№10

Менин атым Чыңгыз. Төрт бир тууганмын. Азыр Бишкектеги №5-гимназиянын 5-классында окуйм. Атам Данияр тогуз бир туугандын эң кенжеси анан эң боюу узуну. Атам дагы эки чоң атам, апчем борбор калаабыз Бишкекте жашайбыз. Калган беш чоң атамдар кичи мекенибиз Талас районунун Көк-Токой айылында турушат. Көк токой айылы Талас шаарынан эки аялдама арыраак жайгашкан.
«Токоюм бойлоп баратсам,
Суктантып мени караткан
Көрөм деп келген адамдын
Кеткиси да келбейт Таластан» — деп ырдаган Шекербек Шеркулов атабыз дал ушул биздин айылдан болорун атам айтып берет. «Таласым» деген ыр жогорудагы биздин айылга, менин айылыма арналгандай. Айылым жапжашыл, калың токойго курчалган. Талас жергесинде мындай калың токойго курчалган айыл аз.
Токой ичинде шылдыраган чоң суу суусунүңду кандырып, мээңди эс алдырат. Менин айылда жашаган беш чоң апам жазында жомоктогудай баштыкчаларына толтуруп, козу карын терип келишсе, толукшуп турган жай айларында, чакалап бүлдүркөн теришет. Анан да биздин айыл кулпунайдын, кыпкызыл алмалардын мекени. Айылдагы ар бир үй өз үлүш жерине, огородуна кулпунай айдашып, Тараз шаарына сатып, жакшы акча табышат. Анан ар бир үй-бүлө төө буурчак айдашып, жайлай маңдай терлерин төгүшөт. Күзүндө түшүмдөрүн жыйнашат. Күзүндө айылыбыз жомоктогудай. Ар бир үйдүн эшик алдында сапырылган сары жалбырактар менен чоң-чоң кызыл алмалар жайнап жатат. Токой ичи өзүнчө сапсары ааламга айланат.
Ар бир каникулда айылымдын сулуулугуна суктанып, чон аталарымдын акыл насаатына кулагымды кандырып, чоң апамдардын тамак-аштарына тамшанып кайтам. Ар бир айылдын өз сулуулугу, өзгөчөлүгү болот эмеспи. Мен Манас атам менен Чыңгыз атам таластык болгонуна сыймыктанам. Менин атамдын аты – Данияр. Апамдын аты – Жамийла.
«Бизди Чыңгыз атабыз жаратса, биз Чыңгызды жаратканбыз» деп атам көп айтат. Буйруса, чоңойондо айылым сыймыктанаар мыкты уул болгум келет жана алдыга койгон чоң максаттарым бар.
Данияр уулу Чыңгыз
Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы №5гимназиянын 5-классынын окуучусу

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.