Белгилүү адабиятчы жана публицист Бекташ Шамшиев менен учурдагы саясый кырдаал туурасында маегибизди сунуштайбыз…

Саясат

– Сиз менен көрүшө элегиме көп болуп кетти. Өзүңүздү сагындым, сөзүңүздү сагындым, Бекташ байке. Убактыңыз тар экенин билем, бирок ошентсе да адабият жаатында, бүгүнкү саясый кырдаал боюнча кеп куруп бере аласызбы? Арийне, «Азаттыкта» иштегендер бардык окуялардын чордонунда жүрбөйсүздөрбү… Сиздин оюңузча, сөздүн ток этер жери кайсында? Кепти ошондон баштап берсеңиз…

— Сөздүн ток этер жери барып-келип эле саясатка такалып атканын сурай албай турусуң го, Олжобай. Чейрек кылымдан бери кабат-кабат убадаларга карк тоюп, качан оңолобуз суроосу менен жашап келатабыз, бул канчага созулат дегенди сурайын деп турат окшойсуң? Баары эле башкаруучуга эмес, карапайым калкта деле анча-мынча жоопкерчилик болуш керекпи, дегенди айталбай турат окшойсуң. Азыр суроо көп, жооп аз. Туура, оңолуш деген жалгыз эле башкаруучуларга байланышкан маселе эмес, ага калктын жаратмандык ышкысы кошулганда гана жыйынтыгы чыгат. Биздин алдыга жыла албай жатышыбызга балакеттүү жемкорлук будоо, аткаминерлик май талкан бизнеске айланып кетиши чоң тоскоол болуп атат деп айтылып эле жаткансыйт. Бирок да орус агайындар айтмакчы “Васька баарын угуп, бирок чулчуңдап” жечүсүн жеп атпайбы. Ал го ал болсун, бизде демократия орноп калганын мактаныч катары баса белгилеп, жаныбыздагы кошуналарды жакын жуутпай, авторитардык бийликтеги өлкө деп атын укканда ай асмандан кетчү элек. Мына революциясы жок, бизге окшош парламенттик башкаруусу жок Өзбекстан ири жүк ташуучу автоунааларды, автобустарды чыгарчу завод салып коюптур. Эгемендиктин алгачкы жылдарында алар кореялык заводду тикелеп, анысы арзан, үнөмдүү жеңил автоунааларды чыгарып келе жатат.

Биздеги революциянын арты менен эки ирет бийлик алмашты, жеринен куулган  мамлекет башчылары мусапырчылык күнүн көрүүдө. Алар кетсе эле оңолчудай өрөпкүдүк эле, эми дагы кайра эле мурдагы суроолрго капталып турабыз. Бийликтен куулган адамдын ордун баскан кийинки башкаруучу өткөндү сындоо менен кыйла убакты-саатын кетирип, көзгө көрүнөрлүк иши жок, кандай иштердин өтөлүн алганын эл алдында айтып берүүгө жарабай ордун таштаганы турат. Кыргызстандагы жоопкерчилиги жок кызмат ушул, өкмөт башчысын, мүчөлөрүн чакырып ишти сурайт да өзү эмне иш кылып жатканын эч кимдин алдында айтпайт, жадесе парламент алдында билдирүү жасабаган  жыргал жумуш ушул. Мунун баары непадам өлкө кескин экономикалык өнүгүүгө жетише алса, элдин турмушу оңолсо, кедейчилик азайса, сыртка агылган мигранттар агымы сээлдесе азыркыдай оркоюп ортого чыгып калбай, эрен-төрөнү билинмек деле эмес. Президенттин эл алдында жооп бербеген, кенен десең кенен, бийик десең бийик бийлигинин алдында сот, парламент, аткаруучулардын бардыгы деле билинбей, ыраматылык Дооронбек акем айткандай, кожоюн эмне десе да өзү билет болуп, калаты системага туш келип, ооз ачкандан чочулап отурганыбыз деле чын. Мындайда парламент баш көтөрүп, көптүн көөнүндөгү ишти айтышы керек эле. Ал жерде каш кайтарчу эл өкүлү жок окшойт. Чечкиндүүсүн абакка отургузуп, калганына иш козгоп кыйласынын жүрөк суусун алып койду окшойт. Азыркыга салыштырмалуу Аскар Акаевдин тушунда мыйзамчылардын таасири күчтүү болчу, коомдук маанилүү маселелер ачык талкууга салынчу.

Кыргызстандын кендирин кескен көйгөйү ырааттуу экономикалык өнүгүү жолуна түшө албай, тапкан кирешесинен чыгашасы арбын болуп, ортодогу жетишпестикти сырттан алынган карыз акчалардын эсебинен жаап,  мамлекеттик карыздардын көлөмүнүн жыл санап көбөйүп баратышы болууда. Бул азыркы бийлик мындан жети жыл илгери берген убадасын аткара албай калганын билдирет. Мамлекет башчысы опсуз байлыгын айтканды жакшы көргөнү менен, бюджеттик чыгашалардын көбү катары калын мамлекеттик чиновниктерди кармоого, алардын ыгым-чыгымына кетүүдө,  экономикалык орчун маселелер көбүнесе баам сыртында калууда.  Экономикалык күнкорлуктан көтөрүлө албаган өлкө башкаларга үмүт артып, өзгөлөрдүн этегине эрмешип оокат кылат.  Ишке жарамдуу калктын теңинен көбү четте жүрсө, экономикалык өнүгүшү жыл сайын кашаңына тартып, кедейликтен кутула албай келатса, эл башкарат деген азаматтарыбыздын убакты-саатынын көбү  саясый талаш-тирештерге жумшалып, бийлик тизгинине илешип калууга байланып отурса абал кантип өзгөрсүн.

Алты жылдан бери өзүнө чейинкилерди, бийлик атаандаштарын келиштире сындоодон башка Атамбаев эмне кылды, деген суроо ушу тапта айкүрүнөн коюлуп турган чагы. Мамлекет башчынын карапайым калк эсинде калган айрым бир образдуу салыштыруу, курч сөздөрүнөн, атаандаштарынын баарын саясат талаасынан “шыпырып”, өзү менен чогуу “алып кетеринен”, айрым маалымдоо каражаттарына, журналисттерге олчойгон айыппул доого жыгуу аракетинен башка иштери мындайда эске түшпөй, жалаң сөз дайрасында калкып келаткандай таасир калтырат.

Туура, Түндүк-түштүк автожолу салына баштады. Ашуусу көп, ойрума-буйрумасы арбын Бишкек-Ош жолу ары-бери чубаган транспорт агымына туруштук бере албай калган. Жаңы жол бүтүп калса эки ортодо каттаган жүргүнчүлөргө жакшы болорунда талаш жок. Мурдагы бийлик тушунда башталган “Датка-Кемин” энергетикалык долбоор аягына чыкты, а бирок ошол эле мезгилде курулушу башталып, жарым-жартылай жумуштары калган “Камбарата – 2” ГЭСине көңүл бурган киши деле болбоду. Кыргыз-Кытай темир жолун, ара жолдо калган “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр, санап чыкса арабөк калган иштер биртоп эле.

Журналисттер

– Бир кездеги маектерибиздин биринде акын-жазуучулар бийликтин кол баласы болуп келгенин кеп курган элек. Бул тема азыркы күндө да актуалдуу. Баамымда: азыркы бийлик болсо журналисттерди кол бала кылып алгандай. Президент Атамбаев журналисттерди «ушакчы» деп зекигени менен бирок дал ошол ушакчы журналисттерди өзүнүн тегерегине топтоп алды көрүнөт. Тескерисинче, журналисттик милдетине жоопкерчиликтүү карагандар бүгүн президенттин жемесине көбүрөк кабылып аткан жокпу? Акыйкат үлүшү кайсыл тарабында көбүрөк деп ойлойсуз?

— Өзү бийлик Олимпинде кандай иштер жасалып жатканын угармандар менен көрүүчүлөрүнө көбүртпөй-жабыртпай  жаңылыкты маалында айтып турган атайын журналисттер тобу көп өлкөлөрдө бар. Андай жөрөлгө Орусияда кыйла жайылган. Кийинки жылдары ал жерде эркин делген маалымдоо каражаттарын орустун байлары сатып алышып, ушу тапта үркөрдөй эркин маалымат таратуу булактары гана калды. Басса-турса “улуу аганын” жасагандарын тууроону жакшы көргөн биздин аткаминерлер да эркин делген айрым маалымат каражаттарын “алдына салып” ушу тапта бийликке каш кайтаргандарга каршы айдактап келатышат. Саясат болгон жерде ушундай амал-айлалар жасалат экен. Ким кимдин сөзүн сүйлөп, кантип камчысын чаап атканын көрүп деле аткан болушуң керек. Саясый күрөш атаандаштык өкүм сүргөн жерде маалымат каражаттарынын жаат-жаатка бөлүнүп кетмейи бар. Эркин маалымдоо каражатын “жүгөндөп” алуу саясаты деле утурумдук нерсе. Кожоюндун акчасы түгөнгүчө, кызыгы таркагыча каржылап, колдоп-жөлөйт, анан бир күнү баары токтолот. Калыстыктан тайбаган, чын сөздү айтып келген маалымат каражатынын атаандашы да, каршылашы да көп болушу мүмкүн, бирок да калың журт окурман, угарман журтунун ишенимине арзып алганы — чоң олжосу. Угарман журтун дайым алдап, көзүн жазгырып кетүү мүмкүн эмес.  Көпчүлүк ак менен караны так ажыратып, “иттин өлүгү” кайсы жерге көмүлгөнүн жакшы билет.

Анын үстүнө азыр маалымат каражаттарынын атаандаштыгы абыдан курчуду, соцтармактын опсуз жайылып кетиши гезит-журналдардын окурмандарын азайтты, теле көрүүчүлөрдүн санын суюлтту. Мындай жагдайда айрымдар  бийлик башчысын мактоого марытуу акылуу нан таап жесе, башкалары оппозициянын таламын талашып, бул жаатта пикирлер менен көз караштардын ар түрдүүлүгү кадыресе жанданып калды.  Айтса, Акүйдүн 7-кабатына ким келсе ошону жерге-сууга тийгизбей мактагандар, кайсы бир наам же сыйлык үмтөтүп үлкөндөргө үзүлө түшүп кошомат жаадыргандар буга чейин деле журналисттер арасынан арбын чыкчу, мындан кийин деле алардын катары азайбайт болуш керек деп ойлойм. Ким бийликте турса ошону көкөлөтүп мактоо, ошондой эле ыклас менен кийинкисине кошомат кылуу айрымдардын журналисттик “эн-белгисине” айланып калды окшойт.

Мындай көшөкөр кошоматчылыктын бетпардасын учурунда Салижан Жигитов ачып берип, келиштире куйкалаган эле. Ага кызыккандар болсо Алым Токтомушев чыгарган “Салижан Жигитовдун сабактарынан” окуп алышар. Ар ким ошентип өзү каалаган жол менен нан таап жейт экен,  андайлардын аты-жөнүн жарыя айтып, келекелештин пайда-зыяны канчалык экенин деле айтыш кыйын.

“Кой аксагы менен миң” демекчи, кесиптештеримдин арасында журналисттер атына көө жапкан, утурумдук кызыкчылыкка арбалгандар, бийлик акырынан жем жеп, ага кылапат айткандарды баса калчу “арзыматтар” деле аз эмес. Бирок көпчүлүк журналисттер өз ишин барктап, “төртүнчү бийликтин” баркын түшүрбөй келатканы деле чындык. Учурдагы кыргыз медиа мейкиндин чыныгы абалын аныктачулар мына ушулар деп ойлойм.

Жазуучулар

– Совет мезгилинин капасынан бошонгон кыргыз адабияты, маданияты көзкарандысыз эгемендикке жеткен күндө деле төрт тарабы кыбыла болуп кеткенин туйбадык. Кайра улам бийликке болгон көзкарандылыгы улам артып бараткандай. Маселен, мамлекеттик сыйургалдарды оңду-солду таратуу менен азыркы бийлик мурдагы эки бийликтен да алдыга озуп кетти. Бул саясаттын түбүндө эмне жатат? Чыгармачыл интеллигенцияны саясый саресеп менен бооруна тартуубу же чындап эле адабият, маданиятты колдоп өстүрүү аракети деп ойлойсузбу?

– Баскан-турган жеринде уккан адамдын кыйлага эсинен чыккыс таамай кепти тарс айтып салчу Салижан Жигитов агабыз “коммунисттик капас”, “цензура” дегендер  жаңы замандын катаал шартынын жанында шоона эшпей каларын айткан жайы бар. Жазган ырынын сабына жараша, кара сөз болсо басма табагына баалап калем акыны олчойто төлөп, ал китептердин өткөн-өтпөгөнүнө карабай жазуучулар журтун мундурбай багып келген совет бийлиги жок болгондон бери деле чейрек кылым өттү. Бирок да көнгөн адаттын алеки саатта жоюлуп кетиши кыйын экен. Аз илгерээк бийликтен акча үмтөтүп, ага эрикпей арыз-арманын айтчулар арбын эле, азыр андайлар дээрлик жокко эсе. Мурдагы президент Акаев илим адамы болчу, Бакиев го чарба жагынан келиптир, Атамбаев кыргыз жазуучуларынын арасынан чыккан, кыйласынын чыгармаларын орус тилине оодарып ошондон нан таап жеген инсан го. Ал киши тапкан кирешесинен бөлүп көптөн бери “Арашан” чыгармачылык үйүн каржылап келатат. Айтса, Атамбаев аз илгерээк бапыраган сыйургалдардын санын азайтмак болуп, айрымдарын токтотуп койгондой болду эле, бирок да кийинки кездери узун тизмеге учкаштырып сыйлыктарын байма-бай тапшырууда.

Мамлекет атынан андай сыйлардын көрсөтүлүп турушу биралды туура эле. Андай сыйургалдар баштагыдай кайсы бир жеңилдиктерге, карыганда алынчу пенсиясына таасир көрсөтпөйт деле экен. Экономикалык оорчулуктун айынан мамлекет пенсия өлчөмүн кантип көбөйтүүнүн аргасын таппай олтурат. “Казанда болсо чөмүчкө чыгат” дейт ко, мына ошол казанында чөмүчкө чыгар “майы” аз болуп жатат окшойт. Азыр китеп жазыш кыйын деле эмес. Китептин өтүшү, окурманын табыш опсуз оор проблемага айланууда. Маалыматтан баш адашкан заманда китеп окуп, анда жазылгандарга ишенип, көркөм адабий дүйнөнү кадырлагандар жыл санап азайып баратат. Кыргызда китеп жазгандар арбын болгону менен, арасынан көркөм сөздүн кадырын көтөрчү, окуган адамды артынан ээрчитип кетерлик нукура “элдик китептер” аз болууда. Андай элдик бийик сыйургалга Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылары” туш келди окшойт. Шакең китебин өзү сатып “оозеки рекламанын” аркасы менен ал китепти алыстан издеп келип баасына карабай алып кетчүлөр арбын экен, ушу тапта дагы кайра чыгарсамбы деп отуру. Мындай ыкыбалга кыргыз жазуучуларынын арасынан чыккандар аябай эле аз, аларды беш манжа менен санап берсе болот.  Мына өзүң деле китептериңди сатып, жазуучулуктун жаңы заман тушундагы түйшүгүнө аралашып калдың го, Олжобай. Улут адабиятыбыз мындан 10-20 жылдагыга караганда кадыресе жанданып, китеп маданияты аз да болсо көтөрүлө баштады окшойт. Менде ушундай ой пайда болууда.

“Азаттык”

– 2010-жылдан кийинки бийлик «Азаттыктагы» кесиптештериңиздин көбүн кызматка тарта баштаганда коомчулукта: «Азаттык» – «бийликтин отдел кадыры сыяктуу уюму болуп баратат» деген пикирлер жаралды эле, бирок бүгүнкү күндө кол үзүштүңөр окшойт. Дегеле, коомдун алдыңкы катмары эсептелген, чындыктын тили менен сүйлөгөн интеллектуалдык көрөңгөсү толук адамдарды бийлик дайыма өз тарабына тартып кетүү аракети Акаев заманынан бери уланып келет. Акаев заманын билесиз, эң мыкты адабиятчылар, илимпоздор президенттин өтө жакын адамдары болуп калышкан эле. Мүмкүн ушундай тенденциядан улам кыргыз коомчулугунда абийирдүү интеллигенция калыптанбай келаткан жокпу? Арийне, коомдук өнүгүүдө интеллектуалдык көрөңгөсү бай, акыл чөйчөгү толук чөйрө калыптанган жерде өнүгүү болот эмеспи. Себеби коомдун ошондой катмары гана бийликке сын айта алат, чындыкты жеткирип турат. А бизде андай катмарды бийликтегилер сүттүн үстүндөгү каймакты сыйыргандай шыпырып турганы эмне берип атат бизге?

— “Азаттыктын” мыкты азаматтарынын бийликке тартылышынан эч ким зыян деле тарткан жок. Кийинки эле мисалдардан айтайын, калеми курч журналист Жанар Акаев бийлик тизгинине аралашкандан кийин баштагы принциптеринен тайбай, калыс сөзүн айтып келатат. Ал үчүн партиялаштарынын кодулоосуна туш келди. Бирок акыйкатты туу туткан азамат жигит экен, партия баштыгынын ачкыл-кычкыл сөздөрүнө карабай парламенте курч маселелерди коюп, калыстыгынан жанбай келатат. Аида Касымалиева деген дагы бир мыкты кызыбыз да олуттуу маселелерди козгоп, парламенттеги орундуу сөз, олуттуу проблема козгоого жарамдуу үркөрдөй эл өкүлдөрүнүн катарына кошулууда. Сен айткан интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрүнүн бийликтин жогорку тепкичинде отурушунан коом эле утат эле. Мисалы, бийлик билермандары Эсенбай Нурушевди, Нарын Айыпты, Тынчтык Чоротегинди, Кыяс Молдокасымовду, Машакбай Рахманкуловду, Рысбай Абдраимовду, Айданбек Акматовду, Шайырбек Мукарамовду бооруна тартып, акылын, тажрыйбасын пайдаланса жакшы эле болмок. Бийликте адабият менен журналистикадан баргандар аз эле. Азыркы бийлик эгедеринин жанында чыгармачыл интеллигенциянын мыкты өкүлдөрү болсо кийинки кездеги осол иштердин кыйласы болмок эмес беле деп ойлоп кетем.

Багыт

– Сиздин божомолуңузда азыркы бийликтин алабарман кадамдары өлкөнү кайда жетелеп баратат? Кайрале авторитардык бийликкеби же парламенттик башкаруу системасын чыңдоогобу? Атамбаевдин ниети, ишараты парламенттик башкарууну чындап эле оң жолго салууга багытталганына ишенесизби?

— Тикелей сурооңо тикелей эле жооп берейин.  Президент Атамбаевдин жасаган иштеринин баасын, албетте, убакыт менен тарых берет. Атамбаев колунан келишинче, мүмкүнчүлүгүнүн болушунча, мына жетинчи жылга аяк басып баратат, өлкөбүз үчүн иштеп жатат. Логикага караганда эмоцияга жакын чыгармачыл адам экен, оюндагысын жашырбай шар айтып, көзү жеткен ишти өзү жасаганды жакшы көргөн, бирөөлөр кандай кабылдайт экен деп аяк-башын карап этияттанбаган, кыйла эле өжөр, анан да тежик киши окшойт. Анын жаш кезинде ыр жазганын, котормочулук менен алектенгенин, жазуучулар биримдигинин фондун башкарганын, өз жанынан бир топ калемгерлерге көмөк көрсөткөнүн уккан жайым бар. Ал эми Аскар Акаев алыстан туруп алып жайып аткан орусиялык миллиондордун Атамбаевге тиешеси жоктугун да билген кишилерден уккам.

Ал эми саясат  жагына, бийлик талаасын “тазалап”, эгемендик заманды ээрчип келаткан “эски оюнчуларды” өзү менен кошо “ала кетерин” жарыя кылышына келсек, бул өтөле опуртал оюн деп айтар элем. Ким билет, аяк-башын ойлогон сак адам болсо мүмкүн мындай ишти көмүскө жасар беле. Атамбаев баарын ачык айтып, ачык жасаганды жакшы көрөт шекилдүү.  Эми ал айтканын аткарып саясат талаасынан атаандаштарын сүрүп чыгабы же бул бийлигине таянып жасалган сес көрсөтүүбү – муну да алдыдагы убакыт көрсөтөт. Саясый оюндун жазылбаган эрежесин жактырган киши болсо минтип Бакиев бийлигин кулатууда жанында жүргөн саясый өнөктөштөрүн куугунтукка албайт болчу, президенттик шайлоо алдында опуртал жагдайды түзбөйт болчу. Мамлекет башчысы саясаттан кетирем десе эле атаандаштары колун куушуруп кетип калышса жакшы, антишпесечи?  Оппозициянын туусун желбиреткен Өмүрбек Текебаевди жети жыл катылып жатып капыс чыга калган айыптоолордун аныгына жетелекте абакка отургузуштун кажаты бар беле деген суроо да ачык  туру. Иши кылып, ушул жана башка суроолор эртеби-кечпи ушу тапта бийлик тизгинин мыкчып отургандарга берилбей койбойт. Ал эми алардын жасап аткандары парламентаризмди күчөтөбү суроосуна деле так жооп айтыш кыйын.

Ушу тапта Кыргызстан кабылып жаткан окуялардын баары 2010-жылкы Конституциянын натыйжасы. Арабөк системага ошол кезде жол чабылган. Эл тарабынан шайланган президент күч бийлигине толук ээлик кылары, жасаган-эткендери тууралуу калк алдында же парламентчилерге келип жооп бербестиги негизги мыйзамдан чыккан алешемдик. Андан чыгуунун бир жолу – Кыргызстан же президенттик, же парламенттик жолду тандап алуусу керек. Ансыз ушинтип арасат абалда тура беребиз.

— Ал үчүн дагы конституциялык реформа жүргүзүү керек деп айткыңыз келип турабы?

— Ансыз болбойт. Арабөк жолго мындан 7 жыл илгери түшкөнбүз. Мына партиялык өзүмчүлдүк кандай болорун да көрдүк. Акыры бир партиябы же экөөбү, мунасага келген саясый күчтөр өлкө жоопкерчилигин алыш керек да акыры.

Аңгемелешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.