Эки тыйын жөнүндө еврей жомогу

Үйүндө бир сындырым наны, отун-суусу да жок өтө кедей жашаган еврей болуптур. Бир күнү кыш чилдесинде ал бечара үйүнө араңдан зорго эки тыйын таап келип, колуктусуна айтканы: – Өх, мына, өлүп-талып эки тыйын таап келдим, тезирек барып ушуга отун сатып келе калчы. Колуктусу кудуңдап базарга жөнөйт. Бирок базардагылар отун үчүн эки тыйындан да алда канча көп акча сурашат. Болгону бир гана карапайым дыйкан төрт тыйынга бир таңгылчак отун берерин айтат. Тиги бечара аял ар кимден карыз сурап жалдырай баштайт, бирок […]

Акутагава РЮНОСКЭ: Түпкүрдө

Которгон Назгүл ОСМОНОВА НОВЕЛЛА Соттук төрөнүн сурагында отунчунун айтканы Ооба. Өлүктү мен таптым. Бүгүн эртең менен адатымча, тоолор жакка жыгач кыюу үчүн жөнөп кеттим. Ошентип, тоо түбүндөгү токойчодо өлүк дене жатыптыр. Кайсы жерде дейсизби? Болжол менен Ямасинге кеткен жолдон төрт-беш чакырым алыстыкта. Бул бамбук дарактары солкулдак жаш криптомерия дарактары аралашып өскөн элсиз жер. Сөөктүн кийгени жеңи ачык бозомтук-көгүш чапан менен эски эбоси шапкеси экен, мындай биш кийимди борбордо гана кийишет. Сөөк чалкасынан жатыптыр. Иш мындай болуптур, анын денесинде бир гана […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: Акылман Айтматов арсыздарга алдын ала айтып койгон…

2013-жылдын сентябрь айында, “Чынгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата” деп, кытайлык кыргыз жазуучулары жергебизге келгени эске түшөт. Аларды дипломат калемгер Асанбек Токтогулов экөөбүз Шекерге коштоп бардык. Боордошторубуз береги Төө-Ашуу, Суусамыр, Өтмөк, Манас Ордого ушунчалык суктанышат, “Айтматовдун Шекерине качан жетебиз” деп дегдешет… Атаңдын гөрү, биз кембагалга “колдо бар алтындын баркы жок”, а конокторубуз Шекерден кеткиси келишпейт. Айтылуу “Дүйшөндүн багында” Ильгиз байке эс алып жүргөн экен, Чынгыз абакебиз тирилип келгендей эле тегеректеп алышты. Кыскасы, кытайлык туугандар Ч.Айтматовду пайгамбардай урматташаарына кайра мен таңгалып, суктанып […]

«РухЭш»: Чыгармачылык таймашка чыгууну каалагандарга адабий конкурс!

ЖОБО Кыргыз адабиятынын казынасын байытуу максатында котормо жанрында эмгектенген калемгерлер үчүн конкурс жарыялайбыз. Арийне, учур адабиятында котормо жанрына көңүл бурулбай келаткандыгын эске алдык. Аныгында: дүйнөлүк адабияттын өрнөктүү тажрыйбасын өздөштүрүү салты эгемендик жылдарынан бери калып келди, андыктан ушул багытта чыгармачылык таймашка чыгууну каалаган калемгерлер, камынгыла! Жалпы байге фондубуз – 100 000 (жүз миң) сом. 1-орундун жеңүүчүсү деп табылган үч адамга 15 миң сомдон – жалпы 45 миң сом. 2-орундун жеңүүчүсү деп табылган үч адамга 10 миң сомдон – жалпы 30 миң […]

Лев Николаевич ТОЛСТОЙ: Хаджи-Мурат (уландысы)

<<<<<<<<<<<<<<Башы Которгон Заир МАМЫТБЕКОВ ПОВЕСТЬ XIV Жыйырманчы декабрда согуш министри Чернышовго Воронцов французча төмөнкү катты жазды: «Сүйүктүү князь, абалы Хаджи-Муратты эмне кылууну чечип алалы деп, соңку почта менен сизге кат жазбадым. Менин ден соолугум эки-үч күндөн бери көп анчалык жакшы эмес. Мен өзүмдүн акыркы катымда Хаджи-Мурат бизге келди деп сизге кабар кылдым эле. Ал Тифлиске сегизинде келди, эртеси аны менен тааныштым. Сегиз-тогуз күн аны менен сүйлөшүп, кийинчерээк бизге анын кандай пайдасы тиет, айрыкча ал азыр өзүнүн үй-бүлөсүнүн тагдыры жөнүндө көп […]

Өзүнүн ким экенин көп аялдын изине түшкөн эркектер билет

Владислав ГЖЕЩИК (1935), поляк сатириги Эң коркунучтуу балээ – адамзат тагдыры адам баласынын колунда. * * * Өзүнүн ким экенин көп аялдын изине түшкөн эркектер билет. * * * Ух, узун сөздүүлөр көп, аз сөздүүлөр аз! Владислав ГЖЕГОРЧИК (?), поляк афористи Баардык нерсенин арты – күүгүм. Бир гана түндүн арты жарык. * * * Тагдыр бизди өмүрдүн жарымына чейин сүйрөп келип, жарымынан соң аркабыздан түртөт. * * * Даанышмандардын чектөөсүнө чектелген даанышмандар да болот. * * * Чынжырланган дөбөт гана […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: Жер муштаткан жөө ырлар

Эң алгач сөз болгон дешет. Сөз нугунан ашып-ташканда ырга айланган. Ыр-эргүүнүн, кыялдын, сезим толкунунун перзенти. А биз ырдын пири, дүйнөлүк падышасы — «Манас» жараткан элбиз. Дегеле, кыргыз сүйлөсө да ырдай элпек, уйкаш, уютуп, эргип сүйлөйт. Орустар муну «Стихи в прозе» дейт. Улуу «Манасты» да кара сөз түрүндө айткан манасчылар болгон кезинде. Жөө чечен, жөө жомокчу дейт андайды. Жөө ырлар деле ошондой. Жөн жеринен жаралбайт… * * * Таң сүрөлек, уйкум качат. Айнектен дир-дир этип, асманда жылдыз жанат. Түн ортосу. Түнөрөт […]

Раиса КЫДЫРБАЕВА: «Манас» эпосунун катаал бир учуру

1952-жылы июнь айында «Манас» эпосуна арналган чоң авторитеттүү окумуштуулардын, жазуучулардын, коомдук ишмерлердин кеңири чөйрөсүнүн катышуусу менен илимий конференция болуп өткөн. Конференциянын алдында бир гана суроо, «Манас» эпосу элдикпи же элдик эмеспи деген бир гана суроо коюлган. Конференцияга катышкандар бул суроого же оң, же терс жооп бериш керек болчу. Маселенин ушундайча коюлушу «Манас» эпосунун тагдыры кыл учунда деген сөз эле. Ошол мезгилдеги эпоско карата болгон саясый кырдаалды эске келтирсек, калмак элинин «Жаңгары», өзбек элинин «Алпамышы», азербайжан элинин «Деде Коркуту», казак элинин […]