Эки аялдуу бака

(Африка элдеринин жомогу) Америка жазуучусу Эшли Брайандын “Африка жомоктору” китебиндеги бул чыгарманы түпнускадан которгон Амирбек АЗАМ уулу Эми силерге эки зайыбы бар бака Кумбуто жөнүндө айтып берейин. Ал биринчи аялына “Күнүм” деп, экинчи аялына “Айым” деп ырдап берчү. Ал “оп” деп абага бийик секирчү. Жана көчүгүнө ыктай отурчу да эки бутун тырбаңдатканды жакшы көрчү. Анан да ордунан өпөңдөп өйдө секирип, кайра “бамп” этип ылдый түшчү. Кайра “оп” деп өйдө секирчү. Ал эки аялы болгонуна аябай сыймыктанар эле. Бир күнү ал […]

Лев Николаевич ТОЛСТОЙ: Хаджи-Мурат

Лев Николаевич ТОЛСТОЙ (1828–1910) Ясная Полянада графтын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Казань университетинде окуган (бүткөн эмес). 1851–1854-жж. Кавказда аскер кызматын өтөп, ошол мезгилде «Бала чак», «Өспүрүм кез» повесттерин жазып, ошол замат үлкөн реалист жазуучу катары таанылган. Аскерден соң өмүр бою Ясная Полянада жашаган, кедей балдар үчүн мектеп ачып, педагогикалык журнал чыгарган. 1863–1869-жж. Жазган «Согуш жана тынчтык» романы менен дүйнөгө улуу жазуучу катары таанылган. «Анна Каренина», «Пейилдин оңолушу» романдары, «Хаджы Мурат» өңдүү повесттери, пьесалары, адеп-ахлак жана коомдук-социалдык маселелер боюнча жазылган жүздөгөн макалалары кызуу […]

Чыңгыз АЙТМАТОВ: Ауэзов жөнүндө сөз

Жыл өткөн сайын көзүбүз жетип, ынанып жатпайбызбы: бул жалганда баары өтүп, баары өзгөрүп турат. Жазмыштагы жан бүткөндүн баарына түгөл таандык бул мыйзам кала берсе алда качан көзү өтүп, аты-жөнү урпактардын эсинде жүргөн маркумдарга карата айтканда да маанисин жоготпойт. Алар үчүн убакыт, арийне кыйыр түрдө – биздин аң-сезимибиз аркылуу өтүп жатат, алар үчүн тарых да ушинтип уланып жатат. Мындай деп айтканым, мезгил аттуу фактордун эч кимдин кадыр көңүлүнө карабаган, эгерим өзгөрбөс жана шексиз болбой койбос мерездик жайы бар. Башкача айтканда, ал […]

Ризван ИСМАИЛОВА: Бөдөнөпуруш

АҢГЕМЕ Айылдан четирээк төшү жайкалган дөбөнүн этегинде ылай пакса менен урулган коргондун ичинен бирөө чыкты, эки жагын абайлай каранып, одуракай бөзгө оролгон бирдемени колтугуна кыскан бойдон тез-тез кадамдады. Түн көшүп, уйкуга маташкан көзүн ача албайт. Тыптынч. Ылдыйраактагы бирине-бири моюндашкан үйлөрдөн анда-санда иттин арсар үргөнү угулат. Жарыктык ай, уурту жарылгандай аппак нурларга чөмүлүп лаззаттуу балкылдайт. Айдын жарыгы чочуттубу, баягы киши пахта талаанын этегиндеги тыт катардын далдоосуна өтүп алды. Кез-кез келме келтирип коет. Бутунун кончуна бычакты салдымбы деген кыязда эңкейип өтүгүн кармалады. […]