Күн, Аяз жана Шамал

Украин жомогу Жолоочунун жолунан үч караан кезигип калат. Аларды көргөн жолоочу: – Кутмандуу күнүңөр менен! – деп өтүп кетет. Тиги үчөө «саламды сага эмес мага айтты» болуп өз ара кыжыңдашып, жолоочунун аркасынан бирөөсү жүгүрүп жетип сурайт: – Сен үчөөбүздүн кимибизге кутмандуу күн кааладың? Жолоочу таңгалып сурайт: – А силер ким болосуңар? Тигилердин бирөөсү айтат: – Мен – Күнмүн! Башкасы айтат: – Мен – Аязмын! Үчүнчүсү айтат: – Мен – Шамалмын! – Шамал болсоң, демек Шамалга айттым кепти. Күн айтат анан […]

Олжобай ШАКИР: Инстинкт

АҢГЕМЕ-ПРИТЧА (Мүдөөлөш иним Урматбек Жакшымбетовго арнайм) I Там түбүндө аптаптуу күндүн ысыгынан акактап тилин салаңдаткан ит жатты. Айлана жым. Теребелде чымчыктардын гана лаззат сайраганы угулат. Ит башын көтөрдү да алда неге бейпайлана кыңшылап, кайра тынч алгансыды. Тынч ала түшкөнү көпкө созулбады. Текетукаланып ордунан кайра турду. Кыңкыстап-кыңкыстап, улуй баштады. Чокчоюп отуруп Көк-Теңирге улуду. Теңир укту үндү. Жараткан күч да итке алкышын жаадырып, буйругун берди аткарууга. Кумайык тукуму муну аткарбай коё албайт эле… – Э башыңды жуткур! Чык… – үйдөн сыртка баш […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Клуб

ЭТЮД Айылдын капортосундагы чоң, эски клуб берекелүү, пейили кенен энеге окшош эле. Айылдыктардын баары анын ичине батып кетет. Клубдун эски кыйчылдаган эки ачылма жыгач эшигине анда-санда гана чоң кара кулпу илинип калбаса, көбүнесе ачык турат. Көчөдөн ары-бери өткөндөр клубга бир баш багып кетишет. Клубдагы болуп жаткан иш-чаралардан эч ким калгысы келбейт эле. Клубда колхоздун райиси келгендеги жыйналыштан тарта Фрунзеден, Оштон келген артисттердин концерттери, спектаклдери, аларды туурап ансамбль түзүп ырдаган, спектакль койгон мектеп окуучуларынын оюн-зооктору өтөр эле. Бул чоң клуб Советтер […]

Аман САСПАЕВ: Бүгүнкү кытай авторлору байыркы кыргыздар жөнүндө

Элүүнчү жылдары Үрүмчүдөгү «Эл басмасында» бирге иштешкен уйгур жолдошторум «Кызыл-Суу кыргыз автоном областы жөнүндө обзор» деген кытай тилинде бир китеп жиберишиптир. Китеп 1985-жылы жарык көргөн. Окуп көрсөм, кытай авторлору кыргыз областынын боштондуктан кийинки жалпы абалына кеңири токтолуп, кыргыздардын байыркы тарыхына да бир аз орун беришиптир. Байыркы кытай жылнаамаларына (летопистерине) таянып, кыргыздар жөнүндө эмнелер айтылгандыгына кызыгуучу окурмандар үчүн кыргыз тарыхына тиешелүү тексттерди которуп жарыялоону ылайык таптым. Байыркы гунндар менен түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын тарыхын изилдөөчү окумуштуулардан кытай булактарына кайрылбаганы жокко эсе. […]

Зияш Бектенов Мухтар Ауэзов жөнүндө

1946-жылы «Манас» эпосунун юбилейин өткөрүүгө камылга көрүп жаткан кезибизде, «Манас» жөнүндө жазылган илимий изилдөө макалаларга редактор болсун жана «Манас» эпосунун томдорун басмага даярдоодо «Манастын» редколлегиясына консультант болсун деп, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, атактуу «Абай» романынын автору, Казак илимдер академиясынын академиги, казак элинин атактуу жазуучусу Мухтар Оморханович Ауэзовду Фрунзеге чакырган элек, анткени ал 1920-жылдардын экинчи жарымында, өзү Ленинград университетинин аспиранты болуп жүргөн кезинде, жайкы дем алыштарында, 1928–1929-жылдарда эки жылы удаа Фрунзеге келип, биз окуп жаткан борбордук педтехникумдун мурдагы завучу, кийинки директору […]