№11

Улам чоңойгон сайын ар бир өспүрүм болочогу тууралуу кыялданып дагы, кооптонуп дагы ойлоно баштайт экен. Мен кичинекей кезимден эле китептерди, жомокторду окуганга абдан кызыкчумун. Жомоктордун түрдүү каармандары менен чоңойдум. Менин китепке болгон кызыгуумду байкаган атам залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 8 томдугун сатып берди. Мен анда жетинчи классты аяктаган учурум эле. Жайы бою каникулда Айтматовдун көп чыгармаларын окуп чыктым. Каармандардын кубанычына кубанып, кайгысына ыйлаган күндөрүм болду. Айрыкча күйөөсүнөн, үч баласынан, келининен айрылып жалгыз бой калган Толгонайдын тагдыры абдан кейитти. Абдан таасирлентти.

Мен Айтматовдун көп чыгармаларын окуганга чейин келечекте журналист болгум келчү. Бирок бул чыгармаларды окугандан кийин менин келечектеги кесип тандоом өзгөрдү. Түрдүү адамдар, мүнөздөр, тагдырлар, окуялар менин туюмумду өзгөртүп, режиссер болуу максаты жаралды. Мен да бир иштин жаратманы болгум келе баштады. Бир топ жылдар мурун биз төрөлө электе Айтматовдун чыгармаларынан сонун тасмалар жаралган экен. Андан бери канча замандар өттү. Мен чоңойгондо таптакыр башкача кылып, жаңыча кылып Айтматовдун чыгармаларынан шумдуктуудай өзгөчөлөнгөн тасмаларды, сериалдарды тарткым келе баштады.

Азыр тасмалардын, Түрк, Корей ж.б. элдердин тасмаларына, актерлорунун образ жаратканына, кийингендерине кызыгуу менен карайм. Анан дагы азыр баары жетиштүүдөй көрүнгөнү менен запкы көргөн түрдүү тагдырлар бар. Балдар үйүндөгү, ооруканалардагы түрдүү оору менен ооруган бөбөктөрдү көргөндө, балдарын бапестеп багып, жашында мээнеттенип карыганда кадимки таштандыдай балдарынан түрткүлөнгөн карыларды, адамдардан эле ар кандай кордук көргөн алсыздарды, энелерди, балдарды көргөндө жүрөгүм ооруйт. Аларды даректүү тасма кылып чагылдырып, жалпы элиме тартуулагым келет. Тасмалар менен улам жетилип келе жаткан муунду жакшы жакка, ыймадуулука, боорукерлике чакыргым келет. Мектепти аяктаганча дагы көп кызыктуу китептерди окуп, өзүмдүн жан дүйнөмдү байыткым келет.

Сиздердин «РухЭш» сайтындагы жомокторду кызыгуу менен окуйм. Биздин үйдө же башка тааныштарымдын китеп текчелеринде деле кыргыз тилинде «Кыргыз эл жомокторунан» башка кыргызча жомок китептер жокко эссе. Сиздердин «РухЭш» сайтынан дүйнө элдеринин кызыктуу жомокторун окуган сайын кубанып, жаңы жомокторду күтө берем. Биздей өспүрүмдөрдү, бөбөктөрдү кубандырган жамаатыңыздарга ийгилик каалайм!

Данияр кызы Назирабегим

Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы №5-гимназиянын 8 т-классынын окуучусу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.