Аңкоонун жакшылыгы жамандыкка бир тең

Ооган жомогу Бир шахтын шахы өзүнүн ак шумкарын абыдан аярлап, бапестеп сүйчү экен. Бир курдай шумкар кушу учуп кетет да, бир кемпирдин чатырына барып конот. Кемпир аны кармап алып, канаттууга таңгалып карайт. Карайт да, шумкардын тумшугу ийрейип калыптыр деп ойлойт. – Ай-ай, куурагыр! Мындай кыйшык тумшугуң менен жемди кантип чокуп жээр экенсиң? – деп мизи курч бычакты алып, тумшугун түп-түз кылып жонуп салат. Куштун ийри тумшугун түзөп салганына өзү ыраазы. – Мына, – дейт, – жакшы болду, эми жемди оңой […]

Хуан Рамон ХИМЕНЕС: Көлөкөлөр кандай үлбүрөк

Испан акыны, Нобель сыйлыгынын ээси Хуан Рамон Хименес Кожогелди Култегиндин котормосунда * * * Жашым ачуу кудум деңиздей, Канча үшкүрттү жаздын чырайы. Мен өзүңө азыр кезикпейм Сен кезикпей жүргөн сыңары. Көз жумамын, балким, солуктап, Кайгы-муңдун ушул кылаары. Мен ошентип такыр жолукпайм Сен жолукпай калган сыңары. * * * Лимон түстүү, асман, ай түстүү Букет-гүлү келген өзүнөн. Андан бери канча кар түштү, Азыр деле кетпейт көзүмөн. Бул керемет коштоп жүр өзү Буруксутуп жытын ах-кандай – Кыздын ошол кымбат суроосу Күтүп жообун […]

Олжобай ШАКИР: Жанбүдөгө салган сүйүү

АҢГЕМЕ I – Ало-о, саламатсызбы? – жагымдуу угулду телефондогу кыздын үнү. – Саламатчылык… Угуп атам, – каадалуу, салабаттуу үн катты берки. – Мен – S … тынчыңызды алган… – Йе, жакшы жүрөсүңбү, карындашым? – жароокерлене амандык сурашты берки. – Агай, сизге бир сунуш менен кайрылайын деп… – Эмне сунуш? – Берки Кемелдин кызыгуусу артып турду сунушка. Үн тааныш эле ага… Качанкы үн? … S айткан телефондогу сунуштан мурда аны менен бетме-бет кездеше тургандыгынын өзү Кемел үчүн эч күтүүсүз учур эле. […]

Зордун САБИР: Айлакер ажы

Автор тууралуу (1937 –1998) 1937-жылы Кулжа ооданынын Жаңы-Там айылында туулган. Башталгыч мектепти ошол айылда аяктап, 1957-жылы Кулжа педогогикалык окуу жайын бүтүргөн. 1957-жылы түндүк-батыш улуттар институтунда билимин өркүндөткөн. Кулжа шаарындагы № 2 орто мектепте, Шинжаң Эл басмасында, Шинжаң Жазуучулар коомунда иштеген. Бейжин Люшун адабият институтунда билимин өркүндөткөн. Кытай Жазуучулар союзунун мүчөсү. Уйгур элинин атактуу жазуучусу жүрөк оорусунан 1998-жылы Үрүмчү шаарында каза болгон. «Абрал шамалдары», «Изденүү», «Жерге махабат», «Ата» сыяктуу романдардын, ондогон повесть, аңгемелер жыйнагынын автору. АҢГЕМЕ Которгон Абдылда КАРАСАРТОВ …Макул балам, […]

Сынакка: Биздин айыл кулпунай менен кыпкызыл алмалардын мекени

№10 Менин атым Чыңгыз. Төрт бир тууганмын. Азыр Бишкектеги №5-гимназиянын 5-классында окуйм. Атам Данияр тогуз бир туугандын эң кенжеси анан эң боюу узуну. Атам дагы эки чоң атам, апчем борбор калаабыз Бишкекте жашайбыз. Калган беш чоң атамдар кичи мекенибиз Талас районунун Көк-Токой айылында турушат. Көк токой айылы Талас шаарынан эки аялдама арыраак жайгашкан. «Токоюм бойлоп баратсам, Суктантып мени караткан Көрөм деп келген адамдын Кеткиси да келбейт Таластан» — деп ырдаган Шекербек Шеркулов атабыз дал ушул биздин айылдан болорун атам айтып […]