Бурят жомогу

Бир жылы жазында кедей киши токойдон отун даярдап аткан. Кокусунан эле чыгыш жактан бир күкүк учуп келди да, дарактын башынан үн чыгарды:
— Күн чыгыш таманга барсаң бир бийик тоо бар, ошол тоонун чокусунда чоң өгүздүн башындай алтын жатат…
Аңгыча түштүк жактан башка бир күкүк учуп келип, ал да баягы дарактын башына чыгып, минтип сайрады:
— Түштүк жакта бир кедейдин аялы ооруп атат. Анын үйүнө эки жылдык торпоктой чоң кара коңуз уя салып, ошол тиги аялдын канын соруп жүрөт. Эгер ошол коңузду өлтүрүп, анан аны өрттөсө, аял аман калат, болбосо өлөт!..
Бу күкүк ушинтип кетери менен куду анын ордуна батыш жактан башка күкүк келди да, боздоп сайрап кирди:
— Алыскы батышта бир балакет чыкты: булактар соолуп, дарактар куурап, чөптөр саргайып, адамдар менен жаныбарлар чаңкап өлмөк болду. Бул жерлерге суу берер булактын оозун чоң кара таш жаап турат. Эгер ошол кара ташты ордунан козгоп, булак көзүн ачса гана бул жердеги жандуу-жансыздар сакталып калат…
Ал күкүк да айтарын айтып, учуп кетти. Отунчу кедей ойлонду, ойлонду. Акыры баталгага балтасын матыра сайып, күн чыгыш тарапка жөнөдү.
Көп жүрдүбү, аз жүрдүбүз, кантсе да бийик тоого кездешти. Анын чокусуна көтөрүлдү. Өгүз башындай алтын тапты. Табылгасын араң көтөрүп үч айрылыш жолго алып келип, жерди казып, алтынын жашырды. Анан ал батышка жол тартты. Барып-барып күкүк айткан суусуз жерге кез келди. Отунчу бир алачыкка кирип, суу сурады эле үй ээси:
— Биз өзүбүз өлөр кезибиз келип араң турабыз. Бизге азыр бир тамчы суудан артык байлык жок! – деп койду.
— Мага жүз киши, жүз өгүз, жүз жер казар күрөк бергиле – силерге суу чыгарам! – деп сыймыктуу айтты жолоочу.
Ал улустун жашоочуларында арга кеткен эле. Кедейдин айтканын кылышты.
Отунчу аларды булак башына алып келди.
— Мына муну жылдыргыла, ошондо суу чыгат! – деди ал жүз жигитке карап тоодой болгон кара ташты көрсөтүп.
Жигиттер көпкө жанталашты. Адамдан өткөн амалдуу жок, акыры кара ташты жылдырды. Ошондо атырылып, мупмуздак, туптунук суу чыкты. Чаңкаган эл сууга кирди: ичти, киринди, суу чачышты. Анан малдары келип суусунун кандырды. Талааларга буруп кетти. Баягы кедей балага ырахматын жаадырышты. Аны өзү барам деген түштүк жакка узатып да коюшту.
Түштүктөгү улуска барып, ал өзүн табыпмын деп тааныштырды. Улустуктар ооруп аткан аялдын үйүн көрсөттү.
— Мына бул жерде эки жылдык торпок-танадай кара коңуз бар, ошону айдап чыгабыз! – деди отунчу ооруп аткан аялдын күйөөсүнө жана жарданып турган көпчүлүккө карап. Ошентишти. Коңузду кууп чыгып, аны өрттөп ийишти. Ошол мезгилде оо дүйнө көзүнө көрүнүп, тилден калган аял түзөлүп, сүйлөп, басып кетти.
Үйүнө кайтып келатып кедей отунчу баягы үч айрылыш жолдогу казган алтынын алууну да унутпады, а түгүл андан коротуп ээсинин – байдын карызын төлөдү. Байдын тамынын жанына келиштирип үй салды.
Сараң бай болсо буга таң калды. Отунчум кантип байып кетти деп санаа басты.
Кедей отунчу болсо сараң жана кардуу кожоюнунан өч алгысы келди жана ага кайра-кайра сурай бергенинен минтип салды:
— Бир жолу жээкте көңтөрүлгөн кайыктын астында уктап атсам суудан үч бейтааныш чыкты да, мага казына катылган жерди көрсөтүп кетишти.
— Аа, ушундай дебейсиңби?.. – деди да бай шек алдырбай чыгып кетти.
Кечинде ал да жээкке барып оодарылып турган кайыктардан бирди тандап, ошого жатты. Түн оой үч каракчы кайык жанында пайда болду да, алар тоо башына каткан алтынын кимдир бирөөгө алдырып жибергенин айта башташты.
— Ким алса да өлтүрөбүз! – деп убада кылышты. Ушул убакта кайык астында жаткан бай чүчкүрүп жиберди. Ары карап, бери карап каракчылар байды таап алды:
— Аа, мында жатпайбы биздин алтынды уурдаган! – деп каракчылар байды токмоктоп кирди. Урду, урду, акыры байды сууга ыргытып салышты.
Ошентип сараң бай сараңдыгынан өлүмгө кабылды…
Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.