АҢГЕМЕ

I
– Ало-о, саламатсызбы? – жагымдуу угулду телефондогу кыздын үнү.
– Саламатчылык… Угуп атам, – каадалуу, салабаттуу үн катты берки.
– Мен – S … тынчыңызды алган…
– Йе, жакшы жүрөсүңбү, карындашым? – жароокерлене амандык сурашты берки.
– Агай, сизге бир сунуш менен кайрылайын деп…
– Эмне сунуш? – Берки Кемелдин кызыгуусу артып турду сунушка.
Үн тааныш эле ага…
Качанкы үн?
… S айткан телефондогу сунуштан мурда аны менен бетме-бет кездеше тургандыгынын өзү Кемел үчүн эч күтүүсүз учур эле. Уктаса түшүнө кирбеген кездешүү го мунусу…
– Анда сиз менен кезигишүүгө качан убакыт болот, агай?
– Бүгүн шашылыш иштер менен бошой алаар эмесмин. Бошорум менен өзүм байланышайын, болобу?
– Мейли, качан убактыңыз болгондо алдын ала телефон чалып, биздин офиске кире кетиңиз. Телефон номурум ушул…
– Анда карындашым, көрүшкөнчө… – жанында колуктусу бараткан үчүн шашылыш ишине жөнөй берди, болбосо ушул жерден эле телефондон угулган жагымдуу үндүн жанына жетип бармак.
II
Кемел S отурган кабинетке баш бакты. Кара торусунан келген ажарлуу S экөө жайдары амандашты. Келиндин жоодураган көз карашына кабылып калды… Кемелдин көңүлүндө качанкы бир тумсак сакталган сезим оту дүрт жангандай тиктеди келинге. Кыйла жыл мурда Кемел бул компанияга бир келип кеткен. Андан соң кызматташтык мамиле боюнча эки-үч сапар удаасы менен каттаса керек эле. S анда бой турпаты келишкен секелек кыз болучу. Азыр андагыдан да азаадасы келишкен кара торунун сулуусу болуп чыга келгендей. Бул сулуу келин ошондоле тың-тарс, ошондоле байсалдуу элеси менен Кемелдин көңүлүнө өчкүс из калтырган окшойт. Көңүл аздегине айланып, ышкысын козгоп койгон жаш кызга батынып сөз айтыш кайда ал кезде.
Менменсинген сулуулук дымагы, текебердик жаш курагы ал кездеги Кемелди теңсинет беле, жокпу…
Азырчы…
S тарапка анда да тымызын тиктеген. Азыр да тымызын…
Экөө буга дейре бири-бирин сырттан гана тааныган кишилердей жылымтык мамиледе саламдашып калышчу.
– Агай, сиз менен үзгүлтүксүз кызматташуу боюнча шарттарыбызды азыр такташып алалы, – S жетекчилик мүнөзү менен сөздү дароо ишке бурду.
Бул компаниядагы бир кездеги секелек кыз эми минтип иш билги жетекчи болуп чыга келгенинен улам; убакыттын тездигине Кемелдин ичи тыз деп алды. Канча жыл мурда S менен капыл-тапыл кездешкени көз алдына даана элестээр эмес. Бирок назарына бир илинген бойдон далайга дейре сезимине чок салып койгон болучу. Кийин үзүл-кесил кезигише калып жүргөн ошондогу кара тору секелек сулуу кыз эми минтип маңдайында отурат. Кыйла өзгөрүүнү туйду. Келишимдүү кара тору келин болуптур. Сүйрүсүнө сүт, бөксөсүнө эт толгон секелек кезиндегисине караганда бой-келбети эми дадил сук арттырар аялзат болуптур. Көзгө толумдуу.
S колуна карматкан келишимге көз жүгүрткөн Кемел, кагаздагы шарттар менен таанышып отургансыды, бирок маңдайындагы кара тору сулуу оюн удургута берди. Көңүлү өткөн чактарга байланды. Бир саамга сүкүт чалган кишидей көзүн жумуп, те качанкы S азыр кандай өзгөргөнүн, андан бери карай канча убакыт өткөнүн акыл аңынан аңтарып тапчудай эсин эшитти. Баары бүдөмүк. Эс тутумунан эч нерсе иле албады. Мунарык суунун түбүнө чөгүп кеткен асыл таштай баары жылт-жулт жанат. Эч бири карматар эмес. Элес да. Мезгил да…
Көз алдында S турат бир кездеги: шыңга бойлу, жарык маңдай, жылмайган эрдинен көрүнгөн тиштери акак мончок шурудай…
А маңдайындагы келин курагы келишкен мезгилдеги S болсо өткөн чактан бейкапар отургансыйт.
Кемел жанбүдөгө түшкөнсүдү.
S…га кадала тиктеди эми. Баягыле жоодураган көздөрү. Ажары сүйкүм азаада го түгөткүр кара тору келин.
Кызык: алгач көргөндөгү секелек кара кыз анда канча жашта болду экен да, азыр солкулдап турган  келиндин жашычы?..
Демейде ар бир иштен кылдан кыйкым издей берчү Кемел жок азыр: колундагы келишимге анчалык деле үзүлүп түшүп таанышууга кунту тартпады. Маңдайындагы S…га тымызын тиктеген сайын: жүрөк түпкүрүндөгү качанкы арзуу сезими кайрадан даргөйүн козгоду. Керенелүү кеп баштай албай отурду. Эмне деп баштамак кепти? «… сени жактырып жүрчүмүн» деппи? Секирбейби андале тиги келин. «Мурдале ажарлуу элең, азыр андан даа…» деп жагаалданса бекен? Жок. Минткени мырзалык наркка жатпас кылык көрүнөт ко келинге. Андале көрүнгөн кыз-кыркынга напсиси бош эркектердин бириндей кара тору келиндин көңүлүн оорутуп алаар. Баамында: S жеңил мүнөз ойсокелерден эмес. Кантип мукмасалын билдирсе экен…
Кемелдин абалы кебезде оролгон кызыл чоктой быкшыды. Окус тиги азгырыктай кара келиндин оозунан жылуу кеп чыгар болсоле; бу кургурдун жүрөк жалыны үүлөсөң дүрт дечү тамызгылык оттой араң турат жанганы. S аны туйбай отурбайбы…
– Келишимге алымча-кошумчаңыз барбы, агай? – S…нын көз карашы кылыктуу беле, жокпу?.. Кемелге ошондой көрүндү.
– Эмне кошумчалайт элем, баары сонун түзүлүптүр. – Кемел S…га маңыроочалыш немедей көрүндү бекен.
– Анда бу жерге кол коюшалы, – S көрсөткөн пунктка кол коёрдо манжалары билинер-билинбес титиреген Кемел өзүн өзү келиндин көзүнө жыландын алдында арбалган бакадай сезди.
– Ушу менен бүттүбү келишим? – деген Кемел ишкерликке жөндөмү жок, мурдунан жетелетме аңкоодой туюлбады бекен келинге.
– Бул жерге да колуңуз керек, – деген чыйрак келиндин сөөмөйү көрсөткөн ак баракка кол коёр Кемел өзүн өзү анык жүдөө немедей сезип, ыңгайсызданды. Өнө бою нымшый түштү.
– И, баса, эстегенде… Мен азыр юристке кирип бирдеңкени тактап коёюнчу. Жүрүңүз сиз дагы, – S…нын артынан жүүнү бош немече ээрчип жөнөдү.
Кара тору келинге чылбырсыз жетеленип бараткан өзүн өзү тилдеди: «Эмне болбурайсың?! Сага бүгүн эмне болгон, старик?»
Шарт-шурт кадам шилтеген кара келиндин тулку боюна сугун арта тиктеди арка жактан ээрчиген эрен. Юристин кабинети анча алыс эмес белем, S далистеги каалгалардын бирине баш багары менен эле артына кайтты.
– Юрист азыр ордунда жок экен.
Артынан ээрчип келаткан Кемелдин көөдөнү кара келиндин тирсийген көкүрөгүнө аз жерден кадалып калбай, ордунан тык токтой калды. Ой басып келатты эле да…
– Убактыңыз кандай? Юрист келгиче, күтөсүзбү?..
– Убактым кенен эле, – деп айтып алды. Бирок бир аз мурда « бүгүн убактым тар» дебеди беле келишим түзөр кагаздар эртеңкиге созулбасын үчүн…
«Убактым кенен» деп айтаарын айтып алып, өзүнө өзү далисте кыжаалаттанды Кемел.
– Мейли, силерге эртең деле кире кетейинчи, болобу? – алдыга озуп кеткен S…га суроолуу кадалды.
– Анда эртеңден калбаңыз э, агай…
III
Кабинетте S менен маңдай-тескей дагы бир кыз отурган экен. Бүгүн кара келиндин алдында кечээгиден чечкиндүү болом деген Кемел бейтааныш кыздын көзүнчө кызматташтыктан тышкары сөз козгой алгыдай эмес… S…нын көңүлүн өзүмө тартам деген үмүткөрлүк менен келген эле бүгүн. Иш боюнча чолок-чолок сүйлөшүүдөн канагаттанбай, ар нерсенин башын чалып дагы биразга отургусу келди. Отура бергени оңдой берди болду акыры, тиги кыз телефондон компаниянын иштери боюнча кардарлар менен сүйлөшүп, бир жакка жөнөп кетти. Кемел бейчеки сөз козгоодон тайсалдап, компаниянын S башкарган бөлүмүнүн ишмердүүлүгү туурасында мактоо кебин жылжытты адегенде. Чынында S жетектеген бөлүмдүн иши мактоого алаарлык эле… Бирок андан бөлөк оңгулуктуу сөз учугун улай албады. Тиги кыз кабинеттен чыгып кетерин эңсеп отурган Кемел эми анык тилин жутуп алган бечарага айланды.
– Кардарларыбызды нааразы кылбаганга аракет кылып атабыз, – деген S бүгүн тоң мүнөз көрүндү.
Кемел сөздү кантип жеке мамилеге бурарын билбей отурду. «Ушуну менен биздин келишим кагаздар бүттүбү?» деп сурайт эле, бирок сурагысы келбеди. Андале «ооба, агай, бүттү» деп сыртка узатып койсо кантти? Кайра келерге шылтоо табылабы, жокпу?.. Бу жерге дагы кайтып келип S менен кездешүүгө тагдыр буйруйбу? Жакында буйрубастыр…
– Бул жерде иштегениңе канча жыл болуп калды? – «Мына, оңтойлуу суроону таптым» деди ичинен.
– Он беш жылдай болуп калыптыр, байке, – буга чейин агай деп аткан кара келин «байке» деди бу мерте.
«Агай» дегенине караганда «байке» дегени ортодогу сезим көпүрөсүн жакынсыткансып турду… Мурда S…нын оозунан байке дегенин укчу. Кээде «агай» деп ага өтө жаш кыздар кайрылат… Ушул эки сөздүн бири чоочунсутуп, бири жакынсыткан сезимде угуларын Кемел эми туйду.
– Убакыт деген кандай тез? – кара келиндин жүрөгүнөн ностальгия күүсүн козгогусу келди. Үшкүрүнүп да алды.
– Убакыт ошон үчүн убакыт да, агай… – суз жооп болду мунусу.
S терезеден сырт жакты тиктеди. Жаз эле… Кемелге ал тоң мүнөздөй көрүндү.
Качанкы арзуу сезимин туйдурарын билбеген кургур өткөн-кеткен мезгил туурасында ортодо сөз уланса деди дилинде. Кечээ жана мурда да шайыр мүнөз көрүнгөн S…нын бүгүн кабагы салыңкыбы же Кемелге ошондой туюлдубу, негедир кара келин бүгүн салкын мамиле кылгандай, экөөнүн кеби сала-сал бүттү.
S менен сүйлөшүүгө ышкыдары артып турса да ордунан копшолуп, кетүүгө камынды.
– Жылдыңызбы, байке? Келип туруңуз көбүрөк, кеп-кеңеш бөлүшүп…
IV
Кемелди уламдан улам убайым басты. Мурда да, эми да S…га арзуу сезимин билдире албаган өзүнө өзү таңгалды. Түйшөлдү. Бирок бу сезим ага өтө жагымдуу боло баштады күндөн күнгө. Адам насилинен ажырабас бу эмне сыр экенине түшүнбөдү. Чечкинсиздикпи? Жандүйнөсүн табышмак аралап, эки ача алеңгир. Алмончоктой сүйкүмдүү да, жантуйгу колуктусу турат. Изгиликтүү жаншерик анысы. А неге качанкы көңүл назарына илине калган секелек кыз кыйла жылдардан кийин минтип кара тору келин болгонунда капилеттен кайрадан кездешти да, даргөйүн ээлеп алды?..
Ышкысы түшүп, астыртан көз салып жүрчү секелек кара тору сулуу кызга ашык болуп жүрүп, бирок сөз таштай албаган. Андан бери арадан канча жылдар өткөндөн кийин унутта калган арзуусу тамызгы оттой кайрадан жанганыбы?.. Же мунусу эркек тананын табиятындагы сулуулукка болгон бузук напсиби? Же эркектин ургаачыга кумарланткан эле жапайы сезимиби?.. Жообун табар эмес.
S анын түшүнө да кирди. Көргөн түшүн эстеп, ууртунан жылмайып ойгонду. Көзүн ачып, эбедейи эзилди. Дуңку сезиминде жакшы түш экенин туйду. Бирок эч жоруй албады. Чечмелегиси келди. Өзү жоруй албаган түштү чечмелөөгө китептер жардам берчүдөн бетер ордунан туруп барып, дубалда шыкалган китептердин арасынан Эрих Фроммдун «Забытый язык» аттуу эмгеги сууруп чыкты. Мурда окулган бул китепти кайрадан барактап баштады. Түйүндүү сырдын ачкычы китептин арасынан табылчудай элөөрүп убара болду көпкө. Жооп таппады. Фрейдди аңтармак болуп, кайра айныды да, бул түшүн бирөөгө айтып бермек болду. «Сүрөтчүлөргө барып, түшүмдө көргөн кереметти апапакай полотного сүрөт кылып тарттырсам бекен?» – деди бир ою. «Сүрөтчүгө эмне бар, акын таап ыр жаздырсам бекен?» – деди башка ою. Ушул ою жакты. Акындардын бирине барып, S…га арнап поэма жаздыргысы келди.
Жуунуп-таранып, шам-шум оозанды да, жөнөп кетти бир жакка…
V
Тажырыйбалуу акындарды сураштырып жүрдү чакан шаарда. Бир канча акынга кайрылды поэма жаздырмакка. Көбүнүкүн жактырбады. Адабиятта өздөрүн акын санаган жалаң графомандар менен профандар толуп алгансып көрүндү Кемелге.
VI
Акыры бирөөсүнө гонорар төлөп жаздырган ырдын мынабул саптары купулуна толгонсуду:

Кирпигиңе ийилген
кар апапак үйүлгөн,
түшкө кирдиң карындаш,
ак гүл терип жүгүргөн.

Билегиңде билегим…
Кыш, жаз сымал – илебиң.
Ушул түштү өңүмдө
көргөн күндү тиледим.

Ак кар неси көргөнүм?
Ак гүл неси тергениң?
Же кыш эмес, жаз эмес…
түш жоруп: ой термедим.
Өз түшүн кандай айтып берсе, дал ошондой сүрөттөптүр акын. Кудум түшүндө көргөнү ыр саптарына түшкөнүнө кудуңдаган Кемел эми S…га барып, арзуу сезимин туюнтмак болду. Учуп жеткиси келди. Шашып жөнөдү. «Качантан берки арзуумду эми айтпасам элеби! Айтканда да ыр менен жүрөгүн ойготом!» – деп дилинде кубанып баратты.
Ырды кара тору сулуу келиндин алдына таштады.
S алдында жаткан саптарды окуп чыкты да, мурчуюп калды бир саамга. Негедир ойлонгондой, толгонгондой, өңү тамылжып барып, кайра кебездей кубарды. Кара келиндин бирдеңкеге ачуусу келгендей, бүшүркөй түшкөн Кемелге мыскылдуу кадалып:
– Мага ушул эле мазмундагы ырын арнаган бир агайдын саптарына сиздики да опокшош го, байке! – деди да, колундагы ак баракты четке түртүп койду.

Май, 2017-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.