп Манас атын, будан ары:

– «Евразия» концепциясынын буга дейре калыптана келген тар славянчыл калыбын жарып, азиячыл кең жайыгына чыгуу;

– Ишеним, тил, жазуу, тарых, маданий, философий жалпылыктарына таяна Туран (Урал–Алтай) элдеринин жаңы «Манас цивилизациясынын» керегесин калоо;

– Дүйнөнү куушуруп-шукшуруп бирден жеңип бараткан биртарап Батыш глобализмине тараза – жаңы «Туран–Алтай» гумандуу глобализмин альтернатив жарыялоо кажет-милдет!

Экинчи этап

Борбор Азияга башка аймактарды боорлоштуруп, «Манас цивилизациясын» тикелөө кезеңинде буга жанаша, дал эле ушул сыңары, тектик, тарыхый, диний, тил, маданий жана аймактык-экономикалык жалпылыктарына карай дүйнөнүн башка бир жерлеринде, башка бир цивилизациялык дөөлөттөрдүн алкагында дагы башка ирилешүү процесстеринин жүрмөгү ийги. Алар канчалык терең тамырлуу, ар башка континентте бакыбат кудуреттүү, жана эң башкысы – дүйнө бейкутчулугу үчүн бир бири менен мүдөөлөш-санаалаш турушса, анда биртарап глобалдаштыруунун таасири да ошончо кемийт, азаят. Көп тарап мамырылаштык байымдап, дүйнөнүн тең салмагын сактайт. Толерант, көп түрдүү мозаикалуулукта Дүйнө сулуулугу артылат.

Эске алаар жагдай; буга дейре эле дүйнөнүн ар кай континенттеринде өз ара интеграциялашып, ирилешүү процесстери жүргөн. Бирок алар көбүнесе, согуштук, саясый блок, не чылгый экономикалык гана кызыкчылыктарга байлангандыктан акыркы натыйжасы – бошоң. Цивилизациялык тагдырлаштык, диний философий тамырлаштык, идеологиялык санаалаштык, аймактык бейкут жалпы кызыкчылыктар бир болгон учурда гана ирилешүү ар бир бирикмеге өз өзүнчө ийгилик алып келмеги бар.

Аталган жалпылыктарына карай Дүйнөдө көп уюлдуу глобалдашуунун төмөнкүдөй ордолору болушу мүмкүн:

Алтай – Евразия уюлу;

Иерусалим – Жакынкы Чыгыш уюлу;

Непал – Азия – Тынч Океан уюлу;

Аахен – Европа уюлу;

Куско – Латын Америка уюлу;

Торонто – Түндүк Америка, Муз элдер уюлу.

Аталган уюлдар өз алкагында ийгиликтүү ирилешкени соң жанаша ирилештиктер менен саясый, экономикалык, идеологиялык теңата сый (паритет) мамиледе андан ары өнүгүүгө тийиш. Сый өнүгүштүн өзөгүндө — цивилизациялык ички өзгөчөлүгүн сактоо жана жалпы адамзаттык компромисттик нейтрал негизде тил табышуу турушу керек. «Нейтрал негиз» – баардык ири уюлдарды бириктирээр бийик, тең жай. Бул жерде чыныгы теория, чыныгы идеология, чыныгы философия сыналат. Чыныгы «Жараткан – Адам» жалпылыгына эгедери гана бийлик кыла алат. «Күлүктөн күлүк чыкса төрт аягы тыбырайт» деген кыргыз. Ал эми «күлүк идея», айтканбыз, адамзатты ал кабылган системдүү туташ дүйнөлүк кризистен буйдалбай сууруп чыга алаар идея! Жана да айтканбыз, жаңы жарыяланган «Манас цивилизациясында» ошол потенциал туру. Анын ишке ашаар-ашпасы – сизден, бизден, келечектен…

«Туран – Алтай» фонду ушул улуу максатты аркалап илгери үмүттө түзүлдү.

Ал Орусиядагы Эл Аралык «Алтай» борбору менен теңата кол кармашты.

Ал Туран элдеринин баарына ачык.

Ага Туран элдеринин баары теңата даражадагы «ТУРАН – АЛТАЙ» (б. а. Кыргыз – АЛТАЙ; Казак – АЛТАЙ; Өзбек – АЛТАЙ; Түркмөн – АЛТАЙ; Азери – АЛТАЙ; Түрк – АЛТАЙ; Уйгур – АЛТАЙ; Монгол – АЛТАЙ; Корей – АЛТАЙ; Жапан – АЛТАЙ; Угро-Фин – АЛТАЙ) бир уйуй алат. Жаңы Евразия ирилештиги, Жаңы Цивилизация куруу максатын аркалап. МАНАС атынан!

Ыйык Атабыздын ысмы, колдо!

Чоюн ӨМҮРАЛЫ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.