Бекташ ШАМШИЕВ: АША «эски оюнчуларды» өзү менен кошо «ала кетери» өтөле опуртал оюн

Белгилүү адабиятчы жана публицист Бекташ Шамшиев менен учурдагы саясый кырдаал туурасында маегибизди сунуштайбыз… Саясат – Сиз менен көрүшө элегиме көп болуп кетти. Өзүңүздү сагындым, сөзүңүздү сагындым, Бекташ байке. Убактыңыз тар экенин билем, бирок ошентсе да адабият жаатында, бүгүнкү саясый кырдаал боюнча кеп куруп бере аласызбы? Арийне, «Азаттыкта» иштегендер бардык окуялардын чордонунда жүрбөйсүздөрбү… Сиздин оюңузча, сөздүн ток этер жери кайсында? Кепти ошондон баштап берсеңиз… — Сөздүн ток этер жери барып-келип эле саясатка такалып атканын сурай албай турусуң го, Олжобай. Чейрек кылымдан […]

Күнөстө өскөн кызыл гүл

Бурят жомогу Ушул эле бурят талааларында кайсыл бир мезгилде бир киши жашаптыр. Анын аты Наран-Гэрэлтэ экен. Бул сөздү кыргызча которуп айтсак «Жаркырак Күн» дегенди билдирет. Анын сөз менен айта алгыс ажайып чырайлуу кызы бар экен. Анын атыбы? Азыр айтамын. Анын аты – Наран-Сэсэг. Кыргызчасы – «Күнөстө өскөн кызыл гүл». Анан бир жолу. Ушул бир жолу деген эле жаман да, ээ балдар? Ошентип бир жолу атасы менен кызы бейпил жашап жаткан улуска бир бай лама алыскы бир монастрдан келип калат. Ал […]

Ден-соолуктун түбүнө жеткенден кийин ойлонбой, алдын ала ойлон!

Биздин шартта, биздин коомдо баарыбыз ден-соолук камын ойлонбойт экенбиз. Оорубуз качан гана уйкубузду алып, тынчыбыз кетмейин врачка кайрылуу оюбузга да келбейт. Мен да өз ден-соолугума карабай, көртирилик деп жүрүп, уйку безим менен ашказанымдын оорусунан уйку бетин көрбөй калган элем. Акыры ак халатчандарга күнүм түштү. Алардын жазып берген дары-дармектери убактылуу жанымды жай алдырганы гана болбосо, оору улам кийин тынчымды алып жүргөн кезде өзүбүздүн Жалал-Абад шаарынан дартыма дабаа болор ден-соолук чыңдоочу атайы борбор бар экенин элден угуп, бирок башында анчалык ишенкиреген эмес […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Апокалипсис (кыямат кайым)

АҢГЕМЕ Бул жарык дүйнөнүн ада болору кыштын кыраан чилдесине туш келди. Түн качан түшөрүн такташты, Күн жалп этип бир заматта өчүп каларын айтышты. Динчилер “Тоорат”, “Забур”. “Инжил”, “Куран” китептерин көтөрүп чыгышты, жарык дүйнөнүн түгөнөрүн дин китептеринде жазылгандарга таянып, бир ооздон ырасташты, бирок кыямат кайымдын келер мезгили Кудайдын өзүнөн бөлөк эч ким билбейт дешти. Окумуштуулар эки жаатка бөлүндү: бири Күндүн энергиясы бир нече миллиондогон жылдарга жете тургандыгын, Күн эч качан жалп этип өчпөрүн айтып, эсебин көрсөтүштү; экинчи топ Күн жалп этип […]

Улутуңдун уңгусун сакта

Улуттун уңгусун тили, кийими, маданияты түзөт. Анткени тили, кийими, маданияты болбогон улут да улутпу. Бир элди башка элден айырмалап, улут деген аталышка ээ кылып турган тили. Тил – улуттун жүзү, ар-намысы. Тилдин жоголушу улуттун жоголушу дегендик. Азыркы мезгилде эне тилдин бузулушу өтө көйгөйлүү маселеге айланууда. Улуттун тилинин бузулуу проблемасы дүйнө элдерин түйшөлтүп, эчен кылымдарды карытып келет. Кечээ эле, бир кылым мурда орус элинин тилге болгон мамилесин мисалга тартсак жетиштүү болор. Алар ошол учурда французча билбеген орусту экинчи сорттогу адам катары […]

Мухтар Ауэзовдун 1952-жылы «Манас» боюнча өткөн конференцияда сүйлөгөн сөзү

Данакер Бүгүнкү өтүп жаткан конференцияда биз биринчи иретте төмөнкү суроолорго жооп берүүгө тийишпиз: Советтик кыргыз элине «Манас» эпосу керекпи же жокпу? Анын варианттарынын бириктирилген туундусу болушу мүмкүнбү же жокпу? Эгерде мүмкүн болсо, бул ишти кандайча жол менен ишке ашыруу керек? Ушул суроолорго жооп алгандан кийин гана «Манасты» окуп, изилдөө жана анын жаралуу доору жөнүндөгү суроолор коюлганы туура болот. Ошентип, менин оюмча, бул сөзүмдө бая айтып өткөн ошол үч суроого жооп берүүгө милдеттүүмүн. Мен кабыргасынан койгон биринчи суроо – бул кыргыз […]